КОШ, АЛА-ТОО, УУЛУҢ КЕТТИ ТАШКЕНТКЕ!
23-июль. Ташкент. “Пахтакор” стадиону. 20:00 (Бишкек убактысы менен)
21-июлда 2014-жылкы мундиалдын Азиядагы 2-тандап алуу оюндарынын алкагында улуттук курама команда Өзбекстан менен беттешүү үчүн Ташкентке жөнөп кетти.
Ташкентке кетер алдында курама командабыз 2 жолдоштук оюн өткөрүштү. 16-июлда “Дордой-2ни” 2:1 эсебинде утса, 18-июлда Кантта “Абдыш-Ата” менен 0:0 эсеби катталды.
Курамга 17 футболчу кирди:
Дарбазачылар: В.Волков (“Дордой”), Р.Амиров (“Абдыш-Ата”).
Коргоочулар: А.Байматов (капитан), Д.Аскаров, В.Кичин (үчөө тең “Дордой”), М.Ажиниязов (“Нефтичи”), К.Шератов, Р.Усанов, В.Шумейко (үчөө тең “Абдыш-Ата”).
Жарым коргоочулар: А.Власичев, (“Дордой”), А.Сыдыков, (“Абдыш-Ата”), В.Хорошунов (“Алга”), Ш.Рахманов (“Нефтичи”), А.Орозалиев (“Нефтичи”).
Чабуулчулар: М.Мурзаев (эркин агент), К.Шарипов (“Дордой”), Р.Жамшидов (“Нефтичи”).
Башкы машыктыруучу: М.Жумакеев.
Эске салсак, жооптук беттеш 28-июль, бейшемби күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда өтөт. Башталышы 18:00дө. Кирүү акысы 50 сом.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
4-0 эсебинде утулуп калганыбыз жаман болду. Кантсе да Озбектер чынында кыйыныраак экени корунуп турду...
Башынарды жерге салбай, дагы кобуроок тренировка кылгыла. Бир куну обязательно жениш силер менен болот!
бечара озбектерди капа кылбайлы деп утулуп беришкен.туураабыы
не болсо да жээндер да бечара озбектер
Капа болбогула!!!
Жоопттук беттеште 5-0 гө утканга аракет кылгыла,келечек алдыда чоңдорго жиним келет.
Эгемендүү болгондон кийин спортту өнүктүрсө,мындай көрүнүштөр болбойт эле.
Спорт бул ден соолук,байлык,ынтымактык!кайран КЫРГЫЗ түгөп бүттүккоо..
MiranA,
Супер инфо кичине эле жаман жазган сөздөрдү түздөп коесуздар,ал эми биз ката жазган сөздөрдү да түздөп койсоңуздар сонун болмок эле!
19zamir87, Сиздин жазган билдирүүңүздөгү катуу формада айтылган маданиятсыз сөздү гана түзөтүп койгон элек.
Men oyloym bul da bolso bizdin futbolgo konul burulbay jatkandygynan kabar beret.Bizde kuchtuu sportchular kop,birok alardyn mashyguusuna oydoguday shart jok.A Ozbekstan bolso kancha jyldan beri mashygyp,oyun otkorup kelishti?.Bizdin futbolchulardy koldoylu kuday buyursa bizdikilerde jenishke jetishet.Jooptuk betteshuudo,ozubuzdun olkodo iri esep menen utushunardy kaalaym.Kyrgyzstan algaaaaa!!!!
Озбектер менен биздикилер ойногондо калыстар (судьялар) озбектер тарапка жан тарткан учурлар ото эле коп кездешчу эле илгертен бери. Бул жагы кандай болгон болду экен Ташкенттеги оюнда...
Азыр бизде ойношот. Барып колдоо корсоткуло. Саат 18.00 башталат.
Кыргыздын жигиттери баары бир ОРТ, кейибегиле эмкиде тоо минесинер
Озубуздун жерибизде дагы женилишпедиби 3:0го уят кылып. :-(
Suiorbek, да нуууууууууууууууууу?