Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«СҮЙҮҮ ЗАКЫМЫ» белгисиз сүрөтчүгө арналган

№453 8-14-июль, 2011-жыл


Искусство үчүн курмандык, сүйүүгө туруктуулук, мекенге болгон кусалык “Сүйүү закымы” тасмасында өзгөчө сүрөттөлгөн. Тасмага катылган сырды чечүүгө канчалаган адамдар аракет кылышпасын, майнап чыкпай келет. Табышмактуу аяктаган тасма кыргыз кереметинин катарын толуктайт.

Тарткан өлкөлөр – Кыргызстан, Тажикстан, Сирия
Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Төлөмүш Океев
Сценарийин жазган – Тимур Зульфикаров
Оператору – Нуртай Борбиев
Сүрөтчүлөр – Рустам Одинаев, Сергей Романкулов
Бет ачары –1987-жыл, сентябрь (Москва)
Башкы каармандар – Ходжадур Нарлиев, Асел Эшимбекова, Мухаммад-Али Махмадов, Фархад Мирзоев, Фаррух Касымов, Элвира Болдонова, Токон Дайырбеков, Эдилбек Чокубаев

ӨНӨР ЭЧ НЕРСЕГЕ БАГЫНБАЙТ
Орто кылым, Бухара шаары.Карапачы Муфаззалдын даңкы алыска кеткени менен, жүрөгүндө чоң арманы бар. Анткени анын артында өнөрүн улантуучу уулу жок. Ошол күндөрдүн биринде күң базардан Алтынбүбү аттуу кыргыз кызын көрүп, кыздын көздөрүнө ашык болгон уста аны сатып алат.
Алтынбүбүнүн да өз тарыхы бар эле. Жактырган жигити менен көл жээгинде ойноп жүргөндө капыстан келген кербендер кол салып, жигитин өлтүрүп, өзүн күңдүккө сатышкан. Тагдырына баш ийбеген Алтынбүбүнү Муфаззал кош теректин ортосуна колу-бутун алтын чынжыр менен кишендеп коюп багат. Ал «мага уул төрөп берсең, биротоло бошотом» деп сөз берет. Алтынбүбү уул төрөп берет. Бирок уста антын бузуп, «эми бизди уулубуз бириктирди» деген сөзүнөн кийин ымыркайга карабастан, качып кетет.
Көздөрү апасына окшош, усталыкты атасынан мурастап алганМанинин 12 жашында даңкы чыга баштайт. Атасынын ичи тар душмандары Манини алдап жетелеп барып, оң колун арабага тебелетип жанчып салышат. Бир колу менен калса да, Мани тагдыры менен күрөшүүнү чечет. Ал бир колдуу сүрөтчү Шавкатты издөө үчүн үйүнөн аттанат. Алдыда бир топ жолду жеңип, Шавкатты таап, андан бир топ өнөрдү үйрөнүп, атагы чыгат. Мекенине келе жатып атасынын “уулум, кетип бара жатканда улуу тоонун арасында көз жашындай тунук Ысык-Көл деген жер бар. Сенин апаң Алтынбүбүнүн жери ошол. Ошол жерге сыйын” деген насаатын эстеп, Ысык-Көлгө келет.

БЕЛГИСИЗ СҮРӨТЧҮНҮН ЭЛЕСИНЕ
Гений үчүн мезгилдин айырмасы жок. Орто кылымда көркөм шаарларды курган колу жок сүрөтчү, архитектор – тасмадагы Манинин прототиби. Ал тууралуу уламыштар өтө көп. Тажик акыны Тимур Зульфикаров: “Мен легендарлуу сүрөтчү тууралуу мыкты чыгарма жаздым. Бирок тасма кылып тартууга ким даайт?”- дейт. Төлөмүш Океевдин бул ишке белсенгени да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени ал дагы өз мезгилинин генийи болчу.
Тасманы тарткан оператор Нуртай Борбиев тасма жөнүндө кызыктарды айтып берди. «Мага бардыгы “эмне үчүн тасма түшүнүксүз бүтүп калды?” деп суроо беришет. Көрүүчүлөргө түшүнүксүз болгон бул эпизоддор режиссёрдун өзүнө гана түшүнүктүү болгон философиялык ой-толгоосу деп ойлойм. Тасма бүтүндөй эле философия. “Махабат закымы” деген аталыштын да өз философиясы бар. Көз алдына укмуштай шаардын элеси келе берет эмеспи. Бул – жаш сүрөтчүнүн белгисиз бир закымга болгон сүйүүсү. Ал эми канга боёлгон жер-жемиш тууралуу ирандыктардын мистикасы бар экен. Тасма боюнча көп нерселерди Океев тирүү болсо, мыкты айтып бермек».

ЖЫЛАҢАЧ ЭПИЗОД КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
Тасма 6 айдын ичинде тартылып бүткөн. Дүйшөмбү, Дамаск, Хива шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Алтынбүбү керилген кош теректин түбүндө бийлеген жер Дүйшөмбүдөгү Кашанги кыштагынын дал ортосу. Күң базар Сирияда тартылган. Ал эми Алтынбүбүнүн ролун атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова аткарган.
Төлөмүш Океев бул ролго ылайыктуу кызды бүткүл Союз боюнча издеген экен. «Миң бир түн» фильминде Шахрезаданын ролун ойногон актриса Елена Тонунц Алтынбүбүнүн ролуна жалгыз талапкер болгону менен, акыркы учурда Асел Эшимбекова тандалып калат. Тасмада Алтынбүбү жылаңач болгон эпизоддор бар. Аларды бурят кызы аткарып берген.
Кичинекей Мани тууралуу Нуртай агай төмөндөгүлөрдү айтат: “Дамасктын базарын кыдырып, үйдөгүлөргө сувенирлерди алып жатканмын. 11 лирге бир зажигалка алгам. Ал эми Манинин ролун аткарган Фархад 11 лирге 3 зажигалка алыптыр. “Кыргыз соодалаша алмак беле, тажик соодалашат да” деп аябай күлгөнүбүз эсимде. Фильмде Манинин колун бастырып кеткен эпизод бар эмеспи. Манинин колун ошол жолдогу топуракка көөмп, үстүнөн араба менен бастырып өтүп тартканбыз».

Нуржамал Жийдебаева, Лунара Бекиева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
11.07.2011. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
07-09-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
0
менда тушунбой калгам баласы энесин аркы дуйнодон суйуп калчы беле...иши кылса философия
11.07.2011. 13:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
05-05-2011
Соӊку аракети:
18-01-2016 11:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул тасма абдан жагат!ото терен филасофиялык мааниге ээ тасмалардын бири деп ойлойм!а Алтынбубунун образын Асель Эшимбекова эжекебиз мыкты ачып берген.
11.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-04-2007
Соӊку аракети:
13-03-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
мага ыр жагат фильмдеги!!!
11.07.2011. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
03-06-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Коп коргом дагы да болсо коро берем . Сонун кино.
11.07.2011. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-02-2011
Соӊку аракети:
03-04-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
БУл кино чынында чон маанилуу кино. кинолордун мыктысы
11.07.2011. 23:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, аягы тушунуксуз болгону менен, сулуулук, сырдуулук менен бул тасма айрыкча тамшандырат
12.07.2011. 00:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
05-07-2010
Соӊку аракети:
30-04-2012 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Суперинфонун кызматкерлери чынында биздин кинолор аябай сонун, бирок корууго мумкунчулук жок, чет жерде журобуз таптакыр мумкунчулук жок, инеттен да таппай келебиз, силерде мумкунчулук барбы жуктоого, мен аябай сагындым мекенимди
12.07.2011. 06:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-06-2011
Соӊку аракети:
17-04-2016 03:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooba ''bagdat'' tuura aitasyn mumkunchuluk bolso albette men dagy juktoit elem jany kinolordu,
12.07.2011. 14:24 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
07-12-2012 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кинону кичинемде көргөм,негедир салыштыра келсең азыркы кинолорго салыштырмалуу жакшы тартылган акыры түшүнүксүз болсо да!
12.07.2011. 17:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
20-06-2011
Соӊку аракети:
10-05-2013 22:35
Жынысы:
Белгисиз
0
колдон келсе кайра жанылап тартса болот эле жаны технология менен деген ой да
14.07.2011. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
30-03-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Мага да абдан жагат бул кино, коргон сайын кайрадан коргум келе берет, ушундай кинону жараткан Толомуш агабызга рахмат.
15.07.2011. 05:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
12-05-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
bagdat мен сизге кошулам. Кыргыз кинолорун жүктөп коюшса жакшы болмок. Кээ бир пиратский дисктерден башкасын көрүү мүмкүн эмес. Биздин чыныгы режиссерлордун кинолорун көрүүгө куштармын. А кино боюнча мен ушул кино менен жашап келем десем жаңылышпайм.
17.07.2011. 21:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
14-08-2013 04:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты фильмдердин бирине кирет. Аягы эле тушунуксуз болуп калганы окундурот.
25.07.2011. 01:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
12-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
0
bul kınonu kaydan tapsak bolot?
29.07.2011. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
15-03-2011
Соӊку аракети:
03-01-2018 04:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Okean jeegi
0
Asel Eshimbekova apasynan otposo da kem emes aktrisa bolmok,ui-bulosuno karap chykpai kalgany okundurot. Az birok saz roldoru Altynbubu,Begimai! kancha korsom da tajabayt elem.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: