Америкалык стриптиз бийчиси Челси Чармс дүйнөдөгү эң чоң эмчектүү аял болуп эсептелет. Челси мындай эмчекке пластикалык операциянын жардамы менен ээ болгон. Анын эмчектерине полипропиленден жасалган имплантаттар салынып, ичине атайын сары суу куюлган. Cары суу түгөнгүчө эмчек жылына 2,5 сантиметрге чоңоё берет. Учурда Челсинин Итси менен Бетсисинин (актриса эмчектерин ушинтип эркелетип атайт) ар биринин салмагы 10 килограмм чыгат.
Челсинин сөзүнө караганда, эмчеги чоңоюусун уланта берсе, аны кайра операциялык жол менен кичирейтүүгө туура келиши да мүмкүн.
«АЛИГИНИ» 9 САНТИМЕТРГЕ ЧОҢОЙТУП...
Даниялык пластикалык хирург Йерн Эге Сиана бир эркектин “алигисин” чоңойтуу үчүн 1100 ирет операция жасаган. Жыйынтыгында эркектин 5 сантиметрлик жыныстык мүчөсү 14,5 сантиметрге чоңойгон. Ушундан улам Йернге операция жасатуу үчүн кезекке турган эркектердин саны өскөн.
Эки баңги чегип алып сойкулар үйүнө келет. Кыздардын баары бош эмес болгондуктан, сутенёрша амалданып, экөөнө “ме, силерге кыздар” деп эки үйлөмө секс-куурчак карматып коёт.
Эртеси экөө талкуулап жатышат:
– Меники сары чачтуу экен. Каалоолорумдун баарын унчукпай аткарды.
– А меники жез кемпир экен. Төрт буттатып туруп, эми ишке киришейин десем “фю-и-и-и-т” деп үн чыгарды да, терезеден учуп кетти.
Астра Айдарова
erotika@super.kg