Өткөн аптада америкалык каскадёрлор “Оскарга” дагы бир наам катары каскадёрлорго атайын сыйлык берүүсүн талап кылышкан эле. Тасмаларда каскадёрлордун салымы зор экенин, бирок эмгеги бааланбай келерин айтып, нааразы болушкан. Бирок Киноакадемиянын чечими боюнча, каскадёрлорго “Оскар” сыйлыгы берилбей турган болду. Болгону, “Жылдын мыкты тасмасы” наамына мурда беш тасма кирсе, учурда он мыкты тасма көрсөтүлөрүн да кошумчалашкан. Буга чейин аларга «Букачар» аттуу сыйлык жыл сайын берилип келет.