Ошентип, футбол боюнча курама командабыздын Өзбекстанга болгон саякаты аяктап, Жумакеев шакирттерине Ташкентти көргөзүп, өзбек акалардын сыйын көрүп кайтышты. Беттеште катталган эсепке серепчилер “Кудай сактады” дешсе, айрым күйөрмандар "шерменде болдук" дешүүдө. Негизи, Азия биринчилигинде 4-орунду ээлеген Өзбекстанга туш болгонубуз маалым болгондо "бакыт кушу футболчуларыбыздан баш тартты" деген кептер жаралган.
Эскертүү: Бишкектеги жооптук беттеш гезитибиз басмага кетип жатканда орун алгандыктан, оюн тууралуу репортажды эмки саныбыздан окуй аласыздар.