Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Кичинекей Үмөт: «МАНАШ АТАМ ТАКЫЙ ӨЛБӨЙТ»

№452 1-7-июль, 2011-жыл


Бала тили бал

Өнөрлүү адам эзелтен элдин олжосу катары саналып келет. Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов 3 жашында 150 сап «Манас» айта алчу. Ошол кичинекей манасчынын ата-энеси жана өзү менен маек курдук.

Үмөт өтө зирек. Журналисттерди алты чакырым алыстыктан таанып, алар менен кээде көңүлдөнүп сүйлөшсө, кээде сүйлөшпөй качып да кетет экен. Биз анын ата-энеси менен сүйлөшүп жатканда эле “мен интейву бейбейм, чайчадым” десе болобу! Кантсе да араң көндүрүп, маектешкенге үлгүрдүк.

– Үмөт, «Манас» айтып жатканда эмнени элестетесиң?
– Манаш атамды. Ал менин түшүмө кийет да...
– Манас атаң эмне дейт ошондо?
«Жакшы «Манаш» айтып жатасыңбы?» дейт. Жакшы айтып жатам десем, «жакшы айт» дейт да...
– Манас атаң кандай? Сүрөттөп берчи.
– Ал ки-илтейген чоң булутта да. Мага минтип кайайт.
– Кийими кандай?
– Кийими темий да... Ал баатый, такый өлбөйт.

Үмөт ушинтип айтып келе жатканда атасы оңтойсуздана түшүп, “мындай нерселерди айтыштын кереги жок” деп шыбырап жибергенин угуп калдым. Балким, «Манастагы» сырды балалыгы менен айтып алат деп чочудубу же көз тиет дедиби, ким билсин. Ошентип, сөздүн нугун башкага бурдук.

– «Манастан» башка эмнеге кызыгасың?
– Эме, жана йоботтой бай го... Магазинде бай го... Апам ошондой алып бейем деген. Чо-оң йобот. Анан Жип машина мингим келип жатат.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Манашчы болом.
– Интервью бергенден тажа­дыңбы? Биринчи эле ушинтип айттың го...
– Тажап калдым. Мени детсадга да байып тайтышкан. Аябай чайчагам. Ошо, мен жаман көйөм интейвуну.

Ошол боюнча биздин каарман сүйлөгүсү келбей койду. Андан аркы маекти атасы Болот ага менен уланттык.

– Адатта «Манас» айтуу тукум кууйт» деп айтышат. Силердин тукумда «Манас» айткандар болду беле?
– Буга чейин кабарыңар барбы билбейм, бирок көпчүлүк манасчылар Ысык-Көлдөн болушат. Мисалы, Саякбай ата, Тыныбек ата, Актан, Табылды сыяктуу манасчылар. Суусунанбы, жериненби, ким билет. Эми менин атамдарда деле анча-мынча «Манас» айтуу бар болсо керек. Өзүм 6-класска чейин «Манасты» жаттап айтып жүрдүм. Эки эркек улуу балдарым да жаттап айтышчу. Ал эми бул жигит байкелеринин айтып жатканын кулагына куюп алганбы же Жараткандын буйругубу, ким билсин, 3 жашынан айта баштады. Алгач комуз кыңгыратып коюп жүрчү. Бир күнү эле шатыратып айтып кирди. 3 жашар бала эми 150 сап ырды кайдан жаттасын?
– Азыр канча убакыт айта алат?
– Азыр 5ке чыкты. Токтотпосоң канча убакыт айтат билбейм. Негизи, 10 мүнөт тынбай айткандан кийин эле тердеп-тепчип чыгат. Акырын токтотсок ыйлап, “мен жакшы айтып жаткам да, эмне токтоттуң?!” деп чыр салат. Азыр орточо эсеп менен 300-400 сап айтат.
– Бактыгүл эже, сизге да кеп кезегин берсек...
– Эмне дейбиз. Балама ушул улуу касиетти ыроолоптур. Бирок эл алдына чыкканда коркуп кетем. “Манас атанын арбагы бар эмеспи” деп эле чакырган жерлерге барып жатабыз. Эми Уликти эч кайда алып барбай токтотобуз го. Көз деген жаман деп коёт эмеспи. Бул жолу Роза Отунбаева атайын мааракеге чакырткандыктан, баш тарта албадык. Ал киши өзү «метрикасы эле силердики, бул өнөрлүү жигит эми кыргызга гана тиешелүү, аны көздүн карегиндей сактагыла» деген сөздөрүн айтты. Үмөт менин 43 жашымда төрөгөн уулум. «Карыганда кантип төрөйм?» деп уялып, алдырып салгым келип доктурга чейин баргам. Эгерде алдырып салсам, Кудайдын алдында чоң күнөө кылмак экенмин. Эми уулумдун аркасы менен минтип интервью да берип отурам.

Чындыгында, көз тийбесин. Мотурайган Үмөткө жана анын ата-энесине ийгилик жана бакубат өмүр каалап кош айтыштык.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(14)
04.07.2011. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
690
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай омур берсин, Кудайга таянуу керек, арбакка эмес
04.07.2011. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
22-04-2011
Соӊку аракети:
12-12-2017 23:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
азамат балакай экен го! кыргыздарда Үмөткө окшош тың, тартынбаган, акылдуу жанан абдан таланттуу балдар көп болсун ар дайым!
04.07.2011. 17:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-07-2011
Соӊку аракети:
13-10-2011 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Бар бол Умот!
04.07.2011. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
04-12-2010
Соӊку аракети:
31-07-2018 10:42
Жынысы:
Белгисиз
0
тьфу-тьфу коз тийбесин, оркуну оссун!!!
04.07.2011. 21:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-06-2011
Соӊку аракети:
01-12-2015 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Новосибирск
0
оонору окундоп оссун,кыргыз элинин сыймыгы болуп,атагы алыска кетсин!!!Омуру узун,ден-соолугу чын болсун!!!
05.07.2011. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-10-2010
Соӊку аракети:
27-04-2017 17:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Уоз тийбесин, Аман болсун, Оорубасын! Бирок атасы айткан Тыныбек, Актан, Табылды манасчылар Колдон эмес эле Нарындан болушат го.
05.07.2011. 13:43 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
07-12-2012 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
"Болор бала б......" деп айтып коюшат эмеспи?Эмнеси болсо дагы сага калоорум улуу манасчы бол!!!Биздин манасчылар улантып келген манасты уланта бер демекчимин.Көз тийбей кудайым колдосун.
06.07.2011. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
20-03-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда жашайт...
0
Коз тийбесин,Кудайым колдосун
06.07.2011. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
07-09-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас жана Айтыш аткандарга ото баа берем ушунча созду кантип жаттап алышат...талантын оркундосун ..
08.07.2011. 13:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
04-04-2014 13:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Омурун берсин кудайым!!!Бар бол Умот!!!
08.07.2011. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
03-06-2011
Соӊку аракети:
07-07-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
0
Barakelde!Kasiet,talant bergen eken.Myndaj tubasa manas4ylar ilgeri kop bolgon da.Anan ele jok bolup.Azyrky zamanbap mezgilde Umot 4yga keldi desek bolot.Chyjrak bala eken.Bul da bujruk.
Aman bol!Jakshy adamdardan bolup os!
09.07.2011. 04:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-12-2007
Соӊку аракети:
23-03-2015 09:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
мен бул баланын манас айтканын коруп калып тан калгам. ден соолук бере берсин кудайым. эч оорубасын
09.07.2011. 15:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2011
Соӊку аракети:
04-11-2011 13:43
Жынысы:
Белгисиз
0
en soonun kudai omurun bersin
19.07.2011. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-03-2010
Соӊку аракети:
06-03-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас атабыздын арбагы колдосун Өнөрүң өсө берсин Азамат Тьфу тьфу көз тийбесин жаман балага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: