АЛЬБИНИЗМ- КАШ-КИРПИГИНЕН БЕРИ АППАК БОЛУП ТӨРӨЛҮҮ

Альбиностор – табышмактуу, сырдуу, сулуу жана планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктеринен бери аппак болуп төрөлгөндөр. Медициналык статистикага таянсак, дүйнөдүгү ар бир 20 миң адамдын бири альбинос болуп төрөлөт. Оору тукум кууган оорулардын түрүнө кирет.
Эмнеден келип чыгат?
Альбинизм латындын “албус” –“ак” деген сөзүнөн алынган.  
Альбинизмдин эмнеден пайда боло тургандыгы алигиче белгисиз бойдон калууда. Бирок, окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, себеби төмөндөгүдөй: Ткандарга (мисалы, тери же көз тканына) өң берүүчү зат меланин деп аталат. Ошол меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болуп калганынан улам болот. Ал эми толук же жарым-жартылай жок болуп  калуусу эмнеден экендиги белгисиз. Альбинизм жаныбарларда, өсүмдүктөрдө да кездешет. Кыскартып айтканда, табигый боёктон айрылган организм альбинос деп аталат.
Түрлөрү      
Тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрүндө адам төрөлгөндө каш-кирпигинен бери аппак болуп төрөлөт. Адамдын жашы өйдөлөгөндө чачы сары, териси кызгылтым түскө өтөт. Кийин пайда болгон түрү (мисалы, радиациядан) толук жана жарым-жартылай альбинизм деп бөлүнөт. Толук түрүндө адамдын териси, чачы, каш-кирпигинен бери агарып кетет. Жарым-жартылайы тери жана көз альбинизми деп бөлүнөт.
Көз альбинизминде каректе пигмент болбогондуктан, көз кызыл сыяктуу болуп көрүнөт. Ал эми чачтын жана теринин түсү табигый түрдө болот.
Оорунун бул түрүндө көз жабыр тартат. Жарыктан, күндүн нурларынан көз уялып, көздү бат-бат ачып-жумуу, ирмегилөө күтүлөт. Бир нерсени тик кароо кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан, жалаң күңүрт түстөгү көз айнек менен гана жүрүүгө туура келет. Көздүн жабыркоосунан көз оорулары да жаралышы мүмкүн.
Тери альбинизминде адамдын териси менен чачы аппак болгону менен көзүнүн өңү сакталат. Мисалы, кара же кой көздүү дегендей. Оорунун бул түрүндө теринин рагына чалдыгуу коркунучу чоң.
Альбиностор  чачынын, терисинин, көзүнүн өңдөрү менен гана эмес, кээбирлери боюнун кичинекейлиги менен да айырмаланышат.
Оору ген кууйт
Эгер жубайлардын экөө тең альбинизмдин бир түрү менен оорушса, анда алардын балдары да өздөрүн тартып, оорунун ошол түрүн аркалайт. Бирок, бул  оорунун эки башка түрү менен ооруган альбиностор баш кошушса, денсоолугу чың балалуу болуулары мүмкүн. Оору жакын туугандар арасындагы нике менен да байланыштуу.
Айыктырууга мүмкүн эмес
Бул оорунун пайда болушу тууралуу так маалымат жок болгондуктан, дарылоо ыкмалары да иштелип чыга элек.  Андыктан, айыктырууга мүмкүн эмес.
Эгер тери да, көз да альбинизмден жабыр тартса, анда адам күнгө абдан сезимтал келет. Күнгө дененин бат күйүп калышы күтүлөт. Тери кургак тартып турат. Кээбир альбиностор абдан терчил келишсе, кээлери анчалык тердей беришпейт. Бирок, альбиностор жашоого толук ыңгайлашса болот. Ал үчүн күн нурларынан болушунча сактануу талап кылынат. Ачык тургай  күн бүркөк учурда да бүт денени жаба турган кийим кийип, күндөн сактоочу крем, лосьондорду колдонуп  жүрүүлөрү кажет. Эгер адам жаанда калса, анда крем же лосьонду кайрадан колдонуусу талап кылынат. Альбинизмден жабыркаган адам ар дайым доктурдун көзөмөлүндө болуп, андан керектүү кеңештерди алып туруусу кажет. Ал эми бала мектепке бараарда көз доктурга көрсөтүп, ага ылайыктуу күңүрт көз айнек тандатып же көз линзасын алып берүү керек.
кошумча...
  Африканын Малави өлкөсүндө альбиностордун өмүрү дайыма коркунучка капталып жүрөт. Себеби, элде “альбиностор өлгөн соң абада эрип жок болуп кетет” деген ишеним орун  алган. Андыктан, мунун чындыгын текшерип билгиси келип альбиносторду өлтүрүп көрүүнү чечкендер чыгат. Аталган өлкөдө альбиностордун уюму уюшулган. Уюм элге: “Биз, альбиностор, силердей эле адамдарбыз. Андыктан, бизге түшүнүү менен мамиле кылууңарды өтүнөбүз”,- деп кайрылып келет. Эми африкалык альбиностор клиникалар тармагын ачууну көздөшүүдө.
Анда балдары альбинос болуп төрөлгөн ата-энелерге кеңештер, медициналык жардам көрсөтүлмөкчү. 
 Фиджи аралында альбиносторду байыртадан эле сыйлап, барктап келишет. Булар өлкөдө жогорку кызмат орундарды ээлешип, коомдоо сыйлуу.
 АКШда альбиностордун “Түссүздөрдүн союзу” деген уюму бар. Уюмдун мүчөлөрү конференцияларды өткөрүп, медициналык жаңылыктарды талкуулашып турушат. Альбинос болуп төрөлгөн балдарга жана алардын ата-энелерине жардамдарды беришет. АКШдан сырткары да көп эле өлкөлөрдө альбиностордун уюму бар экендигин айта кетели. 
 Дүйнөдө, анын ичинде Европада 20 миң адамдын  бири альбинос болуп туулса, Нигерияда
3000дин бири, Панамадагы индеецтерде 132 адамдын бири альбинос болуп жарыкка келет.

Бетти даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Vodafone
2014-05-26 22:54:13
Кызыктуу макала экен рахмат
0
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан