Бир бүркүм... ӨЛКӨБҮЗДҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ 125 МИЛЛИАРД 500 МИЛЛИОН СОМ...

  • 2011-жылга карата өлкөбүздүн тышкы карызы 125 миллиард 500 миллион сомго жеткенин Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.
  • Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акинеев: “Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү майлар, макулдашууга ылайык, бажы салымысыз келип жатат”,- дейт.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстанда согуштун 1979 жана ооруктун 8380 ардагери бар.
  • 10-майда Кыргызстанда улуттук валютанын жүгүртүүгө чыкканына 18 жыл толду. 1993-жылы 10-майда алгачкы улуттук валюта – 1, 5 жана 20 сомдук банкноттор менен 1, 10 жана 50 тыйындар чыгарылган.
  • Бишкек шаарында 10-майдан 10-июнга чейин ысык суу убактылуу өчүрүлдү.
  • 7-майда мөндүр аралаш катуу жааган жамгыр Талас облусунун кант кызылчасы жана буурчак себилген 400 гектар айдоо аянтын жууп кетти.
  • 11-майда кечки саат 10дор чамасында 5-каналдын парламенттик кабарчысы Самат Асиповду белгисиз үч адам катуу сабап кеткен.
  • Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровдун соттук иши соттук отурумга анын жактоочулары жана жабыр тарткандар келбей калганына байланыштуу 19-майга жылдырылды. Батыровго «июнь айындагы улут аралык кагылышты уюштурган» деген айып тагылууда.
  • Ош шаарынын Катта-Сай массивинен 621 кишиге жер тилкеси берилет. Бул үчүн 91 гектар бөлүнгөн.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кеңсе менеджерлери, ландшафт дизайнерлер, үй жыйноочулар, ошондой эле сатуучуларга талап жогору экендигин Кыргызстандын жаштарынын эмгек биржасынын директору Азис Идрисов билдирди.
  • Маданият жана маалымат министрлиги Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Маараке 20-майда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат.
  • Бишкекте 21-май күнү СССРдин Эл артисти, улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын туулгандыгынын 85 жылдыгына карата залкар талантты эскерүү кечеси өткөрүлөт.
  • Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 250 миңден ашуун кыргыз жашайт.
  • «Быйыл туристтик сезондо бул тармактан өлкөгө 500 миллион доллар киреше түшүүсү күтүлүүдө»,- дейт Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан