Дарийдин сырларынан
Шорпо абдан даамдуу болсун деп газдалбаган минералдык сууга бышырат.
Куурулган эт жумшак, ширелүү болуп, бат бышсын деп этти кууруп жатканда үстүнө кадимки “Кока-Коладан” куюп коёт.
Гарнир бышырууда идиштин түбүнө тартпасын деп жыгач кашык менен аралаштырат.
Дарийден “Супер-Инфо” салаты2 адамга
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган үч тоголок картошка, бир даана сабиз, бир даана жумуртка, пияз, майонез, ышталган балык, буурчак, туз.
Жасоо ыкмасы:
Сууга бышырылган азыктардын баарын майда төрт бурчтуу кылып туурайбыз да, майонез кошуп, туз себелеп, тегерек атайын салаттар үчүн калыпка салабыз. Ышталган балыкты ичке кылып тилип, гүл сымал ороп чыгабыз да, салаттын үстүнө тизебиз. Жашыл буурчактарды ышталган балыктан жасалган “гүлдөрдүн” капталдарына жалбырак сыяктуу тизип коёбуз.
Бул салат бат жасалгандыгы жана тоюмдуулугу менен баалуу.
Биринчи этап – “заготовка”
“VOGUE Бишкек” кафесин тандап алганыбыз да бекеринен болгон жок. Бул кафенин Дарий аттуу ашпозчусу тууралуу көп адамдардан угуп калчубуз. Биз эрте барып алганбызбы, айтор, кафени тазалаган аял жана бармен гана бар экен. Саат 10го 15 мүнөт калганда күткөн ашпозчубуз да келип калды. Биз менен таанышып, келген максатыбызды уккан соң: “Материал жазганы эмес эле башка кафелерден тыңчылыкка келген жоксуңарбы? Айтып коёюн, тамак жасоодогу жашыруун сырларымды тышка чыгарбайм!” - деп тамашалап ишке киришти. Аты өзгөчө болгону менен, өзү биздин эле кандаш казак туугандардан экен. Сырттан спорттук кийимчен кирген жигит заматта аппак кийимчен болуп чыга келди. Ал чыкканда залда илинип турган саатка көзүм түшүп, тактыгына тан бердим. Ошентип, ашпозчу Дарийдин жумушу туптуура саат 10:00дө башталды. Узун чачтуу мени сыдыра тиктеп алып, менден да чепчик кийүүнү талап кылды. Ашпозчуга коюлган биринчи талап тазалык жана баш кийим кийүү экенин эскерте кетти. Ондон ашык чоң-кичине болгон бычактарды бир сыйра кайрап курчутуп алып, ишке киришти. “Кафеде күн сайын жаңы бышырылган жакшы шорпо болуусу кажет” деген Дарий шыпылдай казан асып, уй этин өзүнчө, кой этин өзүнчө салып, жай отко коюп койду. Алар менен удаа эле картошка, кызылча өңдүү жашылчаларды да сууга салып отко коюп, тамакка чийки түрүндө колдонулуучуларын шыпылдата тазалап жиберди. Ошентип, Дарийдин бүгүнкү күнгө “заготовкасы” даярдалып жатты.
Алгачкы заказ
Аңгыча официант бул күндүн алгачкы кардарынын заказын айтты. Ал сууга бышырылган судак балыгы менен жер-жемиштер кошулуп жасалган салат заказ кылыптыр. Дарий судак балыгынан бир тилим кесип, чакан мискейге минералдык суудан куюп асып койду. Бул арада биздин суроолорубузга жооп берип, жашылчаларды бирдей өлчөмдө шыпылдата туурап жатты. Эркек адамдын мындай ишин карап туруп суктанбай коё албайт экенсиң. Менин суктана караганымды байкап жымыйып алган ашпозчу: “Бычак менен достошкуча далай жолу колумду шыла кесип алгам”, - деп күлдү. Шапа-шупа тез эле тууралып бүткөн жер-жемиштерди табакка кооздоп тизип, бышып калган судак балыгын майдалап туурап жер-жемиштин үстүнө кошуп, чөп-чарлардан себелеп койду. Туура 10 мүнөттүн ичинде алгачкы кардардын жеңил салаты даяр болуп, официант көтөрүп кетти.
“Бармагымды шылып алып...”
Күндүз кардар аз учурда кечкиге даярдыкты бүтүрүп алуу керек экен. “Түштө саат 12ден 2ге чейин, айрыкча кечки саат 8ден соң беш мүнөт бутту созуп отурууга зар болосуң”, - дейт Дарий бизге жумушу тууралуу айтып жатып. Күндүз баш баккан кардарлардын көпчүлүгү жеңил салат, куймак заказ берип жатышты. Бир аз колу бошой калганынан пайдаланып, Дарийди маекке тарттык.
– Ашпозчу болуу кыйынбы? Канча жылдан бери элдин курсагын тойгузуп келе жатасың?
– Ашпозчу болуу кыйын эмес, кызыктуу. Төрт жылдан бери минтип казан-аяктын арасында жүрөм. Албетте, ар бир нерсенин башталышы оор болот. Бирок, азыр мага ашпозчулук ырахат тартуулайт.
– Кардарларың тамагыңа нааразы болгон учурлар болду беле?
– Албетте, болот. Бир жолу кардарга “цезарь” деген салатым жакпай калып, аябай ыйлагым келип, капа болгом. Бир өлчөмүнөн жаңылышып калган окшоймун. Ошондон кийин өзүмө “ ашпозчу болом десең, азыктардын калькуляциясын так билип, үйрөн!” деген талапты койдум. Башында бир порция салат үчүн деле азыктарды граммдап өлчөп алып жасачумун. Азыр эч кандай граммдабай эле көз өлчөм менен билип калдым.
– Аялыңдын жасаган тамагын көп сындасаң керек...
– Азырынча бойдокмун. Бирок, кийин үйдөгү ашкананы бир гана аялым башкаруусун каалайм.
– Өзүң кайсы тамакты жакшы көрөсүң?
– Жакшы жасалган тамактын баарын жакшы көрүп жей берем. Кел эми, сөздү азайтып, түшкү тамактын камын көрөлү. Жетишпей калышыбыз мүмкүн.
Сөздү токтотуп жумушка киришкен Дарий бир топ бычакты катарынан орундарына илип кирди. Ушул арада ал эч качан картошка туураган бычак менен эт туурабасын билдик.
Күтүлбөгөн заказ
Аркы-беркини сурап жатып саат 12:00 болуп калыптыр. Официанттардын заказдары көбөйө баштады. Бир паста эле 15 заказ келип түштү. Бирок, Дарийдин шашпай кыймылдаганы бизди таң калтырды. Тууралган азыктарды аркы казанга бир ыргытып, берки казанга бир ыргытып жатып эле алгачкы беш адамдын заказын даяр кылып жөнөттү. 15 кардардын тамагын, салатын даярдагыча жарым саатка чукул Дарий ооз ачып сүйлөбөдү. Бир маалда официант кыз келип, “иностранцы, как обычно” деп кетип калды. Эмне заказ болду экен деп кызыга карап турсак, жалаң эле чөп-чардан жасалган шорпо экен. Аңгыча тыкылдаган официант кыз кирип “эттен ассорти” заказ берип келди. Колуна чоң бычагын алган ашпозчу муздаткычтан уй, кой, тоок эттерин алып тегиз кесип, ар бирин өзүнчө кууруй баштады. Расмий түрдө болбосо да ашпозчунун жардамчысынын ролун аткарып жаткан соң биз да Дарийге кол кабыш кылып кирдик. “Жаңы кызматка” ушунчалык берилип кеткенибизден сааттын алты болуп калганын да байкабаптырбыз. Эми ашпозчу “негизгилерди асып коёюн” деп калды. Анысы кафеде көп заказ кылынуучу тамактардын азыктары экен. Бир нече сааттан бери туруп тургандыктан, буттар талый, “качан бизге стул алып келип берер экен” деп Дарийди уурдана карай баштадык. Ашпозчу аны сезер эмес. Кызыгы, ашканадан бир отургуч таба алган жокпуз.
Баш тырмаганга убакыт жок
Кечке туруп иштеп жаткан Дарий бизге окшоп талымак тургай, эми тынымсыз иштей баштады. Заказдар биринин үстүнөн бири келип жатты. Ичимден “бишкектиктер үйлөрүндө тамак жасабай, жалаң кафе-ресторандардан тамактанып калышканбы?” деген ойго кеттим. Бул арада ашканада жумуш кайнаптурду. Дарийге жардамчы болуу да оорлой баштады. Же биз бычактын түрлөрү кандай аталарын, же бир соустун аталышын билбейбиз. Дарий төөнү сураса, биз бээни берип дегендей тамашабыз күч алды. Бир казанда балык куурулуп, бир казанда шорпо буркулдап кайнап, бөлмөнүн ичин буу басып кетти. Заказдар көп болгондуктан, канча түрлүү тамак жасаганыбызды да санап жетишпей калдык. Кечки тамактанууга көбүнчө эле уйдун этинен жасалган европа тамактарын жасап жаттык. Ашканада бизге тааныш эмес азыктар көп экен. Дарий: “Бул жайга чет жердиктер көп келишет. Ошондуктан, силерге бейтааныш азыктар, тамак-аштын түрлөрү көп”, - деп түшүндүрдү.
Абдан чарчадык
Кечки алтыларда эле чарчай баштасак да, чымыркана чыдап түнкү12ге дейре жүрдүк. Ошентип, ашпозчуга жардам беребиз деп жүрүп суй жыгылдык. Тердеп-кургап, даамдуу тамактардын буркураган жытына аралашып отуруп, бир күндүн кантип өтүп кеткени сезилбей калды. Туура 12де бизди алып кеткени келген айдоочубуз мени менен сүрөтчүбүздүн кебетесин көрүп каткырып күлүп алды. А биздин күлгөнгө алыбыз калбаптыр. “Бир күн жардамчы болобуз деп жүрүп ушунча шайыбыз ооду. Төрт жылдан бери күн сайын ушинтип иштеп келе жаткан бул бала кантип чарчабайт?”- деп сүрөтчүбүз күлүп калды. Бул кезде мен да ошону ойлоп бараткам.
Даярдаган Бахияна Сатылганова