Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сардарбек Жумалиевдин “Таң сыры” аттуу ырын мен кыргызмын дегендин баары берилүү менен ырдайт. Эми ошол ыр кыргыздын сүйүктүү ырчысы Мирбек Атабековдун аткаруусунда жаңырмакчы.
Аталган ырды буга чейин Анарбек Ибраев, Кутман Жолдошев, Саламат Садыкова, Кундуз Таштаналиева, атүгүл казактардын “Музарт” тобу аткарып келген. Ырчы ретро-хитке кайрадан жаңы өмүр берет деп ишенебиз.