ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн саныбызда)

Атасы менен сүйлөшүп бүтүп, өзүн таң кала тиктеп турган кызды бооруна кысты.
– Мени ушинтип карабачы. Карегиңе чөгүп кетчүдөй болуп кетем. Чын эле, папама чалам деп унутуп коюпмун.
– Менден бир нерсе жашырып жатасың.
– Кечирип кой, сенден сыр жашырбайм деп коюп, жашырып жатам. Балким, кийин айтармын. Бирок азыр эмес.
Эңиле кыздын жүзүнөн сүй­гөн Аскат ары басты. Көл­дүн түнкү көрүнүшү өзгөчө эле. Асмандагы толгон ай көл бетине из чала чагылышып жатты. Аскат менен Бегимай жетелеше көлгө терең орнотулган пирстин үстүнө чыга келишти.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Ай экөөбүздү тигилип карап тургандай сезилип жатат,- деди Бегимай айланага суктана карап.
Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койду.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деди Бегимай кызгана.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына!
Аскат чөгөлөй калып, чөнтө­гү­нөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң.
Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алды. Бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул.
Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти.
Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыр­кы убакта “эрте үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын!
Кучакташып, таттуу өбүшүп турган экөөнүн шыбырын толкундар коштоп жатты.

ххх

Чакан кафеде Бегимайдын туулган күнүн белгилеп, достор уу-дуу болуп жатышты. Аскат ордунан тура:
– Достор, бир аз убактыңарды бөлүп койгула. Биздин жакшы жаңылыгыбыз бар,- деди.
Кол кармаша ордунан турган экөөнү жапырт тиктеп калышты.
– Оо-уу! Достор, деги тынчпы?
– Тынч эле. Биз жакында баш кошууну чечтик. Той болчу күндү шаарга барганда ата-энелер менен чечебиз.
Достор бири-бирин тиктеп, ышкырып-кыйкырып эле жатып калышты.
– Молодцы!
– Куттуктайбыз!
Алина тура калып курбусун өөп алды.
– Туура кыласың. Мындай жигитти колдон чыгарбай, эрте аркандап алыш керек.
– Асик, досум, биздин арабыздан биринчи үйлөнөт экенсиң. Буюрса, мен акыркы үйлөнөм,- деп Нурик кучактап далыга таптап, тамашалай ичке уруп калды.
Столдун четинде отурган бир гана адам бул сөздөргө кошулбай турду. Ал Азамат болчу. Бала бакчадан мектепти бүткөнчө чогуу жүргөнү менен, ар дайым Аскатка ич күйдүлүк менен карачу. Окууда болобу, спортто болобу, достор чөйрөсүндөбү, айтор, экөөнүн атаандаштыгы күчтүү эле. Бегимайдын Аскатты тандашы экөөнүн ортосун ого бетер алыстатып койду. Анткени бул кара көз сулууну ал дагы кичине кезинен жактырар эле. Баарынан да экөөнү өзү тааныштырганына ичи күйөт. Анда мектепти бүтө элек кездери болчу. Аскат кезектеги спорттук таймашка катышмак. Досторунун баары чогулуп колдоого келишкен. Досторуна “мени ушундай сулуу кыз жандап жүрөт” дегиси келдиби, айтор, ошол мелдешке Бегимайдын жанын койбой жатып ээрчитип алган. Мелдеште жеңишке жетишип, досторунун кучагында жылмайып турган Аскат өзүн тиктеп турган сулуу бийкечти байкап калды.
– Бул ким?- деди акырын Нурикке ээк кага.
– Азаматтын таанышы экен.
– Таанышы элеби же...
– Таанышы эле болуш керек.
Акырын суурулуп чыккан Аскат тиги кыздын жанына келди да жылмайып койду.
– Салам!
Кыз да күлүмсүрөй бир нерсе деп жооп бергиче Азамат келе калып, сөзүн буруп кетти.
– Бул – Бегимай, мени менен келген. Аскат, куттуктайм. Жеңишиң кут болсун. Бема экөө­бүз үйгө кетели деп жаткан­быз.
Бегимай тигини таң кала тиктеп алып, оолактай берди.
– Рахмат, бирок мен өзүм эле кетем. Жакшы калгыла.
Кызды узата тиктеген Аскат “Бема” деп кайталап алды. Эртеси эле анын канчанчы мектепте окуурун, ким экенин тактап, аркасынан чуркай баштаган. Бегимай эки жыл артынан тынбай ээрчиген Азаматты эмес, эки жума тааныш болгон Аскаттын сунушун кабыл алып, анын кызы болуп калган. Ошондон бери мурунку ич күйдүлүк эми ачык жек көрүүгө айланган Азаматка бул жаңылык оор тийди.
Кече ортолоп калган эле. Катуу кызып калган Азамат теңселе ордунан туруп, колундагы вилкасы менен бокалын тарсылдатып, досторунун көңүлүн өзүнө бурду.
– Менин би-ир сөзүм бар. Бе­ма, сен Аскатты тандап, чоң жа­ңылыштык кыласың. Бул – жашооңдогу э-эң чоң жаңылыштык. Анткени... ал... Аскат сенин баркыңа жетпейт.
Тамашалай күүлдөп отурган жаштардын жүздөрүнөн күлкүсү күбүлө берди. Айрымдары оозун ачып Азаматты тиктеп калышты. Биринчи өзүнө келген Нурик Азаматты жеңден тарта берди.
– Эй, сен эмне деп дөөрүп жатасың? Ичсең алыңа чактап ичпейсиңби?! Жүрү, сыртка чыгып бир аз эс алалы.
Тиги анын колун тескери какты.
– Турчу ары, Аскаттын кошоматчысы...
– Эмне дедиң?
– Эмне уксаң ошо. Аскатка кошоматтанып эле жүрөсүң. Эскисине ушунча алданасыңбы?
Бул сөздөр теңтуштарынын арасында бир аз колунда жогураак турган Нуриктин талуу жерине тийди.
Ал Азаматты жакадан алды.
– Айбан десе, сен эмне деп жатасың?!
– Ха, эмне, жалганбы?
Тирешкен экөөнү достор араң ажыратышты.
– Эй, койгула, болдугулачы, балдар.
– Экөөңө эмне жин тийдиби?
Аскат гана Азаматка токтоо тигилип турду.
– Жүрү, сыртка чыгып сүй­лөшөбүз,- деди жеңинен тарта.
– Кыйын болбо! Эл корксо да мен сенден коркпойм.
– Мен сени коркутайын деген жокмун. Болгону, эркекче сүйлөшөлү дегем. Бул жерде кыздар да бар. Алар...
– Сен мага жентельмен болбой эле кой. Баары бир Бема сага тең эмес, эртең эле ыйлатып баса бересиң. Айтчы, канча кызды ыйлаттың?
– Сенин менден айырмаң жок.
Аскаттын токтоо турганы Азаматтын ого бетер жинине тийди. Атырылган жинин баса албай энтиге берди.
– Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм.
Жулунган Азаматты кафеде отурган көптөр тигилип карап калышты. Достору “Аза, эсиңе кел” деп аны сыртка чыгарып кетишти. Бул чыр кимдир бирөөнүн чырагына май тамызып жатканын эч ким билген жок. Ошондой эле бир караан жаштар отурган кафеден жылып чыгып, көл тарапка басканын да байкашпады.

ххх

– Кечирип кой, Азаматтын сөздөрү, балким, сага катуу тийди.
– Көп кызды ыйлатканың мага жаңылык деле эмес болчу. Баары бир мен сени сүйөм.
– Бемуля, сен чындап эле ошол сөзгө маани берип кал­дың­бы? Андай сөздөр айтыла берет эмеспи.
Кабагы сузданып кеткен бийкечин тиктеп алып, Аскат шашып кетти. Чын эле, дөөдүрөгөн Азаматтын сөздөрүнө ишенип алдыбы? Бегимай оор үшкүрүп алды да, өзүнүн бөлмөсүнө бет алды.
– Эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе.
Кыз эми артына да кылчайган жок. Аскат караңгыда көмөкөйү ката “Бема” деп шыбырап алды. Кыз алыстай берди. Ошол боюнча таптакыр көрбөй каларын билбей, эртең эле өксүп, өкүнүп чачын жуларын билбей, бир карап койбой кирип кетти.
Таңдын салкын жели Аскаттын тармал чачтарын сылап жатты. Баары бир көңүлү түтпөгөн Бегимай таң атпай анын бөлмөсүнө баш багып, жанында турду.
– Асик, мени кечирип койчу...
– ...
Эми биз таптакыр урушпайбыз. Мен...
Аскат дагы деле үнсүз.
– Аскат дейм...
Жакын келип колунан кармай берген Бегимай дирт дей түштү. Анткени Аскаттын денеси мупмуздак болчу.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Arstan
2011-07-04 17:00:09
Мыкты чыгарма экен.
0
Evelet
2011-07-04 19:25:07
emne Askatty olturup koidunarby? tuwunbodum
0
altynjan
2011-07-04 19:25:53
олуп калдыбы Асик
0
asal
2011-07-04 20:03:59
баш каарман мынчалык тез олбошу керек эле
0
DilyaKiev
2011-07-05 04:34:36
значит баш каарман Бема же Асиктин атасы
0
Nevajno
2011-07-05 12:07:00
Журокту эзбегилечи!:-(Журокту эзбегилечи!:-(
0
Batken
2011-07-05 19:33:04
Эми Азаммат байкушту камап коюшат экен да ,Сулуулар чын эле жамандык алып журобу
0
SCORPIONDOR
2011-07-05 20:13:01
даа, кызык жеринде бутуп калды го. Ладно, бир жума чыдайбыз да
0
Elmira
2011-07-07 14:55:02
Аий аябай мистикалык окуяга ия? Асик олбочу деп суранып да койбойсунарбы биротоло?))))
0
Guliza
2011-07-07 21:21:09
ii,Asikti kim olturdu!?:(,emne bolup ketti!!!!?
0
Kubatbek
2011-07-13 18:07:34
Уффф дагы бир жума кутуш керек эми кызыгына келгенде бутуп калдыыыы!
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан