ШАЙЛОО КАЙСЫ КҮНҮ ӨТӨТ?

Президенттик шайлоонун күнүн аныктамай накта “Санта-Барбара” сериалына айланды. Эске салсак, депутат Камчыбек Ташиев президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушун киргизсе, мамлекет башчы бул сөздү какшык катары кабыл алганын айткан. Ал эми былтыркы жылдагы Конституциялык кеңешменин бараандуу мүчөсү, өкмөттүн ЖКдагы экс-өкүлү Данияр Нарымбаев менен Баш мыйзамдын “атасы” Өмүрбек Текебаев кыйла эле бири-бирин калчылдатышты. Ошол талаш күчөп отуруп, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр мырза бул аптада кызматынан кол жууду. Ал “президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт” деп ашыкча жүктү мойнуна артып алып, таскагы катуу чыгып келе жаткан жеринен мүдүрүлдү.
Ошентип, Элдик референдумдагы шарт аткарылмай болду өңдөнөт. Анда “президенттин мөөнөтү бүтөрдөн эки ай мурун шайлоо болуп өтүшү керек” деп жазылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
arlekino
2011-07-04 10:45:17
шайлоо эрте болуп дегеле бир тынчтанып калса болот эле...
0
Arstan
2011-07-04 17:19:32
Тынч отсо экен шайлоо.
0
19zamir87
2011-07-05 11:13:18
Эмне эле шайлоо бир айдан кийин,эки айдан кийин өтөт деп айтышып,элдердин кыжырына тийишишет.Данияр мырзаны Текебаев мүдүрүлтүп жыгытса,элдин алдында эки эсеге каттуу мүдүрүлүп жыгылыт.Ойлонуп иш кылсын.Шайлоо өз убагында ж-а таза өтсүнчү хотябы бир жолу болсо да!!!
0
Elmira
2011-07-06 08:47:35
Видно что они ни честно и ответственно работают!Раз не могут решать нормально!
0
jigitt
2011-07-09 12:39:47
бутбой калган иштерин бутуро албаса керек да,болбосо неге оз убагында шайлоо отпойт.
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан