Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗДАР ТҮРКӨЙ ЭМЕС, ТҮПТҮҮ ЭЛ

№454 15-21-июль, 2011-жыл


Кыргыздар, өз баалуулугубузду биле жүрсөк. "Кыргыз түркөй, малдан башканы билген эмес" деген кептер да көп. Бирок ошол эле тоодо жүрүп, терең философияны, ден соолукка, сулуулукка кам көрүүнү цивилизацияга жеткен элден кем билген эмес. Улуттук мурасты жайылтуучу фонддун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов бул тууралуу айтып берди.

ЭЛЕЧЕК – КЕЛБЕТТҮҮЛҮКТҮН ПАЙДУБАЛЫ
Кыргыздар илгертеден баш кийимге өзгөчө мамиле кылышкан. Улуттук баш кийимдерибиздин бири элечек оромуна жараша 3, 5, 7, 9 ором деп бөлүнөт. Орому аз элечектерди көбүнчө үйдө жумуш кылып жүргөндө кийишкен. Ал эми орому чоңдорун сыйлуу деп эсептешип, көчүү убагында, тойлордо эл аралай кийип чыгышкан. Элечектин дагы бир сыры, муну кийген айым эч убакта башын жерге салып жүргөн эмес. Оор болгондуктан, башты дайыма түз кармоого мажбурлайт. Эң негизгиси, көчүү учурунда, келиндер көз жарып калса же тоо-таштан жыгылып, бир жерин сындырып алгандар болсо, таңылып калган жүктү чачып отурбастан, жалаяк жана шак-шак койгонго элечектин оромун жазып, айрып жиберип абалдан чыгышкан. Ошондой эле жаш наристелер кокустан чарчап калса, кепин катары да пайдаланылган (чоңдордун сөөгүнө өтө олуттуу мамиле кылышкандыктан, аны атка артып алып кетишкен). Элечектин кулак, жаак моюндарды жаап тургандыгы, биринчиден, сууктан коргосо, экинчиден, кене, чиркейлердин чагып алышынан сактаган. Айымдарга көрк берип, бойлуу көрсөткөн элечектин мындан башка да сырлары көп.

ЧАЧ ӨРҮМҮНӨ КАТЫЛГАН СЫРЛАР
Кыргыздар келинди чачына карап тандашкан. Эгерде кыздын чачы узун, калың болсо, аны дени сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп келишкен. Чачы жакшы өспөй, суюк болсо, муну оорукчан же чачын жакшы күтө албаган жалкоо деп билишкен. Кызыктуусу, бойго жеткен кыздардын чачын 40 кылып өргөнү “кызым бойго жетти, куда түшүп келсеңер болот” дегенин билдирсе, эки өрүм чач үй-бүлөлүү дегенди, бир өрүм жесирликтен кабар берет. Жолдошунан жаңы айрылган аял чачын жайган, бул “жан дүйнөм чачырады, аска-зоом урады” дегенди билдирсе, ашын бергенден кийин “өзүмдү бекем кармаймын” деген мааниде чачын өйдөгө түйүп алган.
Ал эми чач учтук болсо, дене бойду түз кармаганга жана каалгып басканга шарт түзгөн (учурда чач учтук менен бассаңыз, моделдерди артка калтырасыз). Ошондуктан мурда азыркыдай омуртка оорулары көп кезиккен эмес. Чачпак жез, коло жана күмүштөн жасалып, аны чачына таккан айым шагыратпай басууга тийиш болгон. Демек, мында басуу маданияты да камтылган. Эң алгачкы чач учтуктар металл колдонула электе үлүлдүн уясынан жасалган экен.

