Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АКТАЛГАН ҮМҮТ

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл


“Тагдыр жолу мен үчүн мынчалык татаал болуп, өзүмдү күнөөлөп, жүрөгүмдү мыкчып отуруп калам деп такыр ойлобоптурмун. Жубайым экөөбүз мындан 20 жыл мурун баш кошконбуз. Тагдыр бизди ары калчады, бери калчады. Бирок турмушубузду бузган жок. Ириде бул үчүн аялыма ыраазымын”,- дейт Анарбек ага.

“БАЛАЛЫК СҮЙҮҮМ"
– Алгачкы арзуу... Мектептеги эң сулуу бийкеч Айшага ашык болбогон айылда бир да бала калган эмес. Оой, канча жолу жүрөгүм мыкчылып, бекинип ыйлаган күндөрүм тамдардын бурчунда калды. Айша бирөөнү да теңине алчу эмес, жактырбаган адамдан кыя тиктеп кутулчу. Бир күнү батынып, сүйүшкөндөр күнүндө ага кат жазганга белсендим. Калем алдым да, чоң баракка аны күнү-түнү аңдыганымды, ар бир жандан кызганганымды, бир күн көрбөй калсам, уктай албаганымдан бери жаздым. Акыркы сапка “мен сени катуу сүйөм, сени эч качан кор кылбайм” деп чекитти балчайта койдум да, терең дем алдым. Классына жетип, кирерим менен Айшага катымды карматтым. Айша мени караган боюнча нес болуп кала берди. Баса, каттын этегине “эгерде сенин муз жүрөгүңдү аз болсо да жылыта алган болсом, жок дегенде мени кылчая карап кой” деп өтүнгөм. Эшикте Айшаны аңдып, терезесин шыкаалап көпкө отурдум. Бир маалда коңшу айылдагы 5-6 бала мени жакалап, мектептин артына сүйрөп кетишти. Көрсө, алар менин Айшага кат бергенимди көрүп калышыптыр. Алардын башчысы Тынчтык деген менден 4 жаш улуу бала эле.
– Энеңди, Айшанын жанына бир карыш жакындап көр, ата-энең талаадан сөөгүңдү чогултат,- деп мени тепкилеп, кетип калышты.
Мектептин жанына окуучулар бат эле чогула калышты. Алардын арасынан Айшанын да карааны көрүндү, кантип турганымды билбейм, бутум шалак дей түштү. Көрсө, Тынчтык бутума арматура менен чапканда сөөгү сынып кетиптир. Ошентип, ооруканага жатып калдым.

“КАНАТЫ ЖОК БҮРКҮТТӨЙ УЧА АЛБАДЫМ”
– Эмнегедир ушул окуя экөөбүздү жакындатты. Анда-санда ооруканага келип, ал-абалымды сурап кетчү болду. Акыры өжөрлүгүм никебиздин кыйылышына алып келди. Кыялым орундалып, менден өткөн бактылуу адам жок болуп жүрдүм. Мен жалгыз уул болгондуктан, Айшаны ата-энем өз кызындай жакшы көрүшчү. Жубайым кош бойлуу учурда аскерге кетүүгө аргасыз болдум. Эки айда бир келип, күнөөсүз аруу жандай жылмайып, жашоомо бакыт тартуулап турду. Көп өтпөй сүйүктүүм уулдуу болгонубузду сүйүнчүлөдү. Алгачкы махабатым, тун балам... Бакыттын даамын татпай жатып кайгыга малындым. Биз күткөн наристенин өмүрү кыска болду. Тагдырдын таш боордугуна кайыл болуп кала бердик.
Аскерден кайтып келдим, жашоом мурунку нугуна түштү. Арадан айлар, жылдар да өтө берди. А биз баланын жытына зар болуп жүрдүк. Кыйын деген доктурлардын кабылдамаларын айланчыктап, канча күн өткөрдүк?! Бири “балалуу боло аласыңар”, бири “жок” деп башыбыз деле айланып калды. Өмүр өтө берет экен, жашоо-турмушубузду оңоп, жеке бизнес ачууга да үлгүрдүм. Элден кем кылбай кийимин кийимдей, алтынын алтындай алып берип жаттым. Мен муну милдет кылбайм. Мындай жол менен мен аны эч нерсеге кор кылбайм деген убадамды орундаттым. А бирок дале балалуу болбой жүрдүк. Кайгыдан улам кээде ичип, аны сөгүп коймой адатым пайда боло баштады. А бирок сүйчүмүн, дале чексиз сүйөм. Эч бир жылыш болбоду. Анан бир күнү тааныштарым аркылуу көлгө эс алганы бир кыйын немис акушер-гинеколог келерин угуп калдым. Дароо эле ал адам менен жолугуштум. Аты Жон экен, ал көйгөйүмдү угуп, Айшаны көргөнгө макул болду.

"АТАЛЫК БАКЫТТАН АЙРЫП..."
Бир сааттын ичинде Айшаны да, мени да көргөнгө үлгүрдү. Көрсө, бир жыл мурун Айшанын боюна бүтүптүр. Бирок ал боюнан алдырткан имиш, ошондон улам төрөй албай калыптыр. Айшадан өмүрү мындайды күткөн эмес элем, бул жоругу абдан капалантты.
– Айша, сага баланын кереги жокпу?! Эмнеге мындай кадамга бардың?! Жок дегенде мага бир ооз айтпайт белең?
– Мен корктум, төрөт мен үчүн өтө эле коркунучтуу нерсеге айланган, мени күнөөлөбө!- деп актана баштады.
А бирок мен Айшаны күнөөлөдүм, ал деле сезип турду. Балалуу болбой калам деп ойлобопмун, же айтсачы... Эмне кылам? Тагдырыма кайыл болуп кала бердим. Кайгыдан Айшанын баягы мөлтүрөгөн сулуулугу соолуп бараткан гүлдү элестете баштады. Ишенесиңерби, акырындык менен баарынын тең кереги жок болуп калды. Бала болбосо, байлыктын кереги эмне? Чогултканың кимге калат? Ушундан улам Айша экөөбүздүн уруш-талашыбыз да күн санап көбөйө берди. “Жашабайм, кетем” деген сөздөрдү айтмай Айшанын көнүмүш адатына айланды. Бир күнү Айша:
– Мен өзүмдү өмүр бою күнөөлөп жашай албайм, мени кечир. Сен сөзсүз балалуу да, бактылуу да болосуң...
– Мен сени кантип коё берем? Сенсиз жашоонун эмне кызыгы бар?!- деп тизелеп отуруп алдым.
Ортобуздагы ысык сүйүүбүз тарай баштагандай сезилди. Мен деле, чынында, бала жок кыйналып кеттим, сүйүктүүңдөн балалуу болгуң келет да. Бир күнү сейил бак жактан өтүп баратып, кичинекей балдар үйүлүп ойноп жатканын көрдүм. Билбейм, эмнегедир ал балакайлардын жанына баргым келди. Балким, алардын арасында менин да балам ойношун ушунчалык каалап жаткандыктанбы... Жараткандын каары мага түштүбү? Канаты сынган бүркүттөй уча албадым... Кыйналдым.
Күндөрдүн биринде көптөн бери көрө элек досумдун үйүнө кайрылдым. Алар ал учурда 4 балалуу болуп калган эле. Досум менен эшикте сүйлөшүп отурдук.
– Качан анан? Жүрө бересиңерби, эртерээк балалуу болбойсуңарбы?- деп ал карт жарамды сыйрыды...

“ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ АКЫРЫ АКТАЛДЫ”
– Бир айга жетпей досум телефон чалып калды. Анын айтымында, короосуна кичинекей баланы таштап кетишиптир. “Мага кел, сүйлөшөлү” дегенинен дароо эле досумдун үйүнө жөнөдүм. Босогону аттаганда эле наристенин ыңаалаганы кулагыма ушунчалык жагымдуу угулду. Досум колундагы балканактай баланы мага кармата салып:
– Бул баланы багып ал. Айшага “бирөөдөн балалуу болдум. Экөөбүз багып алалы” деп алда. Ал сени сүйөт, макул болот,- деди.
