Учурда “Кыргызнефтегаздын” эмгек жамааты бүтүндөй Кыргызстандын элин нефть фонтанынын чыгышы менен куттуктап, кубанып турган кези. Алар Майлуу-Суу шаарындагы №552-“Майлуу-Суу IV” кенинен суткасына болжол менен 100 тонна мунай алына турган жайды табышты. Бул тууралуу “Кыргызнефтегаз” ишканасынан билдиришти. Куурду табууга Кытайдан сатылып алынган жаңы техникалар жакшы жардам берген. Мурдагы эскилиги жеткен бургулоочу станоктордон айырмаланып, заманбап техника 2108 метр тереңдиктеги мунайды соруп алууга кубаты жетет.
Мунайга болгон дүйнөлүк баа күн сайын жогорулап, өлкөбүздүн экономикасы алсырап турганда, мунайдын күтүлбөгөн чоң запасынын табылышы элибиздин турмушунун жакшырышына шарт түзөт деген жакшы ойлор менен мунайчылардын ишине ийгилик каалап, жалпы кыргыз элин куттуктайбыз!