АРКАР ТӨШТҮҮ, КЫМЧА БЕЛ, КЫЗДАРЫ СУЛУУ КЫРГЫЗДЫН
Белдемчи кыргыздын эң байыркы жана даанышман эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Анын топчусунун жоктугу, топчу пайда боло элек доордо эле энелерибиздин кийип жүргөндүгүнөн кабар берет. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, атка минүүгө ыңгайлуу, бели калыңдалып тигилип, бөйрөктү сууктан сактайт. Андан тышкары жаңы көз жарган келин-кесектер үчүн белди бекем бууп, кош бойлуу кезде чоюлуп, чыгып калган курсакты тартууга алмаштыргыс кийим (азыркы курсакты тартуучу резина белдиктерди элестете бериңиз). Бел дайыма кысылып тургандыктан, кыргыздын келиндери кымча бел келишкен. Ошол эле учурда белдемчиде азыркыдай өлчөм деген жок, арык чырайына да, толмочуна да ырас келе берет. Бели менен этегине сайма сайып, кундуздун териси менен кырларын кармап койсо, өтө кооз болуп, элибиздин акылмандыгын дагы бир ирет далилдей түшөт.

ТУРУП ТӨРӨӨ КЫРГЫЗДАН КАЛГАН
Учурда “батыштан келген жаңы ыкма боюнча айымдар туруп көз жарып жатышат. Мындай ыкма менен төрөт жеңил болот” деп айтып жүрүшөт. А кыргыздар илгери эле боз үйдө баканды кармап туруп төрөп келишкен. Мындай ыкмада бала өз салмагы менен ылдый жүткүнүп, энесине төрөт жеңил болгон.
Жаңы төрөлгөн баланын киндиги кесилер замат энесинин чачынын учу менен таңдайын сайгылап, аны кустуруп, май менен оозандырышкан. Бала ичтен чыгып келатканда чарайнанын суусун жутуп алган болсо, аны кусуп салат да, кийин торолгонго чейин көп куспай калат. Андан тышкары төрөттөн кийин кыргыздар баланын тонуна чоң маани беришкен. “Аны бут баспаган жерге көмүп койбосо, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосу кийин оор болуп калат” дешкен.

ЖЕТИ АТАБЫ ЖЕ ДНКбы?
“Жети атасын билбеген кул” деп айтышкан кыргыздар. Бул дагы бекеринен эмес. Биздин заманда гана илимий жактан ДНК хромосомдор 7 ата өткөндөн кийин тазаланып, бири-бири менен баш кошсо болорун аныкташса, кыргыздар муну тээ илгери эле билишкен. Жети ата өтмөйүн баш кошушкан эмес. Азыркы күндө бул нерсеге маани берип, териштирүү токтогондуктан, майып балдардын саны да күн санап өсүүдө.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
19.07.2011. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
06-11-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Мен дагы белдемчи менен элечек кийгим келип кетти.
21.07.2011. 02:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
А мен кудай буйруса торосом туруп торойм. Мурда эле ойлоп журчум, кандай болот деп, эми билип алдым, рахмат. Айтышатго сууда торосо дагы, женил болот деп.
24.07.2011. 00:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
04-02-2011
Соӊку аракети:
13-01-2018 00:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ростов-на-Дону
0
elya2404,Турасынбы,жатасынбы схватка катуу болсо ,тороо ерунда болуп калат.
21.07.2011. 13:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-08-2010
Соӊку аракети:
03-01-2017 00:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана акылман элбиз э?
22.07.2011. 19:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
03-06-2011
Соӊку аракети:
07-07-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
0
Barakelde!
Ajtmakchy,ele4ekti emne u4un tagynyp jurgon dese,anyn da funkzijalaryn kara.
Men 7 atamdy bilem.
22.07.2011. 23:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
22-09-2010
Соӊку аракети:
29-12-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба Кыргыздар абдан уюткулуу жана акылман эл келет...бир окуя, бир орус тааныш аял 30 дан ашкан.. ашказаны ооруп врачка барса тамактангандан жаткан болбойт деп айтыптыр...анан кыйын болуп мага келип алыптыр, билесинби жатпаш керек экен деп..а биз муну кичинебизден эле билебиз го жатып алып тамак жеген болбойт тамак жегенден кийин жатпаш керек дегенди...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: