МАРСТА СЕКС БАРБЫ?

Эгер так берсек, анда сурообуз “орбитада секс барбы?” деп аталат. Бул суроого илимий эксперттер жооп беришет.

РАСМИЙ ТҮРДӨ
Орусиялык илимий булактардын биринде да орбитадагы секс тууралуу маалымат жок. NASA (АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы) да “эч качан бул багыттагы эксперименттер жүргүзүлгөн эмес” дейт. Орбитада секс болгону менен, тийиштүү башкармалык бул тууралуу билбесечи? Мындай суроо 1991-жылы биринчи ирет космонавт үй-бүлө космоско учканда пайда болгон. Ошондо АКШлык жубайлар Марк Ли менен Жен Дэвис учкан эле.
Негизи эле үй-бүлөлүү жупту орбитага бирге учурууга уруксат жок. Бул секс үчүн эмес, ишке жаман таасир тийгизет делген үчүн. Бирок Марк менен Жен учууга аз мөөнөт калганда баш кошушкандыктан, аларды аргасыз бирге учурууга туура келген. Астронавттар космостогу секс темасында сөз кылууну жактырышпайт. Марк менен Жен да бул жааттагы суроолорго жооп беришкен эмес.

ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН АЛЫП КАРАГАНДА
Орбитада адамга таасир берүүчү факторлор көп. Стресс, салмаксыздык, космос кемесинин ичинин тардыгынан жекече боло албоо, радиация, кеменин иштешинен чыккан үндөр... Булардын баары космонавттардын сексуалдык каалоосуна терс таасирин тийгизет.
Анын үстүнө кемеде ысык болгондуктан, космонавттар абдан тердешет. Салмаксыздык баш айлануу менен көңүл айланууну да жаратат. Булардан тышкары секс учурунда ар тарапка учуп кетпөөлөрү үчүн аял менен эркек бир амал ойлоп табышы керек. Салмаксыздык кан басымды төмөндөткөндүктөн, эркектердин жыныстык мүчөсүнүн чыңалуусу да кыйын. Мына ушул айтылган жагдайларда аял, эркектин секс менен алектенүүсү мүмкүн эместей туюлат. Антсе да “орбитада секс бар” деген маалымат айтылат.

ЭКСПЕРИМЕНТТЕР БОЛГОНБУ?
Пьер Колер аттуу илимпоз илимий китептеринин биринде 1996-жылы NASA космосто секс жаатында жашыруун эксперимент жүргүзгөнүн баяндайт. Китепте: “Алгач орбитада колдонуп көрүүгө мүмкүн делген жыныстык катнаштын 10 түрү компьютерден тандалып алынган. Бирок иш жүзүндө аял менен эркек алардын 4 гана түрүн өз алдыларынча колдоно аларлыгы далилденген. Калган 6 түрү үчүн серпилгичтүү кур, уктоочу капты элестеткен үйлөп толтуруучу түтүк керектелген. Төшөк оюну видеого тартылып алынган. Бирок NASA бул экспериментин жашыруун кармап, сыртка чыгарбай келет”,- деп жазылган.


SEXY? SUPER SEXY!
Сексуалдуулуктун бир сыры
Америкалык белгилүү ырчы Гвен Стефани сырткы көрүнүшү жагынан сулуу болбосо да, өзүн сексуалдуу деп эсептейт. Чынында эле, ал келишимдүү келбетке ээ эмес, анын үстүнө мурду да татына көрүнбөйт. Бирок ал “сексуалдуулук сырткы келбеттен эмес, аялдын өзүнө ишениминен болот” дейт.
Өзүңө ишенимдүү болууга жөнөкөй көнүгүү жардам берет. Бөлмөдө жалгыз калып, жылаңачтан. Анан күзгүнүн маңдайына келип, алгач денеңдин өзүңө жаккан бөлүктөрүн суктануу менен кара. Мисалы, коюу чачыңды, ууртуңдагы чуңкурчаны...
Ушинтип өзүңдүн жакшы жактарыңды сүйүүнү, баалоону үйрөн.
Анан кийин гана сага жакпаган бөлүктөрүңдү кара. Айта кетчү нерсе, сени жактырган адам сенин жакшы жактарыңды көрүп сүйүнөрүн унутпа. Демек, өзүңдү сени сүйгөн адамдын көзү менен кара.

Дагы кандай сырлары бар?

  • Жагымдуу эркек жолугуп калса, жакшына жылмай.
  • Атырдан киндигиңе жана мойнуңа сээп жүр.
  • Эриндерди жылтырак помада менен боё.
  • Кийимдин төшү ачык болсун (V формада).
  • Караган эркектердин көз кычуусун кандыруу үчүн жакшы бийлөөнү үйрөн.
  • Акыл-эс кампаңды кеңейт. Акылдуулук – сексуалдуулуктун да белгиси.
  • Гүлдүн жыты жыттанган шампунь менен баш жуугун. Чачың гүл жыттанып, эркектин эсин эки кылып турсун.
  • Узун, бирок башы тегерек тырмактар учтуу тырмактарга караганда жагымдуу көрүнөрүн эске ал.
  • Ич кийимдер болор-болбос көрүнүп тургандай жука материалдан тигилген кийимдерди кий.
  • Маралдай керилип бас (жамбашты жеңил чайпап).


Эротикалык окуя

ТАР ДААРАТКАНАДАГЫ КАЙФ
Бир жолу таякем чайга чакыргандан барып калсам, коноктор менен кошо бизге туугандык жайы бар Асия да жүрөт. Асия мурун турмушка чыгып, ажырашкан, келишкен жубан эле жана экөөбүз мурунтан тааныш болчубуз. Жолугуп калган жерлерде ага тийишип, “качан түндү чогуу өткөрөбүз?” деп калчумун. Бирок аны менен төшөктө бир жатып, моокумумду кандыруу максатым ишке ашпай келе жаткан.
Сексуалдуу экендиги сыртынан эле көрүнүп турчу. Эки эмчеги тырсыйып, жамбашы “аппетитти” ачып дөмпөйүп... Өзү кылыктанып, тийишип сүйлөп дегендей.
Туугандар болуп аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, бир кезде ашкана жакка жөнөдүм. Карасам, Асия дааратканага кирип баратат. Коридордо эч ким көрүнбөгөндүктөн, даараткананын эшигин жаптырбай кармап калдым да кошо кирип, илгичти илдим.
Асиянын көзү тостоюп “жиндисиң го” дебеспи. Ага караймынбы?! Дароо эле сыга кучактап, дубалга такап алып өпкүлөй баштадым.
Ал да акырындап дүүлүгө баштады көрүнөт, футболкамды түрүп, жылаңач денемди кучактап, мага жабышып алды. Узакка өбүшкөнүбүздөн кийин эмчегинен мыкчый кармап, колумду акырындан төмөнгө жибердим. Трусасынын ичи нымдалышып калыптыр. Чыдабай кеттим да анысын шыпырып жибердим. Анан тар даараткананын ичинде оюнубузду баштадык. Асия акырындан онтой мага жалына баштады. Берилип кетти окшойт, бир кезде үнү катуу чыгып кетпеспи. Үйдөгүлөр биздин акышты угуп койбосун деп сууну агызгыча шаштым. Асия мени ого бетер дүүлүктүрүү үчүн “аспабымды” кармалай, жамбашымды сыга кучактайт...
Акыры ишибизди бүтүрүп, эсибиз оой туруп калдык.
Анан алгач ал, бир аздан кийин мен дааратканадан чыгып, элге билинбей аралашып кеттик.

Сема


Эротикалык жаңылыктар

ДҮЙНӨ КЫДЫРЫП, СҮРӨТКӨ ЖЫЛАҢАЧ ТҮШКӨН БИЙКЕЧ
Япониялык Миру аттуу кыз таң каларлык хоббиси менен айырмаланууда. Ал кичинесинен уялчаак, тартынчаак эле. Жалгыз калгандан, караңгыдан жана ташталган имараттардан корккон кыз болчу. Ошол фобияларынан жана мүнөзүндөгү кемчиликтеринен арылуу үчүн ал дүйнө кыдырып туннелдерде, көпүрөлөрдө, ташталган фабрика-заводдордо жылаңач сүрөткө түшүүдө.
Миру Нью-Йорктогу Медициналык университетти аяктаган. Алгач жылаңачтанып сүрөткө түшүүнү 2004-жылы баштаган. Андан бери өзүн кыйнаган кемчиликтерден четинен кутулуп келет. Миру өзү “мурун коркунучтуу сезилген шаар калдыктарынын арасында же бийик көпүрөдө азыр жылаңач калганымда ал жерлер мага жайлуу жана коркунучсуз сезилет” дейт.

БАЙЛАРДЫН АЙДООЧУЛАРЫН КАЙЫРМАККА ИЛИНТИП...
Сауд Арабиясында үй кызматчысы болуп күн кечирип жаткан индонезиялык кыз жалаң байлардын айдоочуларын кайырмакка илип келген. Тактап айтканда, ал айдоочулардын телефон номерлерин таап, аларга жылаңач сүрөттөрү менен эротикалык СМСтерди жиберип турган. Анын секс-кызматынан көптөр колдонгон.
Анын мындай жоругу кокусунан ачылган. Үйүнө эрте кайтып келген кожоюн айдоочусу сойку менен жатканын көрүп калып, полицияга берип салган. Полиция кызматкери кыздын телефонун текшергенде андан түрдүү позада түшкөн сүрөттөр, шумдуктуу СМСтер чыккан.

ПИКАССОНУН ОЙНОШТОРУНУН СҮРӨТТӨРҮ КЫМБАТ САТЫЛДЫ
Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун 3 ойношунун сүрөтү Англиядагы аукциондо кымбатка сатылды. Эң кымбаты “Дора Маардын портрети” болду. Ал баштапкы баасынан 3 эсе кымбатка, 29 миллион долларга өттү. Ал эми сүрөтчүнүн ойношу Мария-Тереза Вальтердин сүрөтү тартылган “Уйкудагы сулуу” лотто 22 миллион долларга бааланды.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
monchok
2011-07-11 12:35:55
кокуууй
0
rysik79
2011-07-11 13:42:25
эробекеттин тузу кемирээк
0
kyrgyzajym
2011-07-11 17:45:41
Aj-aj-aj Sema;)
0
Bren2
2011-07-13 16:52:18
Чуудоо!!!
0
honestbek
2011-08-12 11:12:36
малдес жубан экен ээ"" шарющий Сема экен
0
far0289
2011-08-13 14:24:20
ай сема сема
0
Aybekk
2011-08-29 04:17:32
пиздец экенминго семааа!!!
0
Mika-47
2011-11-11 13:55:58
ох энен, десе!!!!
0
86kuzy
2012-02-06 22:02:35
Бир аз тузу кем
0
zamirbeka
2013-06-02 21:28:20
Даа,тапкан жайларын дааратканада...
0
admin_superstan
2016-04-08 10:30:13
Aseyin, этика нормаларын сактаңыз жана сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Буга чейин эскертилген. 3 күнгө БАН!
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан