Жергиликтүү жылдыздар тууралуу кандай гана макала даярдабайлы, окурмандарыбыз кызыгуу менен окуй турганына ишенебиз. Төмөнкү макаланы жазуу үчүн биз редакциядан деле чыккан жокпуз. Себеби, мында редакциябызга конокко келген белгилүү адамдардын биз билген, бирок, сиздер билбеген мүнөзү, кыял-жоругу, ар түрдүү сапаттары жөнүндө тамаша-чыны аралаш кеп болмокчу.
Татына ырчы Бактыгүл Бадыева редакцияга кире элек жатып эле алгач анын атырынын буркураган жыты келет. Анан кирээр замат зерикпестен кеңсенин ар бир эшигин ачып, баарыбыз менен саламдашып чыгат. Кетээринде өзүнүн ырлары жазылган дисктерден калтырып, “саламатта калгыла! Я вас люблю!” деп кеңсебизди жаңырта коштошот.
Теледива Ассоль редакциябыздын босогосун басып өтө элек. Дайыма дарбазага чейин келип, кеңсеге кирбейт. “Сыягы, убактысы аз го” деп кабарчыларыбыз аны түшүнүп, алдын-ала телефон аркылуу сүйлөшүп, берчү суроолорун беришет. Ассоль болсо суроо-жоопторду кагаз бетине өз колу менен жазып, машинасы менен жеткирип келет. Эшиктин алдынан маалыматты алган кабарчы аны сөзсүз кыргыз тилине которуп чыгат. Мындан сырткары, бир сүрөтүнүн гезит бетине экинчи ирет чыкканына жол бербеген Ассоль айым дайыма жаңы сүрөттөрүн катчысынан жөнөтүп турат.
Шайыр жигит Сема редакцияга келген соң ар бирибиз менен өбүшүп учурашып, ал-жайыбызды сураганды унутпайт. Анан өзүнүн сүйүктүү жерине айланган конок бөлмөдөгү жумшак диванга отуруп алат. Акыры башка жумуштарын эстегенде: “Менин оюма койсоңор, силерден таптакыр кетпейт элем. Силердикинде өз үйүмдө жүргөндөй сезем”,- деп узап кетет.
Ырчылардын эң тыңы, балким, эң чыргоо айымы Айчүрөк Иманалиева редакциябызга эч качан жалгыз келбейт. Тактап айтканда, жанында ар дайым жолдошу Таалай жана ширин кызы Аэлита жүрүшөт. Айчүрөк эжеге тиешелүү жаңылык жазылып же кичинекей маалымат берилсе, ал биздин редакторлордун гана эмес, ырчы эжекебиздин жолдошунун кароосунан да өтөт. Ал макаланы карап, текшерип, кайсы сүрөтүн койгонубузду көрүп, ичи чыкмайынча кетпейт.
Ырчылардын эң пунктуалдуусу, айтканды айткандай кылган ырчы – Самат Дөөлөтбаков. “Саат мынчада бул жакка келиңиз” десең, кечикпестен келет. Моюнуна кандай гана иш артпагын, аны так аткараарына көзүбүз жетет. Анан да Самат редакцияга келген сайын кыздарыбыз тажабай аны менен сүрөткө түшө беришет.
Таланттуу ырчы Мирбек Атабеков бизге конокко келген сайын редакциябызды жаңырта ырдап, бизге бекер, жандуу үнү менен концерт коюп берет.
Ырчы Анжелика майрамдарда бизди унутпай торт көтөрүп келип калат. Созулган ырчы кыздан интервью, жаңы фотосессиядан сүрөттөр, кызыктуу маалымат, айтор, эмне сурабайлы, алгач Айчүрөк эжекесинен уруксат алып, анан гана гезит бетине чыгаруубузду өтүнөт.
Тарбиялуу ырчы Ирлан редакцияга качан келбесин, жерде таза килем салынып турганын көрүп: “Бут кийимимди чечип кирейинби?!”- деп сурайт.
Куудул айым Назира Жетигенова редакцияга келгенде кеңсени бир сыйра ызы-чууга салат. Ал барда көңүлүбүз
көтөрүлүп, боор эзиле күлөбүз. Кызыгы, ал тууралуу макала чыккандан кийин телефон чалып: “Кичине сылыгыраак жазбайт белең, мен эмнени сүйлөсөм жаза бербей”,- деп бир тултуңдап алат.
Ош шаарынын тургуну ырчы Эмил Балтагулов Оштон борбор калаабызга келээр замат биздин редакциябызга кайрылып кетүүнү адат кылган. Албетте, өзүнүн жагымдуу жаңылыктарын айтаар алдында жок дегенде беш мүнөт учурашат.
Ырчы мырзалардын арасында чыныгы жөнөкөй жигит Акбар Сүйүнбаев редакциянын босогосун аттаар замат биринчи
ирет редакторлор менен учурашып келип, анан журналисттер менен саламдашат. Кабылдамадагы катчынын компьютерине отура кетип, карта оюнун ойноп калат. Акбар редакцияда кылаарга иши жок болсо да келип, кобурашып сүйлөшүп кеткенди жактырат.
Назик ырчы Нелянын бизге кантип келип-кеткенин билбей да каласың. Анысы аз келгенсип, акыркы убакта кеңсеге өзү көп кайрылбай калды. Нелядан кандай жаңылык сураба же сүрөт, ырларды алып кел деп суранба, дайыма курбусу Миргүл дисктерин көтөрүп алып келип калат.
Ал эми жылдыздуу мырзалар Султан менен Мирбектин редакцияга акыркы жолу качан келгенин да унутуп калдык. Сыягы, продюсерлери менен таарынышып жүргөндө даттанып келишсе керек эле... Азыр болсо эки мырзанын продюсерлери Динара эже менен Асыл эже келип, жигиттердин жаңылыктары менен бөлүшүп турушат.
Айгүл Чалова тууралуу эмне гана жазып чыгарбайлы, эртеси күнү эле таарынып чыга келет. “Жаман сүрөтүмдү чыгарып коюптурсуңар, менин айтканымды оңдоп койсоңор болмок, биздин продюсерибиз жок болсо эле ушинтип жаза бересиңерби?” деп бир сыйра таарынат. Бирок, дээринен ак көңүл кызыбыздын таарынычы бат эле тарап кетет.
Даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова