Айымдарды сыйлай билген ырчы Эрмек каш-кирпиги кара, эриндери негр кыздарыныкындай чоң, узун бойлуу, өтө арык же өтө толук эмес, капкара чачтары ийининен ылдый төгүлгөн кыздарды жактырат.
Жаш ырчы Ильяз Андашка жагам десеңиз, анда сиз сүйкүмдүү, чачыңыз кара жана узун, жүзүңүз тунук, эриндериңиз чоң, моюнуңуз узун, тулку боюңуз келишкен, бутуңуздун өлчөмү 36дан ашпашы керек.
Бул эки мырзанын табити бирдей көрүнөт. Сүрөттөп берген айымды элестетип отуруп актриса Анжелина Жолиге окшоштурдук. Албетте, сырткы келбеттерин гана. Ал эми бул жигиттердин маңдайына кайдагы бир америкалык эмес, кыргыздын ыймандуу кыздары туш келсин деп тилейбиз.
Ильяз Абдыразаков бою узун, мурду кырдач, көздөрү бакырайган, чачы узун, көкүрөгү чоң кыздарды жактырат. Ошондой эле ырчы жигитибиз европалык кыздардын келбетин баалайт.
“Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин” деген кыргыздын макалында айтылгандай болбой, Ильяздын идеалы анын тескерисинче болуп чыкты. Же өзүнүн боюнун кичинелигиненби, айтор, кыялындагы кызынын бою узун болуусун самайт экен. Бул сүрөттөөдөн кийин Ильязга актриса Денис Ричардга окшогон кыздар жагабы деп калдык.
Ырчы жигитибиз Урматтын көңүлүн биринчи кезекте келбети абдан келишкен (90-60-90) айымдар бурат. Келбети көңүлүнө жаккан соң гана анын жүзүнө жана башкасына көңүл бурат. Кыздын жүзүнөн ырчы жигитибизге биринчи эле анын көздөрү урунат экен. Урматтын идеалындагы айымдын көздөрү кумардуу болушу керек.
Ушундан улам Урматтын кыялындагы кыз айтылуу “Виа Гра” тобунун экс-солисти Надя болсо керек деген ойго келдик.
Орус улутунда болсо да кыргыз кыздарын жактырган телеалпаруучу Алексей Филатовдун идеалындагы кыздын чачы, кашы-көзү кара, моюну менен кирпиктери узун, эрини чоң, кара тору жана эң негизгиси, колдору сулуу болушу керек.
Ойлонуп отуруп алпаруучунун идеалындагы кыздар азиаттар деген чечимге келдик. Издештирип отуруп Азиянын сулууларынын арасынан Алексейдин идеалына туура келер сулуу актриса Келли Хью деп таптык.
Кыякчы, ырчы Алькамиль тулку бою келишкен, көздөрү бакыракай, косметиканы аз колдонгон кыздарды жактырат. Ошондой эле кыздын бою өзүнүкүнөн узун болуусун каалайт.
Узун бойлуу, косметиканы аз колдонгон кыз... Адатта атактуулардын арасынан косметикадан алыстарды табуу өтө кыйынга турат. Ошентсе да, Алькамилдин идеалына жакын айым деп орус ырчысы Алсуну тандадык.
Тармал чачтуу жигит Азат Болотбектин идеалындагы кыздын тулку бою 90-60-90, чачы узун (чачтын өңү чоң роль ойнобойт), көздөрү бакырайган, кой көз, тырмактары узун, сонун маникюру менен болушу керек.
Дүйнөнүн сулуу айымдарынын катарына кирген актриса Жессика Альба Азаттын табитиндеги кыз көрүнөт. Себеби, Жессика чачын бирде кара, бирде күрөң, бирде сары кылып жүрөрүн эстедик. Ошондой эле параметри - 90-60-90. Маникюр тууралуу айтпай деле койсок болот. Демек, төп келишет.
Кыргыз ырын созолонто ырдаган корей Алексей Пакка дене бою келишкен, кара тору, кашы-көзү кара, ууртунда уячасы бар айымдар керек. Ырчы чачы сары кыздарды жек көрөрүн да жашырган жок.
Кара торунун сулуусун жактырган Алексейдин идеалына ырчы Николь Шезингер туура келет деген
ойго келдик. Ай-чырайы келишкен бул айым миллиондогон эркектердин бүйүрүн кызытып келерин ырчы жигитибиз жакшы билсе керек.
Кара тору айымдарды жактырган Кубаныч Сатаевдин кыялындагы кыздын чачы узун, орто бойлуу, көзү-кашы кара, оймок ооз, келишимдүү болуш керек.
Европалык айымдарды көп жактыра бербеген ырчынын идеалындагы айым актриса Люси Лью деп таптык. Кара торусунан келген актрисанын чачы узун, бою орто.
Ырчы Даниелге жагам десеңиз, ууртуңузда уяча, боюңуз орто, бутуңуз түз, кой көздүү болуп, чачыңыздын узундугу ийиниңизден ашпоого тийиш.
Көздөрү жайнаган ырчы жигитибиздин идеалындагы айым Женнифер Лопес экенинен
окурмандарыбыз биздин гезит аркылуу кабардар болушкан эле.
Султандын идеалындагы кыздын боюу 172 (бир да сантиметрге кем, же ашык эмес!) сантиметр, ак жуумал болуусу керек. Чачы узун, көзү-кашы кара, өтө арык же өтө толук эмес, орто болуусу зарыл. Анан, албетте, буттары түз болсун.
Сүрөттөөдөн соң Султандын табитиндеги айым деп актриса Анастасия Заворотнюкту таптык. Эми Султан деп сыздаган кыздар анын табити кандай экенинен кабар таап, Настяга окшошууга аракет кылышары турган кеп.
Жөнөкөй жигит Акбар бою узун, көзү-кашы кара, чачы карэ, ак
жуумал, келбети келишкен кыздарды жактырат.
Ырчы Кайрат чачы узун эмес, ак жуумал, көздөрү бакыракай, дене түзүлүшү өтө арык же өтө толук эмес, орто, эриндери кыпкызыл кыздарды жактырат.
Чачынын узун эмес карэсине жана ак жуумалына карап Кайрат менен Акбардын идеалындагы айым француз ырчысы Ализе деп таптык. Сыр билгизбеген жигиттерибиздин кыялындагы кыз мына ушундай сулуу! Билип коюңуздар!
Даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова