Алмазбек Атамбаевдин «ошондо мүмкүн мени Кулов ууландыргандыр» деген сөзү интернет булактарында жайылып кетти. Мындай маалымат Кыргызстандагы АКШ элчилигине тиешелүү документтен келип чыгып, чуулгандуу «Викиликс» сайтына шилтеме берилген. Анда 2007-жылы 17-майда Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен жолуккандыгы айтылат. «11-май күнү К.Бакиев жана М.Садыркулов менен жолугуп, бир стакан шире ичкенмин. Ушундан кийин дароо эле өзүмдү жаман сезе баштадым»,- деген өкмөт башчы мунун баарына Куловдун тиешеси бар экенин билдирген. Шектүүлөрдүн арасында казак президентинин күйөө баласы да бар.
Учурда Атамбаев коалицияны бекемдей албай убара. ЖКдагы «Ар-намыс» фракциясынын депутаттары өз алдынча коалицияга кирип жатканы менен, алардын катарында Кулов көрүнбөйт. Экөөнүн тил табыша албаганына чындап эле ушул ууландыруу окуясы себеппи?