МАРИЯ ШАРАПОВА орусча так сүйлөй албайбы?

Бул сапар коногубуз орусиялык теннисчи, бир кездеги дүйнөнүн 1-ракеткасы Мария Шарапова болмокчу. “Айкыргыч Золушка” атка конгон каарманыбыздын корттогу, жеке жашоосундагы жана бизнес жаатындагы жетишкендиктери талкууга алынмакчы. Акыркы кездерде жараатынан улам көрүнбөй кеткен Маша “Уимблдон” мелдешинин финалына чыгуу менен көңүл бурдурду. Токтолбой ал тууралуу кеп козгоону эп көрдүк.

МАРИЯ ЮРЬЕВНА ШАРАПОВА
Туулган жылы
– 1987-жыл, 19-апрель
Туулган жери – Нягань шаары, Орусия
Бою – 188 сантиметр, салмагы – 59 килограмм
Бут кийиминин өлчөмү – 43
Жетишкендиктери – Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 3 ири мелдешти: “Уимблдон-2004”, АКШнын ачык чемпиондугу (2006) жана Австралиянын ачык чемпиондугун (2008) багындырган. Орусиянын жараны.
2001-жылдан бери профессионалдык теннисте 15 миллион 150 миң 304 доллар иштеп тапкан.
Бойдок. Учурда Флорида штатындагы Брадентон шаарында жашайт.

ЧЕМПИОНДУККА БИР КАДАМ ЖЕТПЕЙ...
Бул финал Мариянын 2008-жыл­кы оң желкесинен алган жарааттан сакайгандан кийинки алгачкы беделдүү финалы болду. Беттеш алдында берген интервьюсунда ал: “Бул финал – өмүрүмдөгү эң маанилүү кармаш”,- деген. Тилекке каршы, ошол эң маанилүү кармашта жеңиш тизгини чехиялык атаандашы Петра Квитованын колунда болду (6:3, 6:4 эсептеринде жеңди). Аталган мелдешти 7 жылдан соң кайра утуу тилеги таш каап, “Күлчү” жомогу ийгиликсиз аяктап калды. Антсе да анын бул көрсөткүчүн чоң спортко “ийгиликтүү” кайтып келүү деп койсок болот.
Эске салсак, Мария профессионалдык спорт менен 2001-жылдан бери алектенет. Чоң шлем мелдештерине 2003-жылы дебют жасап, бир жылдан соң 17 жашында “Уимблдонду” жеңип алган эле.

ӨЗ МЕКЕНИНДЕ ӨГӨЙБҮ?
Мариянын ишке аша элек кыялы – Орусиянын желегин Олимпиадада желбиретүү. Ал 2008-жылы Бээжин Олимпиадасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн улуттук курама командага кирип, Федерациялар кубогунда оюн көргөзөт. Бирок Кытайда Олимпиада башталарына аз калганда “1 алтынды камсыздадык” деген орустардын кубанычына чек коюлуп, Мария “Монреал” мелдешинде кокусунан жаракат алат. Ошентип, ал Олимпиадага барбай калат. Эми ал “Лондон-2012” Олимпиадасында алтын алууну ойлоп жатат.
Анткен менен орус кызы “Уимблдон” финалынын алдында кайсы бир басылмага берген интервьюсунда Орусия тараптан эч кандай колдоо таппаганын айткан. Мекенинен ата-энесинен башка эч ким ал-жай сурабасын кошумчалаган. Маша 7 жашында Флоридадагы Нико Болеттьери теннис академиясына кабыл алынгандан бери Америкада жашайт. Ушундан улам аны мекендештери жакынсынбаса керек. Андан тышкары орус басылмаларынан Мариянын орусча сүйлөгөнүн сындаган макалаларды байма-бай көрүүгө болот. Жадакалса “Мария орусча сүйлөй албайт” деген маалыматтар да бар. Негизи, Мария Орусияга караганда англис тилдүү чет жерлерде көбүрөөк бааланары айтылып жүрөт. Буга айрым беттештерде оюн аянтчасы анын сүрөттөрүнүн курчоосунда калганы мисал болуп бере алат. Эмне болгон күндө да, орус экени менен сыймыктанарын жана патриот экенин баса белгилеп келет.

КҮЛЧҮНҮН ХАНЗААДАСЫ ЖЕ САША + МАША
Мария 2010-жылдын октябрынан тарта словениялык баскетболчу, “Лос-Анжелес Лейкерстин” оюнчусу Саша Вуячич менен махабат баянын куруп келет. 27 жаштагы баскетболчу учурда НБАнын сезонунун аяктаганынан пайдаланып, сүйүктүүсүн бардык мелдештерде коштоп жүрөт. Жаштардын махабат баяны достуктан өнүп чыгып, учурда жогорку чегине жетип турган чагы. Алардын былтыр күзүндө орун алчу үлпөт тою белгисиз себептерден улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Вуячичке чейин Шарапованы NBC телеканалынын президентинин уулу Чарли Эберлес, англиялык «Maroon 5» тобунун солисти Адам Ливайн менен байланыштырып келишкен. Андан тышкары кесиптеши, теннис академиясынын бүтүрүүчүсү Энди Роддик экөөнүн романтикалуу мамилелери тууралуу да кептер тараган.

КАНТИП ЖАН БАГЫШТЫ БИЛЕТ
Жакында “Форбс” басылмасы адаттагыдай эле жылдын эң бай спортчуларынын тизмесин жарыялады. Жыл ичинде 25 миллион доллар иштеп тапкан Мария 29-сапта орун алып, алгачкы элүүлүккө кирген жалгыз орус жана жалгыз айым болду. Эске салсак, бул жылкы кирешесинин басымдуу бөлүгүн корт тышында “Nike” жана “Cole Haan” фирмалары менен иштешүүдө тапкан.
Мариянын алгачкы демөөрчүсү “Моторола” компаниясы болгон жана азыр да кызматташып келет. Андан тышкары ал учурда “Colgate-Palmolive”, “Nike”, “Tiffany”, “Land Rover”, “Honda”, “Microsoft”, “Pepsi” жана “TAG Heuer” сыяктуу бир катар фирмалардын жүзү болуп эсептелет. “Акча эч качан жетиштүү болбойт” деген Мария учурда Орусиянын да эң бай спортчуларынын катарында.
Шарапова карапайым үй-бүлөдө туулган. Кезинде атасы Юрий куруучу болсо, апасы Елена үй кожойкеси болгон. Учурда алар миллионер кыздын ата-энелик милдетин аркалашат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Маша оюн талаасында эң катуу кыйкырган теннисчи айым. Анын кыйкырыгы 101,2 децибелди түзөт. Бул көрсөткүч тоннелде бараткан метропоезддин, иштеп жаткан бензопиланын үнүнөн ашып түшөт. Ал бул жоругун “коомчулукка ойноо, атаандашты сестентүү” деп жоругандарга кошулбайт. Көнүмүш адат экенин айтат.
  • Мария учурда америкалык жазуучу Теа Обрехттин калемине таандык “Жолборстун жубайы” аттуу китепти окуп жатат.
  • Мария төрөлөрүнө үч ай калганда ата-энеси Беларустун Гомель шаарынан Няганга Чернобыль кырсыгынын таасиринен улам журт которушкан.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
19zamir87
2011-07-12 15:55:48
Мария спортто бензопиланын үнүнөн да каттуу кыйкырса,анда төшөктө ....???
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан