(Вибратордун тарыхынан кыскача)
ВИБРАТОРЛУУ ФАЛЛОС
Маалыматка караганда, вибраторлуу фаллосту (эркектин жасалма мүчөсү) биринчи жолу Маргарита Наваррская (Королева Марго) ойлоп чыгарган. Наваррская (1553-1615-жылдары жашаган) ойноштору көп француз падышасы Генрих IVтүн жубайы болгон. Ал эркекти сагынгандан улам жасалма фаллос орнотулган отургучту ойлоп табат. Отургучтагы чакан механизмди иштеткенде жасалма мүчө ишке кирип, Маргаританы бакытка балкыткан.
ОРГАЗМ ҮЧҮН 5 ДОЛЛАР
Аялдарга арналган вибраторлор массалык түрдө 1869-жылы АКШда чыгарыла баштаган. Өлкөдөгү согуштан кийин эркектердин жетишсиздиги катуу билинген. Ошондо нью-йорктук психиатр Жорж Тейлор сыртынан караганда пулемёттун кейпине окшошуп кете турган механизм ойлоп табат. Механизмге орнотулган таяктын учуна вибратор орнотулат. Аялдар, ошентип, 5 доллар төлөп жыргалга батуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (мындай секс-сеанстар атайын жайда өткөрүлгөн).
ВИБРАТОРЛУУ ТРУСА
Замандын өнүгүшү менен вибратордун түрлөрү ойлонуп табылган. Учурда кайда болбосун секс-шоптор көп. Андай дүкөндөрдөн айымдар каалагандай вибраторлорду сатып ала алышат.
Мисалы, жакында орусиялык секс-шоптордо вибраторлуу труса пайда болду (вибраторлуу труса – пульт менен иштеткенде кыймылдап, айланып туруучу эркектин жасалма жыныс мүчөсү бекитилген труса). Демек, Кыргызстанга жакын арада келет. Мындай оюнчугу бар трусалар Европада эле 8 миллионго жакын сатылган.
Биз сөз кылып жаткандагыдай труса америкалык «Жылаңач чындык» (“Голая правда”) аттуу романтикалык комедияда чагылдырылат. Фильмде кыз ресторанга вибраторлуу труса кийип барат. Вибраторду башкаруучу пульт кыздын колунан түшүп, аны өспүрүм бала алып алат. Бала кнопканы басары менен вибратор иштеп баштап, бирөөлөр менен баарлашып отурган кыз оргазмга жетет.
ҮЧҮНЧҮ КӨЗ ЭКИ БУТУБУЗДУН ОРТОСУНДАБЫ?
Сыягы жакын арада келечекти билүү үчүн көзү ачыктарга баруу токтойт окшоп калды. Анткени Москвадагы психолог Павел Лунев “адамдагы 3-көз эки бутубуздун ортосунда” деген ачылышты таратууда. Анда кененирээк сөз кылалы.
Лунев өз сөзүндө:
“Келечекти билүү үчүн өзгөчө таланттын деле кереги жок. Келечекти билүү бул – адам баласынын мээсинин тубаса жөндөмдүүлүгү. Кептин баары оң таасир берүүчү энергияда. Мисалы, оргазм... Дал ошол оргазм кезинде биздин акыл-эсибиз башкача абалда болот. Адам өзүн кандайдыр бир өзгөчө дүйнөдө калгандай сезет. Бул абалды француздар “кичине өлүм” деп аташат. Мына ушул көз ирмемдерде келечек тууралуу маалымат алууга мүмкүн. Биздин бул жаатта жүргүзгөн эксперименттер убагында 40 жаштагы Марина Суслова аттуу аял оргазм кезинде өзүнүн кызын машина коюп кетерин көргөн. Анан дароо эле үйүнө чалып, кызы тууралуу сураган. Көрсө, кызы аман-соо экен. Бул көрүнүш Маринага кийинки 2 күн тең оргазм кезинде көрүнөт. 4-күнү кызын чындап машина коюп кетти, бирок кыз жеңил жаракат алып, аман калды.
