«КЫЗЫЛ КӨЙНӨКЧӨН» ЭКРАНДА

Көл кылаасында кы­­­­зыл көйнөкчөн ке­лин тууралуу аңыз бүт Кыргызстанды дүң­гүрөткөнү эсиңиз­де болсо керек. Эми ошол окуяны экрандан көрүү мүм­күнчү­лүгүнө ээ боло­суздар.
Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынан чыккан жигиттердин (Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов, Санжар Абдыжапаров) эмгегинен жаралган тасма чын эле кызыгууну жаратчудай. Тасманын башында титрде “Бул видеоматериал биздин колго капыстан тийди. Учурда бул иш дагы деле тергөөдө. Окуяга тиешелүү адамдардын ичинен бири гана тирүү калып, ал азыр психиатриялык ооруканада. Биз, болгону, видеону монтаждап эл алдына алып чыгууну туура көрдүк” деген маалымат жазылат. Кыргыз киносундагы коркунучтуу тасмалардын катарын бул тасма толуктамакчы. Аталган тасма 14-майдан баштап кинотеатрларда коюла баштайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bermetina
2011-05-16 11:37:23
Кайсы кинотеатрда болот экен?
0
ascasheri
2011-05-17 16:08:01
Эрнест Абдыжапаров ийгилик дагыда кино жарата бергиле
0
Аида
2011-05-20 02:13:54
Тушунгон жокмун бул чын эле болгон окуя бекен?3 жолу окуп тушунбодум.
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан