Сойкулук эгемендиктин алгачкы жылдарында ыйманын жоготкон айрым гана келин-кыздарга таандык жосунсуз көрүнүш катары бааланып келсе, бүгүнкү күндө айрым айымдар үчүн акча табуунун кадыресе ыкмасына айланды. Жеңил акчанын артынан байып, муну кесип кылып алгандар да жок эмес. Бул жолу маектештерибиз атын атагысы келбеген эки “фея” болду.
ТАРЫХКА КАЙРЫЛСАК
Cойкулукту байыркы кесип деп коюшат. Тарыхка карасак, байыркы Месопотамияда (биздин заманга чейин 4-3 миң жыл илгери) сойкулуктун болгондугу тууралуу кагаз беттеринде жазылып калган. Ал эми биздин заманга чейинки 560-жылдары сойкулук үчүн эң алгачкылардан болуп салык алган адам афинылык мыйзам чыгаруучу Солон болгон. Анын диктериондору (сойкукана) шаардан алыс жайгашып, негизги кардарлары соодагерлер, деңизчилер (моряктар) жана бойдок жигиттер болгон.
Сойкулук менен күңдөр, бийчилер алектенишип, ошондой эле эркек сойкулар да болгон. Жогорку катмардагы сойкуларды “гетера” деп аташкан. Алар сулуулугу жана акылдуулугу менен атагы чыгып, жалаң ак сөөк адамдар менен мамиле курушкан. Төмөнкү катмардагы сойкуларды “поллак” деп аташып, аларга Афинынын борделдеринен башка жерлерде жүрүүсүнө тыюу салынган.
БУУДАЙДЫ АРАЛАЙ КАЧЫП...
Бишкектеги "байтал базарлар" кадимки базарлардай эле иштеп жаткан кездери экен. Солкулдаган сойку кыздарды 14-40 жашка чейинкилер түзөт. Денесин сатып иштеп жүргөндөрдүн жашоосун жакындан билүү максатында Бишкек шаарынын түндүк тарабындагы айланып өтмө жолдо (объездной) турган сойкулардан баштадык. Биз барганда милиция кызматкерлери да барып калган экен, сойкулар жолдун боюнда эгилген буудайды аралай качып кетишиптир. Милиция кызматкерлери кеткенден кийин гана бир-бирден чыгып башташты. Гезиттен келгенибизди айтсак, эч кимисинин сүйлөшкүсү келбегендиктен, “атыңарды сурабайбыз, сүрөткө тартпайбыз” деп отуруп бирөөсүн араң көндүрдүк.
“МАМАШКАНЫН” ҮЛҮШҮ 30 ПАЙЫЗ”
– Жашың канчада? Бул “кесипке” кантип келип калдың эле?
– 32 жаштамын. Бул “кесипке” мен өзүм келген эмесмин. 18 жашымда алданып келип калганмын. Иштегениме 14 жылга карады. 9-классты бүткөндө ала качып кеткен. Көп жашабай эле ажырашып кеткенмин. 18 жашымда жумуш издеп жүргөндө бирөө “пельменный цехке кыздар керек” дегенинен барсам, ушундай жумуш экен. Ошондон бери сойкулук менен алектенип келем. Бул жашоого аргасыз турмуш алып келди.
– Жалгыз иштейсиңби же сутенёруң барбы?
– “Мамашам” бар. Ал бизди капа кылбайт, өзүнүн үлүшүн алат. Анын үлүшү 30 пайыз.
– Бир күндүк кирешең канча? Тапкан акчаңды эмнеге жумшайсың?
– Бир жолкуга 150-200, саатына 400-500 сом. Бир күндө болжол менен 1000 сом табам, анын көбүн айылга салам. Эки балам бар. Бирөөсү атасында, экинчиси айылдагы ата-энемдин колунда. Ал балам жакында 3 жашка чыгат. Оорукчан болуп калгандыктан, дары-дармектерине акча салып турам.
– “Отметка” берип турасыңарбы?
– Милиция кызматкерлери келгенде бул жердеги кыздар акча чогултуп, “мамашабыз” аларга “отметка” берип турат. Кээде кармап кетишет. Анда 500-1000 сом айып төлөп чыгабыз.
– Сойкулардын жашы канчадан канчага чейин?
– Бул жердеги кыздар 18 жаштан өйдөгүлөр. Көпчүлүгү жашы өтүп калгандар, ал эми кардарлардын жашы 18-50 жашка чейин. Эртең мененки саат 10дон кечки саат 8ге чейин иштейбиз. Мында кечкисин калганга коркунучтуу. Биз чоң жолдун боюнда тургандыктан, негизги кардарлар – көбүнчө ар кайсы улуттагы жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары.
– Дарыгерлерге көрүнүп турасыңарбы?
– Ооба, көрүнүп турабыз. Жугуштуу оорулар ооруканасынын венерикалык тери оорулары боюнча бөлүмүндө “Дружеская клиника” деген бар. Ал жерге үч айда бир барып көрүнүп турабыз. Алар бизди бекер карашып, презервативди да бекер беришет.
“САБАП КЕТКЕНДЕР КӨП БОЛОТ”
– Уруп-сабап, тоноп кеткендер болобу?
– Алдап кеткендер да, сабап кеткендер да көп эле болот. Мисалы, бир эле кардар үйүнө алып кетет да, барганда 3-4 киши болуп калышы мүмкүн. Ар кимиси ар кандай мамиле кылат. Бир-эки күн камап, бизди колдонушу да ыктымал. Мындан 4-5 жыл мурун Таш-Мойнок айылындагы аскер бөлүгүнүн командири 500 сом берип, мени алып барып 30 солдатка салып берип койгон. Эс-учумду жоготуп, аябай кыйналып келгенмин.
– Өз кесибиңден канааттануу аласыңбы?
– Келген эркек өзүнүн кумарын эле бүтүрсө болду да. Аны менен кошулганда эч кандай оргазм албайм, кайра жийиркенич сезими болот.
– Бул иш өзүңө жагабы?
– Бул жумуш жакпайт, бирок башка жумуш жок, айла жоктон иштеп жүрөм. Таштайын деп аракет кылып, кафелерде идиш жууп, пол жууп иштеп көрдүм. Кичинекей стол коюп, тамеки, семичке сыяктуу майда-чүйдө, базарларда пирожки да жасап сатып көрдүм. Ал жактан аз тапкандыктан, айланып эле кайра ушул ишиме келип калдым. Мамлекетибиз оңолуп, завод-фабрикалар иштеп, маянасы көп болгон жумуш болсо, мага окшогондор бул жерде турбайт эле.
Ал эми шаардын борбор жактагы сойкулары түнкүсүн гана чыгышарын угуп, түнкү саат 11ден өткөндө Мамлекеттик цирктин имараты жайгашкан тарапка жөнөдүк. Ал жерден да биринчи эле жолуккан эки кызды сөзгө тартканга аракет кылдык. Кайрылганыбыздын чоо-жайын уккан алар кетүүгө шашылышты. Буларга да “атыңарды атабайбыз” деп жатып, бирөөсүн араң көндүрдүк.
“МЕНЯ ПОДСТАВИЛИ ПРОСТО”
– Жашың канчада? Бул чөйрөгө кантип аралашып калдың эле?
– Жашым 21де. Меня подставили просто. 3-4 ай мурун кафеден бир кыз менен уруша кетип, ичке тээп салганмын. Анын боюнда бар экен, түшүп калыптыр. Анан милицияга түшүп калдым. Көрсө, ал кыз сойку экен. Асел деген сутенёру келип, “анын ордуна мага иштеп бер, болбосо камалып кетесиң” деп коркутту. Анан ушинтип аралашып калдым. Оказывается, алар чогуу иштешет экен.
– Ошондо азыр бекер иштеп жатасыңбы?
– Пополамга иштешебиз, бирок өзүбүзгө деле түшпөйт. Мына, в данное время 35 миң сом карызмын. Бир түндө в среднем 2000-3000 сомдун тегерегинде акча табам. Аны “мамашам” алат да, жол киреге, тамак-ашка гана акча берет.
– А башкалардын бир күндүк кирешеси канча?
– Саатына 600-700 сом, ночко 2000 сом. Аны төлөбөй качып да кетишет. Саат түнкү 11-12лерден таңкы 4-5терге чейин иштейбиз. Бул жерде иштегендер орточо 1500дөн 5000-6000ге чейин табышат. Алар часовой иштешет.
– Араңарда күйөөсү барлар барбы?
– Арабызда күйөөсү барлар да бар, күйөөлөрү билишпейт.
– Сойкулардын жаштары канчада? Кайсы курактагылар көп келет?
– Бул жерде иштеген кыздардын эң кичүүлөрү 95-96-жылкылар, эң улуулары 25-27 жаштагылар. Улуу кишилер, 40тан өтүп калгандар, ар кайсы улуттагылар, кичинекей балдар да келишет. Атайын өздөрү ээрчите келишет, “балдарды минтип, тигинтип койгула” депчи. Стройкага кирип иштеп жатышпайбы балдар, кичинекей балдар, ошолорду. Бирок биз аларга барбайбыз.
“5 АЙЛЫК БОЮНДА БАР КЫЗ ИШТЕП ЖҮРӨТ”
– Сыйлап мамиле кылган кардарлар болобу?
– Клиенттердин жакшылары да, сыйлап антип-минткендери да, жамандары да, кордогондору да болот. Кээси подарка да берип калат. Смотря, кантип сүйлөшкөнүңө да жараша болот. Жакшы күлүп сүйлөсөң, жакшы отношение кылышат, жаман отношение кылсаң, жаман.
– Оргазм аласыңбы?
– Жок, наоборот, отвращение болом.
– Сойкуларга үйлөнүп алгандар болобу?
– Чогуу иштеген эки-үч кыз турмушка чыгышты. Үйлөнгөндөр деле болуп жатат.
– Боюнда болуп калгандар болобу?
– Боюнда болуп калгандар аборт кылдырышат же төрөп, балдарын таштап кетишет. Мисалы, 4,5-5 айлык боюнда бар кыз иштеп жүрөт. 7 айлык болгондо кестиртип алабыз деп жатышат. Сутенёрша кестирткенге өзү алпарганы жатат.
– Тоноп, сабап кеткендер болобу? Аларга эмне чара көрөсүңөр?
– Тоноп кеткендер деле болот. Кыздардыкын угуп калам, “тоноп кетиптир, сабап кетиптир, уруп кетиптир” деп. Жаловаться этейин дейсиң, бирок мени үйдөгүлөр билип калышат. Если мени билип калса, жалгыз агам бар, мууздап салат. Уруп кеткендер деле болот. Анда сутенёршабызга айтабыз, ал өзү сүйлөшөт.
– Тааныштар көрүп калат деп коркпойсуңбу?
– Кудай сактасын, тааныштар билип калгандан. Келип калса, качабыз да анда.
– Ооруп калбаш үчүн эмне кыласыңар? Ооруп калгандар болобу?
– Презервативди сутенёрша берет. Дайыма барып турган частный гинекологубуз бар, жума сайын көрүнүп турам. Башкалар барбаса да, лично өзүм көрүнүп турам. Жугуштуу оорулар менен ооруп калгандар да болот. Айтабыз, дейбиз, “врачтарга барып көрүн, айык” деп. Эми алардын өзүнөн да. Ал эми сутенёршаларга баары бир да, главное, они деньги зарабатывали.
– Милиция кызматкерлери кубалашабы?
– Милициялар каалаган убагында эле келип сабап алып кетишет да. ППСтер, следователдер, прокурорлор келип алып кетишет. Менин башыман өтө элек, бирок алып барып башкаларга салып да беришет. Андай учурлар көп болот.
– Үй-бүлө күтүп, кадимки жашоого кайрылып келгиң келеби?
– Биз деле үй-бүлө күтүп, нормальный жашагыбыз келет. Менин балам бар. Күйөөм жок, ажырашып кеткем. Бизге эмне, жакшы жумуштардан берсе, чтобы не уличные были. Азыр кыздар үчүн жакшы жумуш швея эле болуп калбадыбы. Аны билгени да бар, билбегени да бар. Кафелерде иштеп, алар болбогон акчаларды алышат. Анан өзүн багалбай, квартирада жашагандар кантип жатышат? Жетпейт да, кыскасы. Ошонун айынан көпчүлүгү чыгып кетип жатышат бул жакка. Жетишпегендиктен көп чыгат.
АЗЫРКЫ КҮНДӨ
Ар кайсы өлкөлөрдө сойкулукка ар кандай мамиле кылат. Кээ бир өлкөлөрдө сойкулук легалдуу болуп эсептелсе, кээ бир өлкөлөрдө мыйзам алдында жооп берет. Голландия, Швейцария, Дания, Италияда сойкулук легалдуу кесип катары эсептелет. Алар кадимкидей салык төлөшүп, пенсия, эмгек өргүүсүн алышат. Исламда сойкулук катуу жазаланат. Никеге турбай ойноштукка барса, күнөө деп эсептелинип, таш бараңга алынат. Бирок сойкулук мусулман өлкөлөрүндө да жашап келет. Сойку менен бир түнгө убактылуу никеге туруп, эртеси талак бергендер да жок эмес. Кээ бир өлкөлөрдө секс-туризм деген түшүнүктөр да пайда болгон. Европалыктар жана америкалыктар Таиланд, Филиппин, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө атайын секс-турларга барып турушат.
Ал эми биздин өлкөдө сойкулукка так багытталган эч кандай мыйзам каралган эмес. Кыргызстанда сойкулардын так саны белгисиз, бирок болжол менен 20-25 миңдин тегерегинде экендиги айтылып жүрөт. Анын жарымы Бишкек шаарына туура келет. Мындан сырткары “чет өлкөлөрдө көптөгөн кыргызстандык сойкулар иштешет” деген маалыматтар бар.
Сойку банкка акча салып жатат. Банк кызматкери:
– Кечиресиз, сиздин акчаңыз жасалма экен.
– Тууй ата, көрсө, мени зордуктап кеткен турбайбы!
Эркин Сексенбаев
koom@super.kg