11-май күнү «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө каршы добуш беришти. Анткени аны өзгөртүүгө тарыхый да, объективдүү да негиз жок деп эсептешет. Мамлекеттик символдорду өзгөртүү демилгесин көтөргөн “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаков “желектин кызыл болушу канды билдирет” деген оюн ортого салса, Өмүрбек Текебаев: “Эгер сиздин көзүңүзгө кан көрүнүп жатса, анда дарыгерге кайрылыңыз. Биз “7-апрелде депутаттын түшүнө кан кириптир” деп бүбү-бакшылардын деңгээлине түшүп, көрүнгөн ырым-жырымдарга ишенбешибиз керек”,- деп какшыктап алды. Мындай сөздү уккан Самаков да жөн калбай: “Эмне, кызыл ленталарды илүү ырым эмеспи?”- деп жообун узатып, партиялаштарына нааразычылыгын билдирип жыйындан чыгып кетти.