Бир бүркүм... «ДОРДОЙ» ЖЕҢИЛҮҮГӨ МАЖБУР БОЛДУ

  • 15-майда Словакияда аяктаган хоккей боюнча 75-дүйнөлүк биринчиликте Финляндия курама командасы финалда Швецияны 6:1 эсебинде утуп, чемпион аталды. Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште чехтер орусиялыктарды жер каратты (7-4).
  • Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона БАЭнин “Аль-Васл” футболдук клубунун башкы машыктыруучулугуна дайындалды.
  • Испания чемпиондугунун баш мергени Криштиану Роналду 38 гол киргизүү менен чемпиондуктун тарыхында сезон алкагында эң көп гол киргизген мексикалык Уго Санчестин рекордун (38) кайталады.
  • Футбол боюнча өлкө чемпиону “Нефтичи” 21-25-май аралыгында Камбоджада АФК президентинин кубогу үчүн ат салышат. 12 өлкөнүн катышуусунда өтүүчү мелдештин “А” тайпасында мекендештер “Дон Боско” (Шри-Ланка), “Абахани” (Бангладеш) жана үй ээси “Пномпень Краун” командалары менен күч сынашат.
  • Футбол боюнча улуттук биринчиликтин 5-турунда «Абдыш-Ата» «дордойчуларды» 3:0 эсебинде жеңсе, «Алай»-«Ысык-Көл» оюнунда 3:1 эсеби катталды. Ал эми «нефтичилер» өз үйүндө «Алга» менен 1:1 эсебинде тең ойноду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан