Германиянын Гамбург шаарында украиналык мушкер, IBF, WBO версиялары боюнча чемпион Владимир Кличко WBA версиясынын чемпиону – британиялык Дэвид Хэй менен беттешти. Жыйынтыгында Володя үч калыстын чечими менен 118:108, 117:109, 116:110 эсептеринде жеңип, үчүнчү куруна ээ болду. Агасы Виталийдин WBС версиясында чемпион экенин эске алсак, супер оор салмактагы чемпиондук курдун төртөө тең бир тууган Кличколордун карамагына өттү.
Ала көөдөн Хэй беттешке чейин "жейм", "жутам" деп, атаандашын теңсинбей, кол бербей жүргөн. Эми минтип жеңилүүгө моюн сунуп, "Кличко – улуу мушкер" деп айтып, кол да берди.