“Биз” тобунун жетекчиси Бактияр Токторов 11-май күнү кыздуу болуп, ысымын Аяна деп атады.
Куудул Сакиш “Жаштар” театры менен бирге Нарын жергесине “Үч кемпир” аттуу спектакль коюп келди.
Абидин Темиров вокалдан сабак алып жаткан кези. “Музыкалык билимим бар болсо да, сабак алууну улантайын деп чечтим”,- дейт ырчы.
Керим Турапов учурда үй-бүлөсүнө көбүрөөк кам көрүп, чарба иштери менен алек болуп жүрөт. Мамлекет качан кызмат берсе, иштей баштаарын айтты.
Бийчи Бакыт Байсариев кызынын тили чыга баштаганына кубанып жүргөн чагы. “Алгач эле “ата” дегенине жетине албай жүрөм”,- дейт.
Куудул Токтор Бекбоев агасынын Рамис аттуу уулун сахнага чыгара баштады. Учурда “Апалар” деген ырына клип тартышууда.
Көптөн бери көрүнбөй кеткен ырчы Кайрат Примбердиев борборубуздагы кафелердин биринде музыкант болуп иштеп, кошумча каражат таап жатыптыр.
5-каналдын «Күндеми» маалымат программасынын алпаруучусу Айдай Самиева 22-майда кыздуу болду.
“Мөлмөлүм” аттуу чыгармасы менен таанылган Малик Аликеев аталган ырына клип тарта баштады. Буюрса, июнь айында жарыкка чыгат экен.
22-май күнү Кыргыз улуттук китепканасынын чоң залында Кумар Асановдун “Мекен жер” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи болуп өттү.
Кыл кыякчы Залина Касымова жакында Рыспай Абдыкадыровдун “Айтсаң боло” аттуу ырын кыл кыякка салып, эл алдына алып чыгат.
Ырчы Динара Акулова июнь айында “Көл таланттары” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурам деп чуркап жүрөт.
Салтанат Саматова “Акыл ордо” аттуу телеберүүнү алпарганы турат. Ошондой эле Балдар күнүнө карата кайрымдуулук фонду менен бирге концерт уюштурууда.
Италия өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен Дилшат Кангелдиева жана Омар 29-майда Неаполь шаарында өтүүчү кайрымдуулук концертке катышышат. Түшкөн каражатты жүрөк оорусунан жабыркаган жаш балдарга тапшырышарын кабарлашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.