АЙЫМДЫН КҮЛКҮСҮНӨ ЖАРАША ТӨШӨГҮ

Жылаажын күлкү. Айым башын чалкалатып, жылаажындай күлсө ишенчээк, кыялкеч айым. Аны комплименттер менен тартып алса болот. Төшөк оюну менен алектенүүнү жактырат жана эскперименттерге даяр. Мындай айым менен өткөргөн ар бир түн сиз үчүн унутулгус рахат тартуулаары турган кеп.
Сылык-сыпаа күлкү. Жашоодо сыртынан ачык-айрым сезилгени менен, төшөктө табышмактуу келет. Өнөктөшүнө оңой менен ачыла койбойт. Демек,“тез быша калуучу тамактын” түрүнө кирбегендиктен, отту жайлата жагууңузга туура келет. Башкача айтканда, көңүлүн тапкан соң узакка эркелетип, сылап-сыйпоо кажет.
Секин, билинээр-билинбес күлкү. Мындай айымдар жашоодо өзүмчүл болгону менен, эрки күчтүү келишет. Төшөктө өнөктөшүн табуу кыйынга турат. Эгер төшөктө болуп калса, анда узакка жана чарчабай кумарга бата алат. Бирок, төшөккө мамилеси маанайына жа­раша болот. Мисалы, маанайы ачык болсо, сүйүктүүсүнүн эсин оодарууга даяр.
Жай күлкү. Эгер айым оозун алаканы менен жаап, жайдан күлсө, анда аны өзүн туура баалай албаган айым деп түшүнсө болот. Сиз ага “акылдуусуң, боорукерсиң, сулуусуң” деп комплимент айта берип жагууңуз керек. Төшөктө да мактап, өзүнө болгон ишенимин арттырыңыз. Ошондо ал түнү менен жакшы «ойноп» берет.
Кыткылыктаган күлкү. Айым башын бир жакка кыйшайтып, кыткылыктап күлсө, ал боорукер, жардамын аябаган жан. Ал сиздин сезимге толук ишенмейинче, төшөккө макул эмес. Эгер макул болсо, төшөктө өпкүлөп, кучактоодон чарчабаган айым.
Баладай тунук күлкү. Баладай тунук, анан мурдун бырыштырып күлгөндөр бала кыял, сыртынан ишенчээк жан көрүнүшөт. Чындыгында, ал бир топ талапчыл. «Сыйлап кам көрүп, гүл берип турса» деп ойлойт. Секс оюндарынын түрлөрүнө теориялык жактан гана кызыгып, билгендерин турмушта кээде гана ишке ашырат. Мындай айымдар «өнөктөшү өзүнө атадай кам көрүп, бөпөлөп турса» дешет.
Шарактаган күлкү. Колун жүзүнө тийгизип, какап, чарчагыча күлгөн айымды кыялкеч, бардык нерсеге кызыкдар деп билиңиз. Секс ага жагымдуу оюн. Төшөккө көп ойлонбой макул болгондуктан, кайсы учурда, кайсы жерде болбосун ал менен төшөк кумарына батууга болот.
Чын дилден чыккан күлкү. Айым оозун ачып, 32 тиши көрүнгүчө күлсө, төшөктө өтө темпераменттүү. Өнөктөшүнөн ал да өзүндөй аракетте болуусун талап кылат. Андыктан, анын талабын актаганга аракет жасоону эсиңизден чыгарбаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kino_xxi
2011-08-27 17:16:47
mundaidu bir tekwerip koryw kerek eken
0
Kulsun_toktogulkysy
2012-05-12 14:05:44
sonungo baikap koruw kerek eken
0
ruslan90.93
2012-09-04 10:44:50
Ukmuwko
0
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан