КҮНГӨ КҮЙҮҮ

КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Күнүнө 8 сааттан күндө болуу денсоолукка да, териге да зыяндуу. Күнгө аз аздан, акырындап күйүү абдан пайдалуу.

  • Күнгө күйүүнү 15 мүнөттөн баштоо эң туура жол болуп эсептелет. Жатып алып эмес, басып жүрүп күйгөн талапка ылайык. 3 күндөн соң көл жээгине баруунун алдында денеге күндөн сактоочу кремден жука катмар кылып сүйкөсө жакшы. Муну сууга түшүп чыккандан кийин кайра кайталоо зарыл. Эгер крем сууга туруктуу болсо, андан бетер жакшы.
  • Пляждан келгенден кийин денени атайын гель менен таза кылып жууса туура болот. Андан кийин ланолин майы же жаш балдардын креми менен калың кылып майласа жакшы жыйынтык алып келет. Таза жуул­ган дене крем же май канча калыңдыкта сүйкөлсө деле сиңире берет. Андыктан, эч кандай коркпой эле күйгөн жерлерди кө­бүрөөк майлай берүү керек. Дене күнгө көнгөнгө чейин бир канча убакыт дененин кээ бир бөлүктөрүн жаап жүргөнгө туура келет. Дененин сезгич жерлерине маңдай, мурун, бут кетмени, көкүрөк, сандын ички бөлүгү, тизенин аркасы кирет.
  • Күйүүдө баарынан мурда бетке абдан көңүл буруу зарыл. Себеби, бет күнгө эң бат күйө турган дене бөлүгү болуп эсептелет. Сууда сүзгөндөн кийин кумга көмкө­рө­ңүздөн жатыңыз же бетиңизди шляпа менен тосуп алыңыз. Эгер чалкаңыздан жатууга туура келсе, бетиңизге кремди калың катмарда коюңуз. Ал эми кечинде крем коюлган бетти таза жууш үчүн жылуу сууну колдонуу керек. Себеби, муздак сууга кремдин курамындагы майлар эрибей калат. Жылуу суу менен жууган соң, муздак суу менен чайкап койсо болот. Бет таза болгондон кийин бет жана моюнга жука катмарда крем коюп, манжанын учтары менен акырын сүртүү аркылуу сиңирүү керек.

КҮНДҮН ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ

  • Күндүн таасиринин натыйжасынан кан айлануу жакшырат, зат алмашуу ылдамдайт. Күн иммундук системаны жакшыртат. Муну менен бирге Күн нуру фагоцитоз процессине таасирин тийгизет. Фагоциттер бактерия, вирус ж.б. нерселерди өлтүрүү менен организмди коргойт. Ошондуктан, адамдар күн ну­ру аз болгон мезгилдерде, башкача айтканда, кышында жугуштуу оорулар менен көбүрөөк оорушат.
  • Адамдын организмине эң керек болгон Д витамини да күн нурунун составында эң эле көп. Д витамини сөөк жана тиштин негизги элементин түзөт. Бул витаминдин жетишсиздиги жаш балдарда сөөк тканынын бузулушуна алып келсе, чоң адамдарда сөөктүн борпоң болушуна алып келет.
  • Күн кээ бир жыныс гормондорунун иштелип чыгышын жакшыртат жана мунун жыйынтыгында адамга сүйүү, сезимталдык, ырахат сезимин тартуулайт. Курорттордогу, эс алуудагы “романдар” ушундан улам көп кездешсе керек.
  • Күн маанайды көтө­рүүчү серотонин гормонунун да бөлү­нүп чыгуусун шарттап, турмуштун оош-кыйыштарында пайда болгон көңүл чөгүүнү жок кылып турат. Мунун натыйжасында адамдар өздөрүн жаш, маанайларын көтө­рүңкү сезүүлө­рүнө шарт түзүп турат. Буга Күн аз тийген Скандинавия, Норвегия өлкөлө­рүн­дөгү өзүн-өзү өлтүрүү­лөр далил боло алат.

КҮНДҮН ЗЫЯНДУУ ЖАКТАРЫ
Күндүн ультрафиолеттүү нурларынын денеге көп өтүшү организмге өтө терс таасирин тийгизет.

  • Күндүн ашыкча нуру иммундук системаны начарлатат. Себеби, күн нурунун зыяндуу нурлары денеге ашыкча тийгенде иммундук системанын бардык күчү анын зыяндуу нурларын жок кылууга жумшалат.
  • Ультрафиолет – бат картаюунун эң негизги факторлорунун бири болуп эсептелет. Акыркы маалыматтарга караганда, УФ-нурлары териге ашыкча өлчөмдө тийиши тери рагын пайда кылат.

КҮНДӨН КОРГООЧУ КРЕМДЕРДИ ТАНДОО
Күндөн коргоочу кремдерди тандоодон мурун кремдин курамында канча пайыз SPF бар экенин билип алуу керек. Себеби, ар адамдын териси ар түрдүү деңгээлде күнгө күйөт.
SPF – бул күнгө күйүүдөн коргоочу кремдин терини канчалык деңгээлде коргой алаарын, канча убакытка чыдай алаарын билдирип турган фактор.
Курамында канча пайыз SPF бар кремди канча убакыт күндө болооруңузга карап тандасаңыз болот. Мисалы, SPF 5 деген жазуусу бар крем териңизди 50 мүнөт коргойт. Ал эми SPF 20 деген жазуусу бар крем денеңизди 200 мүнөт, башкача айтканда, 3 саат 20 мүнөт коргойт. Кремдин курамындагы SPF пайызы көбөйгөн сайын анын коргоо убактысы көбөйө берет. Бирок, бул кремдерди колдонуу тери такыр күйбөй, мурунку калыбында калат дегенди билдирбейт. Бул кремдер теринин эч кандай каражатсыз 10 мүнөттө күйө турган пайызын узагыраак убакытка созот.

Күндүн аптабы куйкалап турган маалда адамдар көлөкө менен салкынды гана эңсеп калышат эмеспи. Ооба, ошондой кезде турмуштун бардык маселелерин унутуп, Көл жээгинде эс алууга эмне жетсин?! Эмесе, гезитибиздин кийинки санынан окуңуздар:

ЫСЫККӨЛ-2006

  • Такси, автобус, маршруткалардын жолкирелери;
  • Ысыккөлдөгү пансионаттардын баалары;
  • Быйыл сууга тү­шүү­чү кандай кийимдер модада?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан