Көпчүлүктүн суранычын эске алып, жаңы чыгып келаткан Арманды кепке тарттык.
– Арман, алгач эле “Sexy, sexy” деп ырдап чыктың...
– “Sexy, sexy” – менин биринчи чыгармам. Ыр көңүлүмө жаккан үчүн гана ырдап калгам. Ырым мага эле эмес, учурда көпчүлүккө да жагып жатат окшойт. Бир нече айдан бери радиолордун “Хит-парадынан” түшпөй келе жатат. Бул кичинекей болсо да менин ийгилигим. Ырдын клибин продюсерим Александр Белов экөөбүз үч күндүн ичинде тартып бүттүк. Чындыгында, клип мен ойлогондон да жакшы чыкты.
– Үнүңдү уккандар Энрике Иглесиас деп ойлошот экен...
– Мен Энрикени туурабайм. Туураганга аракеттенбейм дагы. Балким, манерам, интонациям же үнүм окшоштур.
– Репертуарыңда канча ыр бар?
– Учурда жазылып жаткан ырларымды кошсом, 6 чыгармам бар. Жакында гана сүйлөшкөн кызым менен мамилем үзүлдү. Ошондуктан кезектеги бир ырым менин ички дүйнөмдөгү бороонду, арманды чагылдырмакчы. Чыгармачыл жашоого эми гана аралашып жатпаймынбы. Бардык ийгиликтер алдыда деп ойлойм. Кыргызча да ыр даярдап жатам.
– Өзүң жөнүндө кыскача...
– Арман – менин псевдонимим. Улутум – кыргыз. 23 жаштамын. Быйыл Кыргыз улуттук университетинин бажы тармагы боюнча тапшырдым.
(Армандын ырын клиби менен бул жерден көрө аласыздар)