Дагы бир аял эксперимент кезинде (оргазм учурунда) өзүнүн Нью-Йоркто жүргөнүн көрдү. Ал “акчам жок болсо, аякка кантип бармак элем?” деп күлдү. Бирок 1 ай өтпөй аны авдокат издеп келди. Көрсө, анын Нью-Йоркто жашаган тууганы бар болуп чыкты жана ал мурасынын бир бөлүгүн ага калтырыптыр”,- дейт.
Жагымдуу музыка, шампан жана бүлбүл күйгөн шам. Бул жакшы. Бирок төшөк оюну кезинде ыңгайсыз учурлар кездешет. Андай учурда айымдар эмне кылуусу керек?
№1-МАСЕЛЕ
Дүүлүккөнүңүздөр ушунчалык, кийимдерди туш келди ыргытып, бири-бириңиздердин кучагыңыздарга кулоого шашыла баштадыңыздар. Бирок ошол кезде сиз эски же бир жери сөгүлүп кеткен труса кийип келгениңизди эми байкадыңыз.
Эмне кылуу керек? Паникага алдырбаңыз! Дароо сүйүктүүңүздөн көзүн 1 мүнөткө жуумп туруусун сураныңыз. Ал көзүн жумары менен сиз чечинип, шап төшөккө кирип кетиңиз.
А эгер шеригиңиз кокус жанагыдай ич кийимиңизди байкап калып, шылдыңга алса, анда андай адам менен мамилеңизди үзүүнү ойлой берсеңиз болот. Анткени эркек-аял мамилесинде трусанын көрүнүшү роль ойнобошу керек.
№2-МАСЕЛЕ
Сиздер төшөктөсүздөр. Бардыгы супер. Бирок кошулуу ыкмасын өзгөртөйүн дегениңиздерде сиздин алды жагыңыздан (жыныс кыныңыздан) жагымсыз үн чыгып кетти.
Эмне кылуу керек? Эркектин “алигиси” терең кире турган кээ бир кошулуу ыкмаларында жыныс кынынан өз алдынча эле жагымсыз үн чыгат. Бул жыныс кынына кирген аба чыккандагы үн. Табигый физиологиялык көрүнүш болгондуктан, мунун уяты жок. Мындай көрүнүшкө юмор менен караңыз. Шеригиңиз кокус үндү угуп калса, “табияттын кылганы” деп айтып, алаканыңызды жайып, кашыңызды көтөрүп жылмайып коюңуз.
№3-МАСЕЛЕ
Сиз эми гана жыргай баштаганыңызда шеригиңиз ишин бүтүп, сулк жатып калды. Сизге оргазмга али көп бар.
Эмне кылуу керек? Таарынуунун кереги жок. Андан көрө ал эс алгыча күтүңүз. Анан “менин кош алмамды, дегеле денемди сылап-сыйпагылачы. Кучактап, эркелетчи. Жана баары жакшы болгон. Бирок мен оргазм алгым келет” деген сыяктуу сөздөр менен кайрылыңыз. Ал баарын түшүнүп, сизди кандырууга аракет кылат. А сиз максатыңызга жетесиз.
Машинаны жүргүзүү үчүн ачкыч керектелет. Ал эми эркектерди “жүргүзүү” үчүн кээсине аялдардын торлонгон узун байпагы керектелсе, кээ бирине ачууланган аялдын кебетеси жетиштүү. Анда толугураак маалымат.
Британиялык сексологдор “Эркектерди эмнелер дүүлүктүрөт?” деген темада сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында түрдүү варианттар келип чыккан:
Ушулардан улам эркектердин бирөөлөрү үчүн угуу, бирөөлөрү үчүн көрүү, бирөөлөрү үчүн жыт билүү сезими роль ойноору дагы бир ирет тастыкталды.
Астра Айдарова
erotika@super.kg