Бир жолу достор Нурдин деген досубуздукуна чогулуп калдык. Жайланышып отурган соң, ар түрдүү кептер сүйлөнүп, ичимдик ичиле баштады. Тең ичип отурганыбызга карабай бир кезде Нурдин катуу кызып, анан отурган жеринен эле уйкуга кетти. Биз албетте, аны көтөрүп барып, диванга жаткызып койдук. Анан тамак жасамакчы болуп, муздаткычты ачсак, эт менен кошо тооктун моюну кошо чыкпаспы. Тооктун моюнун көргөнүбүздөн соң, бири-бирибизди карап, жылмайып алдык. Анткени, прикол уюштураар алдында ушинтип жылмаюудан түшүнүп алмайыбыз бар эле. Ошентип, Нурдинге сюрприз тартууламакка кириштик. Анын жинсы шымынын сыдырмасын сыдырып, тооктун моюну таң атканча тикесинен кулабай тургандай кылып тургузуп, сыдырманы кайра сыдырып койдук. Ордубузга жаңы эле отурганда сырттан Нурдиндин Эля деген сүйлөшкөн кызы келип калбаспы. Биз жымыйган бойдон аны Нурдиндин үстүнө киргизип жибердик. Секунд өтпөй эле Элянын, ага удаа эле Нурдиндин ушундай жапайы кыйкырыгы чыкты дейсиздер. Жабыла кирип барсак эле эмнени көрдүк дебейсиздерби. Кара мышык Нурдиндин алаасына отуруп алып, тик турган моюнду кемирип жатат...
Өзүнө келип, биз менен кошо күлүп жатып ээси оогон Нурдин: «Элянын кыйкырыгынан ойгонсом эле «алигимди» мышык кемирип жатат. Анан жүрөгүм түшүп, Элядан ашып кыйкырбаганда эмне кылмак элем?»- деп биздин ойлоп табуучулугубузга таң берип жатты. Кийин Нурдин ошол окуяны эстегенде “менин «алигимди» кара мышык кемиргенде...”- деп күлүп калчу болгон.
Эмил