Бири-бирибизди күнөөлөп жашоого бөгөт коюу керек экендигин гана түшүндүм. Эмне кыларымды билбей, баланы бек кучактап Айшага келдим. Башымдагы миң суроого бир да жооп табылбады. Эшиктин коңгуроосун басып, баланы бекем кучактап турдум. Айша эшикти ачып, мени караган бойдон катып калды. Албетте, ал менден мындайды өмүрү күткөн эмес. Айшанын көз карашы мага түшүнүксүз, бейтааныш. Залга кирип, унчукпай отурдук. Ал тынчтыкты наристенин ойгонгону бузду. Эки жакта ыйлаган жүрөктү наристенин ыңаалаган үнү кайрадан кошту десем да болчудай. Айша чуркап, эмне кыларын билбей калды. Экөөбүз наристени соорото албай айлабыз кетти. Баланын курсагын тойгузуп, жалаягын алмаштыргандан кийин мемиреп уйкуга кетти. Ошондо Айшага баарын түшүндүргөнгө аракеттендим.
– Айша, мен мындай болорун күткөн эмесмин, бул баланын энесин бир эле жолу көргөм. Ооба, чогуу болгонбуз, мени кечир, мен бул баланын атасымын, сен энеси боло аласың. Сен түшүнөсүң баарын, мен сага ишенем.
– Бала төрөп бербесем да, сенин балаңа эне боло алат болушум керек,- деген бойдон бөлмөдөн чыгып кетти.
Сүйүүбүз өчүп бара жатканда наристе биздин караңгы жашообузга жарык бергендей сезилди. Тийиштүү документтердин баарын чогултуп, балабыздын атын Ислам койдук.
Ошентип, Айша экөөбүз ата-эне болуп калдык. Быйыл балабыз 1-класска барат, апасынын артынан калбайт. Айша да Исламды өз баласындай көрөт. Бирок жубайым тааныбаган эле бирөөнүн баласын тарбиялап жатканыбызды дале билбейт. Ислам – Айша экөөбүздүн жыргалыбыз, бактыбыз. Жараткандын буйругу ушул экен деп жашап келдик.
Уулубуз чоңойгон сайын кылык-жоруктары, жүрүш-турушу өзүбүзгө окшоп барат. Исламдын "качан бөбөк алып келесиңер?" деген суранычын Жараткандын кулагы чалгандай, бизди дагы бир жолу ата-эне болуу бактысына бөлөдү. Жакында эле жубайымдын боюнда бар экенин билдик. Күнүгө эле башы айланып, көңүлү айныганынан доктурга алып барсам, “аялыңыздын боюнда бар экен го, түйүлдүккө төрт ай болуптур, эмнеге ушуга чейин доктурга көрүнбөй жүрөсүңөр?” деген уруш жедик. Азыр кубанычым койнума батпай жүргөн кез. Көшөгө артындагы сыр бизге дагы бир бакыт алып келди.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
01.08.2011. 10:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
24-07-2011
Соӊку аракети:
16-05-2015 00:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
0
Жараткан Аллах аларын алып кайра берерин унутпаптыр. Бактылуу болунуздар!Жараткан Аллах аларын алып кайра берерин унутпаптыр. Бактылуу болунуздар!
01.08.2011. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
03-09-2010
Соӊку аракети:
01-02-2017 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кандай сонун аягы жомоктогудай аяктаптыр молодцы суперчилер
01.08.2011. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Бирок аялынызга туурасын айтып койсо болмок ...
01.08.2011. 12:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
11-08-2011 11:42
Жынысы:
Белгисиз
0
аней менин акемдин тагдыры го... Менин акем да коп жыл бою балалуу болбо журуп анан болду.
01.08.2011. 13:11 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-12-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Boston, Massachusetts State, USA
0
daa, birok bala bagyp alsa artynan bala kelet degen chyn turbayby
01.08.2011. 14:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
05-03-2009
Соӊку аракети:
05-02-2012 14:12
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жомок.))) суйушкондор куну 2000жылдардан кийин белгилуу болду го кыргызстанда.))))))
05.08.2011. 18:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
27-03-2010
Соӊку аракети:
28-12-2012 05:10
Жынысы:
Белгисиз
0
RIELTOR, 92-jyly biz "mayramdap" bashtaganbyz, 2000-jyl emes ;)
01.08.2011. 22:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
13-11-2009
Соӊку аракети:
03-03-2015 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алтын тор
0
ida jakwy jakwy eken
01.08.2011. 23:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-05-2011
Соӊку аракети:
30-06-2014 19:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гамбург
0
Baktyluu bolunuzdar!!!Ayagy jakshy ayaktaptyr,men dagy bir jylmaiyp aldym...
02.08.2011. 02:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
08-08-2008
Соӊку аракети:
28-03-2016 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kadamjay
0
oh vyy,,,,baktyluulukka jetipsiner,Allaga shygyr kylyp,ibadatta bolgula emi...
02.08.2011. 03:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
03-05-2011
Соӊку аракети:
23-09-2013 10:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula ui bulonordo daima tynchylyk , tokchuluk , amanchylyk bolsun emnesi bolso dagy buyrsa kelincheginiz sizdin tukumunuzdu ulantyp berdi, aman esen koz jaryp alyshyn kaalaim.
02.08.2011. 15:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
06-09-2016 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
балалуу уй базар, баласыз уй мазар деген ушу да, бактылуу болгула айша аман эсен коз жарып ошол наристе силердин суйуунордун данакери болсун, бир гана нерсе Айшага чындыкты айтыш керек бала торолгондон кийин, кийин кеч болуп калат, ачуу чындык жакшы го калптан коро,анын да журогу тынч алсын сенин актыгына ишенсин, чындыкты ачыкка чыгар сабий торолсун болбосо азыр ага кыйын болот айтып койсон,боюнан козголуп калышы мумкун андай кутпогон кабардан, алга
02.08.2011. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
20-07-2011
Соӊку аракети:
22-05-2017 23:53
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сонун буткон аягы....
02.08.2011. 18:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-06-2011
Соӊку аракети:
29-11-2014 15:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
ооба аябай сонун . мен да бактылуумун силер учун сабырдуу болгонунардан кудай силерди кур койбогон чыгаар мн да ушундай бакытка качан жетеер экенмин!
02.08.2011. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
19-01-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 09:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Казань
0
Жараткан берээрин унутпасын...
03.08.2011. 02:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
19-12-2010
Соӊку аракети:
17-03-2018 09:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Точно биздин кошунабыздын окуясындай экен.
03.08.2011. 15:54 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
07-12-2012 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу окуя экен.Кинодогудай болуп баланын ата-энеси издеп келип, бала чыныгы ата-энеси ким экенин билип,Айша дагы чындыкты билип анан сериялга айланбаса эле болду!
Сабырдын түбү сары алтын.Сабыр кылып жүрүшүп балалуу болушуптур.Балалуу боло албай жүргөндөрдүн жүрөгүн жылытып,биз да куда кааласа ушундай болуп балалуу болобуз деп үзүлбөгөн үмүтөрүнө үмү
03.08.2011. 15:56 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
07-12-2012 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
үмүтөрүнө үмүт кошо турган окуя экен.
03.08.2011. 16:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-07-2011
Соӊку аракети:
08-06-2012 08:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Киши молодец экен, аялына тан калдым озун ойлоп, бала деген все равно соонун да
04.08.2011. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
506
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
12-11-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош
0
Бактылуу болунуздар! Сонун окуя экен.Бактылуу болунуздар! Сонун окуя экен.
05.08.2011. 03:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
04-06-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия москва
0
баланы бала ээрчитет деп коет туптуура кылыпсыздар багып алып....
08.08.2011. 08:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
03-07-2011
Соӊку аракети:
13-10-2011 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Сонун окуя!
18.08.2011. 00:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
24-04-2011
Соӊку аракети:
25-07-2012 20:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
санкт петербург
0
келечектеги наристе кудайдын ыраазычылыгы.бироонун баласын багып алганынар учун.бирок меники дебей еле койсо болмок баарыбир аялынын журогундо бир нерсе калып калатда.мен ошо менен жаша деп кетмек болушум керек
10.09.2011. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
18-05-2017 17:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бул жашоо кудайым Аллахтын берген сыноосу силер ийилип бирок, сынбай келипсинер. азаматсынар бактылуу болгула!!!
01.06.2013. 10:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-08-2012
Соӊку аракети:
10-06-2013 00:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Копторго сабак болчу окуя экен... Азыр балалуу болбогондор бакыт кушун оздору колунан учуруп, ажырашып жатышпайбы, сабыр керек ар качан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: