Келечектеги секс: ЭРКЕК ОРДУНА РОБОТПУ?

Техникалык прогресс бизге компьютерди, мобилдик телефонду тартуулап, жашообузду ыкчам жана кызыктуу кыла алды. Эгер мындай прогресс жашообуздун бардык тармагын кучагына алса, анда сексти айланып өтүшү мүмкүнбү? Албетте, жок. Келгиле, анда учурдагы жана келечектеги секс жөнүндө кеп кылалы.

ЖАКЫНКЫ ЖЫЛДАРЫ
Ойлоп табуучулар “алгачкы толук кандуу секс-роботтор 2016-жылы чыгарылат. Андай роботтор айымды алгач жолугушууга чакырып, анан унутулгус түндү тартуулоого жөндөмдүү болот. Мындай роботтор канчалык кымбат болсо да, сатып алуучулар чыгат” дешүүдө.

УЧУРДА
Америкалык “TrueCom­panion” компаниясы тарабынан эркектер үчүн чыгарылган Roxxxy аттуу резина куурчак-робот бар. “Сулуунун” бою 174 сантиметр, салмагы 55 килограмм. Куурчак-робот тамак-аш жасоону, кир жууганды билбегени менен, калганын бүт аткарат. Ал сүйлөйт, уктай алат. Уга да билет. Өз алдынча баса албаганы менен, кыймылдоого жөндөмдүү. Баасы комплектисине жараша 7 миңден 9 миң долларга чейин. Комплектисинде ноутбук бар болгондуктан, куурчак-роботту интернетке туташтырып, андагы программаларды жаңыртууга болот.
Башкысы, Roxxxy сексуалдык позаларды өзгөртүүгө, керектүү убакытта акыштап, онтоого, ээсине “ылдам, ылдам” деп айтууга жөндөмдүү. Ал эркектин кармап, сылап-сыйпалаганын сезе алат. Ал тургай уктоо үчүн жатканды билет”,- дейт аны ойлоп тапкан Дуглас Хайнс мырза.
Roxxxy куурчактары жаш куракка жана 5 түрдүү мүнөзгө ээ. Мисалы, бири жаш жана шайыр, адам менен мамиле түзгөндү жакшы билет. Дагы бири кары жана токтоо мүнөздө дегендей.
Куурчакты буюртма менен каалагандай жасатууга да болот. Мисалы, терисинин, чачынын түсүн өзгөртүп, эмчегин чоң же кичине кылып.
Хайнс “менин табылгам тартынчаак, кандайдыр бир себеп менен жыныс мүчөсү жакшы иштебеген жана ден соолугуна зыян келтирбей эксперимент жүргүзүүнү сүйгөн эркектер үчүн чыгарылган” дейт.
Айта кетчү нерсе, аялдар үчүн Roxxxy сыяктуу секс-робот-куурчак чыгарыла элек. Болгону, кучактап жатууга ылайыкталган, бирок секс кызматын аткара албоочу робот-жигиттер бар. Мисалы, Америкадагы бою 180 сантиметр роботту алалы. Ал кадимки эркектей дем алат, жүрөгү кагат. Ал тургай дааратканага барып заара ушата алат (суюктукту эрте куюп коюш керек). Баасы – 7-9 миң доллар.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
kyrqyz
2011-08-02 14:32:36
ва ха ха эми сойкулардын иши журушпой турган боду











0
Bazis
2011-08-02 16:40:51
Туура баары бир эркектерге жетпейт.
0
zamir_kgz
2011-08-02 20:36:00
Эркектер алгаа! Кыргыз кыз келиндерин капа кылдырбайбыз, роботуна да башкасына да! Эркектер алгаа! Кыргыз кыз келиндерин капа кылдырбайбыз, роботуна да башкасына да!
0
880909
2011-08-02 23:21:06
Ошол алга кетчу кыраандар бардыгы Россияга агылып жатса (озум баш б-п) анан кайдагы...
0
zamir_kgz
2011-08-03 00:11:35
880909, Кыргыздын канын сактап калабыз, митис жээндердин кереги жок.Чет олкодо дене саткандар Кыргыз эмес!
0
zana
2011-08-03 18:01:04
erkekter turganda robottun emne keregi bar;)
0
ulua
2011-08-05 03:39:10
роботту колдонгондор колдоно беришсин..эркекти колдонгондор эркекти дегендей...
0
honestbek
2011-08-12 11:46:12
Эркек озун аялдын жанында чыныгы эркек сезет дегендей мен дагы аялзатын бакытка бологум келет !! Анан робот туугандар келсе дагы коробуз го ага чейин 4жарым жыл бар экен эркектер АЛГА!!!!
0
bratan2011
2011-08-16 14:38:45
эми ушу эле калды эле
0
edward_kg
2011-11-11 18:05:24
Ээуу кыздар эркеке ошончо мукурадынарбы?
0
janym_88
2011-11-13 19:24:13
эми ошол роботу эле калды эле
0
ajara140295
2011-12-04 19:46:21
Бизге кереги жок роботтун. Туура! Бул биз учун эмес. Бирок эркектер карабаган аялдарга, кыздарга жага албаган эркектерге керек.
0
milashka90
2012-04-20 10:35:00
Эркектерге мукурадынарбы дейсинерда?воще то силерге аял куурчак чыгарылыптыр го...эркеги го али чыга элек.
0
Tazash
2012-07-15 21:26:32
Тобооо заман куда идет эркек менен эркек кыз менен кыздар баш кошуп...же мен замандан арта калдымбы ыя
0
Kaaan
2013-09-02 22:00:53
Бары бутуп ошол эле калды
0
kara-kul89
2014-03-29 11:19:51
vahhaha kyzdary dagy jasawat beken :-P
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан