КАДЫР ТҮНДҮН КАДЫРЫН БИЛЕСИЗБИ?

Бишкек шаарынын казысынын орун басары Алманбет Сүйөркулов Кадыр түн тууралуу кеңири маалымат берди:
“Рамазан айынын 27-түнү Кадыр түн деп аталат. Инсандарга бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуунун жолдорун көрсөткөн динибиздин куттуу китеби Куран-и-Карим пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) Рамазан айынын Кадыр түнүндө түшүрүлө баштаган. Азирети Мухаммедге (САВ) пайгамбарлык милдет да ушул түнү берилген.
Кадыр түндүн куту миң айга тете болгону Куран-и-Каримде ачык айтылган. Андыктан, колдогу мүмкүнчүлүктү качырбай, бул түндү ибадат менен өткөрүү зарыл. Бул жылы мусулмандар Кадыр түндү Рамазан айынын 26сынан 27сине караган түнү тосушат. Кадыр түндө жакындар бирин-бири куттуктап, колдон келишинче дасторкон жайылат. Даават айтылып, намаз окулушу дурус. Ал эми ыр-кесе уюштуруп шаңдуу отуруу, бийлөө, от жагуу сыяктуу көрүнүштөр Кадыр түнүндө мусулмандарга жарашпаган нерсе.
Ар бирибиз бул түндүн ыйыктыгын толук түшү­нүп, убактыбызды куран окуу, пайгамбарыбызга (САВ) салават айтуу, дуба кылуу, зикир чалуу менен өткөргөнүбүз оң. Бул түнү борбордук мечиттин эшиги бардык мусулмандар үчүн ачык. Алар мечитте ооз ачып, түнү менен ибадат кылып, таңда ооз бекитишет. Келгендерге улуу аалымдар насаат айтышат.
Мындан сырткары, эл ичинде “Кадыр түнү мечитке нур түшөт” деген түшүнүк бар. Кээ бир адамдардын нур түшөт деп күткөндөрү туура эмес. Бул Курандагы сүрөнүн 4-аятындагы “Кадыр түнүндө Жебирейил баш болгон бардык периштелер жерге түшөт” деген сөз менен байланышкан. Себеби, периштелер нурдан жаратылган”.
Кадыр түн сүрөсү (Курандын 97-сүрөсү)
(Эки дүйнөнүн) Мээрманы, Ырайымдуу Алланын аты менен
1. Кадырлуу, Улуу Түндө Биз түшүрдүк (Куранды).
(Куран түштү Жебирейил аркылуу,
Улуу Түндө – Кадыр түндө даңкы улуу.
Бакыт түштү Нуру менен Алланын,
Ал болбосо болбой калган
Адамзатты наадандыкта калтыруу.)
2. (Эй, Мухаммед!)
Сен кайдан билмек элең,
Кадыр түндүн кадырлуу түн экенин?
(Билсең эгер, ал пайдасы
Миң-миңдеген адамдардын, нечендин).
3. Бул Улуу Түн миң айдан да жогору.
(Улуулугун байкап көрчү оболу,
Миң ай деген сексен төрт жыл, бир өмүр.
Мындан артык кудурет да болобу?
Миң ай бою жасап жүргөн ибадатың,иштериң,
Бир түн менен тең турбайбы, карачы,
Укмуш тура Кадыр түндүн чамасы!)
4. Бул түнү аларга Алла берип уруксат,
Түшүп келет периштелер, Рух дагы,
Аткарылат Алланын буйруктары.
5. Ал түнү таң атканча (жердин үстүн)
Чулгап турат тынчтык менен амандык,
(Адамдардан алыс болуп жамандык.)
(“Куттуу Куран. Кыргызча мааниси” китебинен алынды. Которгон – Надырбек Алымбеков)
Динибиздеги башка куттуу күндөр жана түндөр
Жума күндөр
Жума күнүнүн баалуулугу хадистерде айтылган: “Азирети Адам жума күнү жаратылып, жума күнү бейишке жиберилип, жума күнү бейиштен чыгарылган”; “Жума күнүндө бир саат бар. Ким ошол саатта тилек айтса, Алла аны орундатат”.
Мавлид түнү
Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) 571-жылы Ребиүл-Эввел айынын (быйыл мартта) 12-түнүндө дүйнөгө келген. Бул ыйык түн Мавлид түнү деп аталат.
Рагаиб түнү
Хадистерде: “Беш түн бар, ал беш түндө айтылган дубалар кайра кайтарылбайт (кабыл болот)”, - деп айтылат. Булардын биринчиси – Режеб айынын (быйыл июль айында) биринчи жума түнү болгон Рагаиб түнү.
Мираж түнү
Пайгамбарыбыз (САВ) бир түнү Жебирейил менен асманга көтөрүлүп, Алла Таалага кезигип келген. Мираж түнүндө болгон ыйык сапардын белеги катары беш маал намаз парзын ала келген.
Барат түнү
Шабан айынын (быйыл август айында)15-түнү Барат түнү деп аталат. Бул түнү Алла Таала: «Күн чыкканча араңарда кечирим тилеген барбы, кечирейин? Ырыскы каалаган барбы, ырыскы берейин? Дартка кабылган барбы, шыпаа берейин? Дагы кандай ой-тилектери бар болсо орундатайын”, - деп айтат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 308, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан