Кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз иштешкендиктен, көпчүлүгүнүн кулк-мүнөзүн, эл адында кандай да, чыныгы жүзү кандайын көрүп-билип жүрөбүз. Бул жигит улуу-кичүүгө сый мамилесинен жазбайт, тамашакөй, бирок эч качан чектен чыгып, тамашадан мазакка өтпөйт. Мына ушул мыкты жигит түгөйүн тапты. Кайдан, кандайча тапты, өзүнөн сурап-билели.
– Эрмек, сөздү кыргыздын салты менен куш боо бек болсун деп баштайлы. Түгөйлүү болуш кандай экен? Көнүп калдыңбы же дале уйкудан ойгонгондо чочуп жатасыңбы?
– Түшүнүктүү, көңүлүң каалап турган адамга туш болсоң түгөйлүү турмуш жагымдуу экен. Ыңгайсыздык жараткан жок.
– Келиндүү болгонуна баарыңан да апаң кубанып жатса керек. “Кызым жок” деп капа болот” дечү элең...
– Биз үч бир тууганбыз. Үч эркек. Үчөөбүз тең бой жеткен, өз жумуштарыбыз менен алек болуп жүрөбүз. Ошондуктан башыбыз бириккен жерден эле атам менен апам “качан үйлөнөсүңөр, бизди качан неберелүү кыласыңар?” деген маселени кабыргасынан коюшчу. Айрыкча бул сөздөр Тилек байкемдин кулагынын кужурун алып келе жаткан. “Мен бир жакшы кыз менен тааныштым” деп четин эле чыгарсам, атам менен апам илип кетишти. “Тамашоудо”, кийинүүчү бөлмөдө апам менен Чолпон бет келишип калгандыктан, экөөнү тааныштырсам, апам ошол эле жерден Чолпонду кучактап, ыйлап жиберип жатпайбы. Ошентип, мен тандаган кыз апама бир көргөндө эле жакты.
– Айланаңда көп эле сулуулар жүрөт. Алардын арасынан Чолпонду качан, кантип таап алдың?
– Чолпон менден 4 жашка кичүү. Банк кызматкери. Качан, кантип таанышканыбыз экөөбүздүн кичинекей сырыбыз бойдон калсын. Алгач телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кайсы тарапта, кайсы үйдө жашаарын болжолдоп билер элем. Бир күнү жашоодо кандай кыз экенин көргүм келип, ал жашаган үй жакка барып, телефон чалып калдым, “чык” деп. Аным болсо “чыкпайм, атам урушат” дейт. Саат кечки тогуз болчу. Таң калдым. Ал терезеде, мен жерде туруп алып 3 саатча сүйлөштүк. Бир телефондо бирдик бүтүп калса, экинчисинен чалам, аным да бүтүп калса, кайра бирдик салып келем, айтор, кызык эле болгон. Бир күнү машыгуудан тердеп, чарчап чыксам, душта бир топ адам кезекте турат. А мен “Лотого” тартылышым керек эле. Үйгө ошол тердеген боюнча жөнөп калдым. Чолпондун үйү тараптан өтүп баратып өңүн терезеден болсо да көргүм келди. Жанагыдай кебетем менен жолугушмак эмесмин да. Чалсам, “эмне, келдиңби?” дейт. “Ии” десем эле “азыр чыгам” деп калбадыбы. Мен шортычан, тердеп-кургап алгам. “Чыкпа” дедим, “неге?” деп таң калат. Шортычан экенимди, тердеп алганымды айтсам, “биз эмне, кучакташмак белек” деп өчүрдү. Анан “сени кычыраган костюм-шымчан эмес, жөн гана өзүңдү көргүм келет” деп көңүлүмдү жайгарып койду. Ага чейин сүрөттөрүн көрүп жүргөм. Өзү сүрөттөгүдөн да жагымдуу, татына кыз экен.
– Анан бат эле үйлөнүп алдың...
– Чолпон да 3 бир тууган экен. Эки агасы бар, үйдө жалгыз, атасынын эрке кызы. Эркелеткени менен, атасы абдан катуу кармайт. Экөөбүзгө чогуу кечелерге, майрамдарга баруу кыйын эле болду. Ойлонуп көрүп, ата-энеси менен таанышайын деп чечтим. Жөн гана көңүл ачуу эмес, Чолпонго мамилем олуттуу экенин билдирдим. Мени түшүнгөн атамдар болсо барып, таанышып, апрель айында Чолпонго сөйкө салып келишти. Ошентип, апрелде эле «брондоп» алгам, Чолпонду. Чынында, күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Бирок жайында көп жактарга барууну пландап калдым. Өзүм жалгыз эмес, Чолпон менен чогуу баргым келди. Анан тойду июнга белгилеп, кылчу салтынын баарын жасап, үйлөндүк.
– “Биринчи агам үйлөнсүн, анан мен” дечү элең. Күтүүгө чыдам жетпей кеттиби?
– Үйлөнөм деп шашкан деле жерим жок болчу. Ал сөздү айтып жүргөн кезимде өзүм деле андай жоопкерчиликке даяр эмес болсом керек. Балким, агамды шылтоо тутуп келгендирмин. Ачыгын айтканда, атам менен апама боорум ачыды. Калп айтпасам, 5 жылдан бери Тилек байкемди “үйлөн” дей берип чарчашты. Кээде али төрөлө элек неберелерди талашып, кызганып, экөө таарынышып кетишет. Үчөөбүздүн кичинекейибиздеги жакшы-жакшы кийимдерибизди, атүгүл оюнчуктарыбызды неберелерге деп сактап отурушат. Өзүм да балдарды аябай жакшы көрөм, балалуу болгум келет. Мына ошол нерселер мени “үйлөнүү керек” деген чечимге алып келди.
Кара-Балтага баратып Тилек байкем экөөбүз ачык сүйлөштүк, уруксат алдым. Анан атамдарга барып айттык.
– Издегениң, өмүрдү чогуу өткөзүүнү каалаганың ушул кыз экенине качан көзүң жетти? Ушул кызга үйлөнсөм деген ой качан келди?
– Жигит болгон соң кыздын келбети, кебетеси, баскан-турганы, сүйлөгөнүнө баам саласың, байкайсың дегендей. Бир көргөндө эле ал мага абдан жакты. Айрыкча менин статусума эмес, өзүмө кызыгып, мени кадимки катардагы жигит катары кабыл алганы өзгөчө жагып, көңүлүмдү кытыгылап туруп алды. Калганы бат эле болуп кетти.
– Азыр сени ити чөп жеп турган ийгиликтүү мырза деп билишет. Ийгилик кушу сени жактырабы же аны кыйынчылыктар менен кармап жүрөсүңбү?
– Кандай иш болбосун, бизнестеби, шоу дүйнөдөбү, достор арасындабы, адамгерчилик биринчи орунда болуу керек. Жеке өзүң гана пайда табуунун аракетинде, бирөөлөрдү пайдаланып кетүүнү көздөсөң, алыска барбайсың. Мен ошондой иш тутам. Мына мисалы, “Тамашоу” 2008-жылы ачылды, бирок ой 2 жыл мурун эле келген. “Неге Кыргызстанда кыргызча эмес, орусча КВН ойношубуз керек?” деп баш катырчумун. Ошол кезде КТРди Мелис Эшимканов жетектеп турган. Долбоор тууралуу айтсам колдоду. Анан “Супер-Инфого” келдим. Кылычбек байке да иштешүүгө, колдоого макулдугун берди. Экөөнөн соң “Миң кыялга”, Тынчтык байкеге бардым. Мына ошол үч күчтүү колдоонун арты менен баштап жибердик. Ушул күнгө чейин аталган өнөктөштөр менен мамилени бузбай, үзүрлүү иштешип келе жатабыз. Менин турмуштан алган сабагым да ушундай. Ийгиликке жетип, ишимден майнап чыгарам десең, адамгерчиликти биринчи орунга кой. Мамилеге так бол.
– “Тамашоудо” тартип катуубу?
– Ооба, катуу, бирок чектен чыкпайт. Жаңы баштаганда сиздердин гезит аркылуу кастинг жарыялап, анан айтылган дарекке жалгыз өзүм барып алып күтүп турар элем. Бир бала келеби, он бала келеби, долбоор жөнүндө эки саат сүйлөп берчүмүн. Мына ошол кезде өзүнө ишенкиребей же жөн гана кызыгуу менен келген балдар азыр өсүп-жетилип, интервьюларды бере башташты. Өз алдынча иштеп, акча тапканга үйрөнүштү. Аларды карап отуруп, кадимкидей жыргап сүйүнөм.
Өзүм материалдык байлыкка жутуна бербейм. Көбүрөөк жан дүйнөмдү өстүрүүгө, байытууга аракет кылам. Экөөнү чогуу алып кетүүгө алың жетсе андан жакшы. Азыр мен материалдык жагына караганда моралдык жактан баймын. Өзүмчө эле Билл Гейтсмин.
Шаиста Шатманова
star@super.kg