Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БРИЛЛИАНТ АСЫЛ ТАШТАРДЫН ПАДЫШАСЫ

№306 12-18 сентябрь, 2008-ж


Бриллиант деген эмне?
Бриллиант (французчадан “brillant” – “жалтырак”) – катуу алмаздын тунук түрүнөн жасалган баалуу зер буюм. Ал табигый жалтырак түсү жана белгилүү бир түрдө өгөөлөнүп-жылмакайланган геометриялык формасы менен айырмаланат. Бриллиант жарык нурду эки жолу “сындыруу” сапатына ээ, башкача айтканда, ага түшкөн нурду өзүнүн ичинде эки жолу толук чагылдыра алат.
Тарых барактарынан
Эң байыркы алмаздар Канаданын түштүк-батышында табылган. Окумуштуулардын айтуусунда, бул таштар 3,5 миллиард жыл мурун пайда болгон. Алгачкы бриллиантты 1454-жылы франциялык зергер Луи де Беркем иштеп чыккан. Луи де Беркем Франциядагы Бургундия шаарчасынын герцогу Шер Карлдын жеке зергери болгон. Качан герцог баалуу ташты көргөндө, өзүнүн бардык жоо кийимдерине ошол таштарды жабыштырып чыгууну буюрган. Анын айтканы боюнча, душмандар жалтырак таштан көздөрү уялып, туруштук бере албай калышмак. Мындай өзгөчө коргонуу канчалык деңгээлде пайдалуу экени белгисиз. Бирок, Шер Карлдын  ыкмасын башка жоо башчылар да колдоно башташканы чын.
Бриллианттын... ...калыбы
Бриллиант кооз көрүнүш үчүн аны түрдүү калыпка салып өгөөлөйт. Бриллианттын эң жазы жери – бели, үстүнкү жагы - аянтчасы, асты – павильону деп аталат. Эгерде бриллианттын аянтчасында 33, павильонунда 24 кыр бар болсо, бул классикалык же стандарттык калыптагы бриллиант болуп эсептелет жана «КР-57» деп белгиленет. Кырларынын сапаты боюнча бриллианттар “A”, “B”, “C”, “D” болуп төрт топко бөлүнөт. Эң көп таркаган бриллиант калыптары: алмурут, маркиз, жүрөк, ханбийке, жакут, багет, тамчы.
...салмагы
Табиятта салмактуу бриллианттар өтө сейрек кездешет. 1 караттан ашык салмактагы бриллиант табияттагы бардык бриллианттардын 1 пайызын гана түзөт. Калгандары – майда бриллианттар. Салмагы боюнча бриллианттар 3 топко бөлүнөт: майда таштар – 0,29 каратка чейинкилер “меле”; орто таштар – 0,30-0,99 караттыктар “меланж”; ири таштар – 1 караттан жогорулар “солитер” деп аталат. 6 караттан өйдө салмагы бар бриллианттар демейде аукциондордо гана сатылат.
...тазалыгы
Табигый бриллиантта түрдүү чийиндер, дөмпөкчөлөр жана ичине толуп калган аба массасы болушу мүмкүн. Америкалык ченемдер боюнча бриллианттын тазалык деңгээли үч белги менен белгиленет: эң таза – FL, таза – IF, толук таза эмес – I. 
...өңү
Бриллианттар табияттан тунук, саргылт, күңүрт, бозала түстө болушу мүмкүн. Ак, тунук бриллианттар жаратылышта сейрек кездешкени үчүн баалуураак.
...баасы
Бриллиант ташынын баасы дүйнөлүк стандартта 4 “С” боюнча аныкталат: Carat weight – салмагы, Color – түсү, Clarity – тунуктугу, Cut – калыбы. Бардык жагынан мыкты бриллиантка гана эң кымбат баа берилет. Салмагы чоң, бирок, өңү начар же туура эмес өгөөлөнгөн таштар кичинекей болсо да кемтиксиз таштарга караганда алда канча арзан. Башкача айтканда, 5 караттык бриллиант менен 2 караттык бриллианттын баасы тең болушу толук ыктымал. Учурда эң кымбат табигый бриллиантты 20 миң доллардан кем эмес акчага, эң арзанын 200 долларга сатып алуу мүмкүн.
Эң атактуу бриллианттар
Чоң жана салмактуу бриллианттарга атайын ысым ыйгаруу мурунтадан салтка айланган. Андай бриллианттар кайсы өлкөгө таандык болбосун, улуттук байлык жана сыймык болуп эсептелет.
Тарыхтагы эң ири жана эң атактуу бриллиант “Куллинан” деп аталчу. Анын салмагы 3 миң 106 каратка (621 миң 200 грамм), ал эми баасы 94 тонна алтындын баасына барабар эле. “Куллинанды” 1905-жылы британиялык Трансвааль колониясындагы кен издөөчүлөр таап, кен булагынын ээси Томас Куллинандын атынан аташкан. Бул кемчилиги жок, жогорку сапаттуу алмаз эле. Качан аны Британиянын падышасына тапшырышканда, ал ташты майдалоону буйрук этет. Натыйжада, бир эле “Куллинандан” 2 ири, 7 орто, 96 майда бриллиант чыккан. Алардын эң чоң бөлүгүн алмурут түрүндө өгөөлөшүп, “Африканын чоң жылдызы” (экинчи аталышы “Куллинан-I”) деп аташкан. Салмагы 530 карат болгон “чоң жылдыз” учурда эң чоң бриллиант болуп эсептелет жана Британиядагы Лондон мунарасында сакталат.
Экинчи изумруд түрүндөгү бөлүк – “Куллинан-II” Британия падышасынын таажысына бекитилген. Анын салмагы 317 карат.
Кийинки орто көлөмдөгү бриллианттар “Куллинан-III” (94 карат), “Куллинан-IV” (63 карат)... деп аталышат. Ал эми калган 96 бөлүктүн ар бирин жалпысынан эле “Африканын кичи жылдызы” деп атоону чечишкен.
Дагы бир атактуу бриллиант «Кохинор» деп аталат (109 карат). Жалгыз ушул алмаз эч качан, эч жерде, эч кимге сатылган эмес. Болгону, көптөгөн жылдар бою колдон-колго өтүп келген. “Кохинордун” тарыхы Индияда тараган уламыштар менен тыгыз байланышта. Уламыштар билдиргендей, Янмин суусунун жээгинде бир наристе табылат. Ал наристе Күндүн уулу Карна болуп чыгат. Карнанын чекесинде чоң жылдыз жанып турган болот. Дал ошол жылдыз “Кохинор” бриллианты эле. Алгач бул асыл таш индиялык падышаларга таандык болчу. Андан соң “Кохинор” 200 жыл бою монголдордун колунда сакталган. Кийин сикх урууларынын башчыларына туш болуп, андан соң англиялыктар тарабынан уурдалган. Ханыша Виктория ташты калыпка салып өгөөлөткөндөн кийин анын салмагы 186 караттан 108 каратка чейин азайган. Азыр “Кохинор” Британиянын кичи таажысынын көркүн ачып турат.
Атактуу бриллианттардын катарына кирген “Эврика” бриллиантынын тарыхы да кызыктуу. Ал 1866-жылы Түштүк Африкада табылган. Хоуптаун шаарчасынын тургуну, жаш фермер Эразм Якобс суу жээгинен чыбык издеп жүрүп кокусунан жалтырак таш таап алат. Анын кооздугун жактырып, карындашына белекке берет. Бриллианттын аркасы менен фермердин үйбүлөсүнө бакыт, байлык да келген.

Даярдаган Бегайым Мусакеева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: