“Акчаң болсо танкасың” дегенге катуу ишенип, “эч ким тийише албайт” деп жүрүшкөнбү, айтор, Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун акиминин орун басарынын милдетин аткаруучулукка жасалма дипломдор менен ишке орношкон кызматкерлер кармалышты. Кызматкерлердин бири Кыргыз агрардык университетинин «Айыл чарбасынын инженер-механиги», ал эми экинчиси Кыргыз улуттук университетинин «Экономист» адистиги боюнча жасалма дипломдору менен 2010-жылдын 27-апрелинде райондук администрацияга ишке алынган. Булар көрсөтүлгөн күндөн тартып ушул убакка чейин бири 190 миң 85 сом, экинчиси 184 миң сом өлчөмүндө эмгек акы алышкан. Муну менен алар мамлекетке 374 миң 85 сом зыян келтиргендигин Мамлекеттик каржы полиция кызматынын Талас облусу боюнча башкармасынын кызматкерлери аныктап чыгышты.
Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 350-беренеси боюнча (Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу) кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.