– Сема, канча жылдан бери рулдасың?
– Туруктуу түрдө машина айдап жүргөнүмө 9 жыл болду.
– Алгачкы жолу рулга отурганың эсиңдеби?
– Алгачкы жолу рулга отурганымды унутпайм. 3-классымда Кара-Кулжадагы “Барчын” лагеринде жайкы эс алууда жүргөндө трактор айдагам. Мен ал кезде тентек болчумун. Байыш деген байкенин дөңсөөдө токтоп турган тракторун ойноп жатып педалын басып жиберсем ордунан жылып кеткен. Ээси кыйкырып келип токтотуп калган. Мен болсом жаныма “бул трактор менин байкемдики, коркпогула” деп досум менен бир кызды көндүрүп алганымды айтпа. Мунун айынан баарынан тил уккам. Бала чакта байкелерим мага зымдан машина жасап беришчү. Ошол оюнчук машиналарды айдап чоңойдум. Жайында таятамдар менен жайлоого чыкканда менин жеке машина-ташым бар болчу. Ал кадимки машинанын отургучундай формада эле. Дайыма ага отуруп алып укмуш машина айдай берчүмүн. Бир жолу анда да жөн отурбай ылдый тоголотуп жибергем. Кудай сактап өзүм тоголонуп келаткан таштан аман калсам, ал ылдыйдагы коңшунун чатырына барып урунган.
– Машинаңды канча ирет алмаштырдың?
– Бул машинам үчүнчүсү. Алгач 19 жашымда Ауди-80 маркасындагы кызыл түстөгү машина алгам. Кийинчерээк аны Ауди-100гө алмаштырдым.
– Баарын өз акчаңа сатып алгансыңбы?
– Ооба, баарын ырдап жүрүп тапкан акчама сатып алгам. Бул машинага 7 миң доллар короттум.
– Эмне үчүн Мерседес үлгүсүнө кызыгып калдың?
– Мен көп эле үлгүдөгү машиналарды айдап көрдүм. Азырынча мага Мерседес жагып жүрөт. Жактырганымдын негизги эле себеби – айдоодо ыңгайлуу. Бирок, Жиптерге да кызыгып жүрөм.
– Түсүнө көңүл бурасыңбы?
– Албетте. Мага кара түс жагат. Заказ берип жатканда да кара түстөгүсү чыкпай, 2 ай күткөм.
– Машинаң бузулса оңдой аласыңбы?
– Чынын айтсам, ал жагынан жокмун. Кудайга шүгүр, азырынча бир да жолу машинам бузулуп, оор абалда калган учурлар болгон жок. Машинамда отвёртка да жок. Бузулса оңдоочу чеберлерге кайрылам.
– Бат-баттан жууп-тазалап турасыңбы?
– Эми машинамдын абалына жараша болот. Түсү кара болгондуктан, кирдегени бат эле билинип калат. Кээде күнүнө 3 жолу жуудурган учурлар да болот. А кээде 3 күн жуубай да жүрө берем. Бишкекте дайыма Исанов-Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мойкадан жуудурам.
– Машина айдаганды ким үйрөткөн?
– Негизи, мен “самоучкамын”. Жашырганда эмне, айдоочулук күбөлүктү сатып алгам. Алгачкы машинамды алганда анын ээси үйгө чейин айдап келип берген. Ошентсе да, теориялык жактарын атам үйрөткөн. Анын “шохасы” бар эле. Алдына отургузуп алып үйрөткөн. Бирок, көп айдатчу эмес. Бир жолу алардын үйдө жоктугунан пайдаланып, машинаны уруксатсыз гараждан айдап чыкканым эсимде. Ошондо көчөбүздүн боюндагы арыкка түшүрүп алгам. Бирок, ал шоктугум билинген эмес. Бул менин биринчи жана акыркы жолу уруксатсыз атамдын машинасын айдаганым болгон.
– Машина сен үчүн эмне?
– Машина мен үчүн биринчи кезекте – кыймыл каражаты. Ал – менин “канатым”. Машинасыз бир да жумушум бүтпөйт. Ошондой эле машинамды аябай баалайм, анткени ырларымдын 80 пайызы рулда жаралган. Негедир мен рулда жүргөндө эргүү келет. Жол чыракка келгенде кадимкидей токтойм. Бирок, бул менин ырларымдын жаралышына таасирин тийгизбейт. Машинам бузулса маанайым да бузулат. Андыктан, темир тулпарымды дайыма мыкты абалда, таза алып жүрүүгө аракет кылам.
– Айдоочулардын кайсы түрүнө киресиң? Жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөргөбү же...
– Билесиңби, ылдамдыкты ашырып жибермейим бар. Көбүнчө өзүмө аябай ишенип кеткен учурларда болот. Мен муну терс көрүнүш деп ойлойм. Негизи, машинаны туура пайдаланыш керек да. Эгер туура пайдалансаң, ал – сенин досуң, эгер андай кылбасаң – душманың. Ошондуктан, жолдо аябай этият болууга аракеттенем.
– Демек, жол кырсыгына кабылган учурлар болбоптур да...
– Кудай сактасын, болгон эмес жана болбой эле койсун. Болгону, артымдан келип сүзүп алган учурлар көп эле болот.
– МАИ кызматкерлери менен мамилең кандай?
– Мамилем жакшы. Алар мени, мен аларды сыйлайм. Тоскондо көбүнчө ырчы деп коё беришет. Кээде “бул ырчы да, акчасы бар” деп тоскондору да болбой койбойт.
– Акыркы жолу маршруткага түшкөнүң эсиңдеби?
– Менимче, былтыр кышында машинамды оңдоткондо түшсөм керек эле. Негизи эле машина айдабай тура албайм. Гастролдордун айынан 10-15 күн бусиктерде жүрүп калбасам эле, дайыма машинам менен жүрөм. Жыты сиңишип, абдан көнүп алгам. Айдабай калганда кадимкидей сагынам.
Бетти даярдаган Базарбек Абдураимов