“Жакшы падыша жерин кемитпей, элин сактайт. Жаман падыша жерин сатып, элин тентитет”. Бул кепти эч ким төгүн дебес. Бабалар каны-жанын берип сактап, бизге тапшырган жерди башкаларга четинен кыркып берип жаткандарга анда кандай жаза колдонуу керек?
УЛАМАДАН УККАН КЕП...
Эл оозунда эмдигиче айтылган уламыш кеп бар. Ал уламыш боюнча, илгери кыргыз элин кара кылды как жарган калыс, акылдуу хан башкарчу экен. Күндөрдүн биринде кыргыздын бейпил жашоосуна ичи тарып, жеринин кооздугуна көз арткан коңшу жашаган душманы согуш баштагысы келип, шылтоо таппай, хандан ааламга аты чыккан айтылуу күлүгүн “берсин” деп элчи жиберет. Муну уккан кеңешчилери чогулуп келип: “Ханым, уруксат бер! Биз мындай кордукка чыдай албайбыз. Барып элин чаап, душмандын мизин майтарып келели”,- дешет. Анда хан “сурагандары күлүк эле болсо, бердиргиле! Элимдин тынчтыгы үчүн бир жылкымды аямак белем?” дейт. Арадан убакыт өтөт. Баягы душмандар эми хандын ай чырайлуу жаш токолун суратып элчи жиберишет. Хан алардын сураганын берет. Күндөр айга, айлар жылга алмашат. Баягы душмандар эми кыргыз ханына элчи жиберип, чек ара жактагы какшыган какыр талаадан жер сурашат. Хандын кеңешчилери: “Ал чөп чыкпаган жерди бере бериңиз, урматтуу ханым”,- дешет. Ошондо хан: “Жок! Ал жер меники эмес, элимдин жери. Ошол жердин ар бир баскан кадамында биздин ата-бабаларыбыздын каны тамган, сөөктөрү жашырылган. Мен душмандарга алардын үстүн тебелеп жүрүүгө жол бербейм! Кана, кылычыңарды кындан сууругула! Жоого аттанууга убакыт келди!”- дейт. Ошентип, ал барып душмандарын талкалап, жеңиш менен кайтат.
Хандын ошол эли, жери үчүн жасаган ак эмгеги, эрдиги кылымдан кылымга уланып, жерибиз ушул заманга чейин сиз менен бизге жеткен тура.
БИЛГЕНИҢ ОҢ
АЛ ЭМИ АЗЫРЧЫ?..
Учурда бийлик башындагы билермандар кыргыз жерин четинен үзүп сатып, Ала-Тоонун керемет жерине сугун артып, алкымын араандай ачкан башка өлкөлөргө устукан бөлгөнсүп таратып жатышат. Жерибизди эл бийлегендер совет дооруна чейин да, союз учурунда да, эгемендүүлүккө жеткенден кийин да сатышууда. Өлкөбүздүн аянты жылдан-жылга кичирейип баратканы ойго салат. Минтип отурсак, келечек муунга кайсы бетибиз менен карайбыз? Ошол себептен ар бир кыргыз жараны, мейли карапайым, мейли чиновник болсун, келечекке көңүл кош мамиле жасабай, өткөндөн сабак алып, тарых чындыгын биле жүрүш керек.
КАЗАКТАРГА ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Азыр Казакстанга карап калган Кордайдан чыгышты көздөй Михайловка айылына, түндүгү Узун-Агачка чейин кыргыздын жери болуп, Керүү өрөөнү деп аталганы жөнүндө эл арасында сөздөр көп.
“Чүйдүн оң жээгин казактарга кырк байталга Жантай хан саткан” деген да кептер бар. Ал эми кай бирлер “Шабдан баатыр саткан” дешет. Жерди сатабы же жылкыга айырбаштайбы, айтор, Жантай “хан” деген атка татыксыз иш жасаган. Анткени Чүй жалпы кыргызга тиешелүү жер эле.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкери, тарыхчы Темир Асановдун айтымында, Иле дарыясынан бери көздөй бүт кыргыздарга тиешелүү болгон. Казак менен кыргыздардын алгачкы чек ара маселеси калмактарга байланыштуу козголгон. 18-кылымдын орто чендеринде калмактар кыргыз менен казактарга катуу сокку урган. Ошондо калмактарга туруштук бере албай калган түндүк кыргыздар жапырт түштүккө качкан. Анжияндын, Намангандын айланасына жана азыркы Тажикстанга тиешелүү Куляб облусунун аймагына жана Душанбеге чейин барышкан. Ошол окуядан кийин бери дегенде эле 40-50 жылдан кийин кыргыздар кайра Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө көчүп келе баштаган. Бул 1755-58-жылдарга туура келет. Арып-ачкан эл айласыз казактардын малдарын чаап ала баштаган. Ошонун негизинде казактар менен карым-катнаш үзүлүп, жер да талаш боло баштаган. Абылай хан казактардын жерин кеңейтүү саясатын жүргүзүп, казак-кыргыздын ортосунда 1771-жылдан 1780-жылдарга чейин чоң согуштар болгон. Акырында согуштан жадаган жана жеңилген кыргыз төбөлдөрү казактарга жерлерин берүүгө аргасыз болушкан. Болжол менен азыркы Казакстандын түштүгү бүт кыргыздардан казактарга өткөн. 1924-жылы чек ара бөлүнгөндө казактар табигый чек катары Чүй суусунун ары жагын алып калышкан. Москвадан келген комиссия маалыматтарды жакшы билбей эле чечип берип койгон.
Казактарга жер берүү азыркы күндөрү да уланып, Курманбек Бакиев бийлик башында турганда Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жерибизден кол жууганбыз. Элдин "жер саткан оңбойт" дегени бекер эмес экен. Бакиев да жер саткан Акаевдин таз кейпин кийип, куйругун түйүп, өз элине батпай, өзгөдөн калканч издеп качууга мажбур болду.
ӨЗБЕКТЕРГЕ ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Калк арасында Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековду “кыргыз жерин саткан” деп күнөөлөгөндөр да жок эмес. Анткени Орозбеков Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (1927-1937-жж.) болгонго чейин 1924-1925-жылдары Ош округдук революциялык комитеттин жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда Шаймерден Өзбекстанга берилген.
Баткен облусунун аймагында пайда болгон Сох анклавы жөнүндө “өзбектердин партия лидерлеринин бирөөсү бул аймакты кыргыз кесиптешинен карта оюнуна мелдешип, утуп алган” деген имиш калк арасында али күнгө чейин дуу болуп жүрөт. Дал ушул анклавдан учурда кыргыз жарандары ары-бери өткөндө көптөгөн түйшүк тартып, көйгөйлөр жаралып жаткандыгы зээниңди кейитет. Мындан башка Хан-Абад шаары да өзбектерге берилип кеткен.
Өзбекстандын Кыргызстандын аймагында 4 анклавы бар. Мындан сырткары да жергиликтүү бийликтегилердин өзүм билемдигинен кошуна өлкөлөргө берип жиберилген жерлер да бар. Жогорку жана жергиликтүү жетекчилердин кыска ойлуулугунан жана өтө “берешендигинин” айынан өлкөбүздүн кооз аймактары коңшуларга берилип кеткен.
Кыргыз бийлиги чек ара маселесинде мажирөөлүк кылып, өзбек бийлигинин бир тараптуу жасап жаткан аракеттерине чара көрбөй, мурдагы жолдорду таштап, тоо аралата жаңы айлампа жолдорду сала баштаганы – талаш жерлерди талашуунун ордуна ал жерлерди таштай качканы эмеспи. Мындай айлампа жолдорго Жалал-Абад–Ош жолундагы Өзгөн аркылуу айланып өткөн жол, Ноокен районундагы Бүргөндү айылындагы жана Кербен–Ала-Бука жолдору күбө.
КЫТАЙЛАРГА ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Аскар Акаев президент болуп турганда Үзөңгү-Кууш (болжол менен 90 миң гектар жайыт жер) да Кытайга берилип кеткен. Анын мындай кадамына каршы болушкан Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар куугунтукталды, Аксы окуясы да ушунун негизинде чыкты. Ошого карабай Акаев Кытайга кыргыздын жерин карматып жиберди. Анын бул “айкөлдүгү” акыры ажолук тактыдан кубаланышына түрткү болду.
Азимбек Бекназаровдун “Аксы ыйы – улут кайгысы” аттуу китебинде кыргыз жерлеринин кытайларга кеткени тууралуу далилдери менен жазылган:
“Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев, анын М.Иманалиев, С.Аламанов жана башка кызматкерлеринин активдүү жардамы менен 1996-жылдын 4-июлунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү макулдашуунун натыйжасында Кыргызстан Хан-Теңири чокусунан, Эңилчек түбөлүк мөңгү массивинен, Жаңы-Жер аймагынан (Сары-Жаз дарыясынын жээктери), Боз-Айгыр–Ак-Жээктен (Какшаал дарыясынын жээги) жалпы аянты 358 миң 71 чарчы чакырым жеринен айрылганы аныкталды. Ал эми 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууш өрөөнүнө байланыштуу кошумча келишим А.Акаев менен Цзянь Цзэминь кол койгон бойдон гана жаткандыгы далилденди. Бийлик бул кошумча келишимди Жогорку Кеңешке алып келүүгө аргасыз болду.
Эң кызыгы, 1996-жылдагы кыргыз-кытай чек арасы боюнча келишим Жогорку Кеңештен кандайча өткөндүгү боюнча документ жок. Кытайга бардыгы болуп болжол менен 304 миң 900 чарчы чакырым кыргыздын жери өткөн. Мурда толугу менен кыргыздын жеринде жайгашкан Хан-Теңири чокусу эми Кытай, Казакстан, Кыргызстан – үч мамлекеттики болуп чек ара олуттуу өзгөрүлүп жатса да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 6-пункту одоно түрдө бузулуп, эки палатада тең бир гана жолу каралып, депутаттардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен ратификацияланган”.
УЧУРДАГЫ ТАЛАШ ЖЕРЛЕР
Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен чек арасын толук тактап алган. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым болсо, анын ичинен 320 чакырымы толук тактала элек. Эки өлкөнүн чектеш аймактарында дээрлик элүүдөн ашык талаш жерлер бар. Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына да ушул талаш жерлер боюнча пикир келишпестиктер себеп болгон. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаш жерлер да бүгүнкү күндө толук такталган эмес. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 971 чакырым болсо, анын 471 чакырымы талаш жерлер деп эсептелет. Биздин билермандар бул жерлердин дагы канчасын коңшуларга сатып же белекке берип жиберер экен? Эл көтөрүлүп бир карыш да жер алдырбай сактап калууга чамасы жетер бекен?
ИМИШТЕРГЕ ДАЛИЛДЕР
ЖЕР САТКАНГА МАКУЛ ЖАНА КАРШЫ БОЛГОНДОР
2002-жылы 10-майда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында Үзөңгү-Куушка байланыштуу маселе каралып, жыйынга 40 депутат катышкан. Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине Ө.Текебаев менен А.Таштанбеков каршы добуш беришкен. Экөөсү калыс, калган 36 депутат макул деп добуш беришкен.Макул деп добуш бергендердин белгилүүлөрү: К.Байболов, Т.Балтабаев, А.Жапаров, К.Карабеков, Х.Коркмазов, З.Курманов, К.Осмонов, Т.Сариев, Т.Сарпашев, Т.Усубалиев, С.Чырмашев, А.Шадиев, А.Эркебаев жана башкалар.
2008-жылы 11-апрелде Каркыра жайлоосун жана 4 пансионатты 4-чакырылыштын депутаттары ратификациялап берген. Ошол убакта парламенттеги көпчүлүктү “Ак жол” партиясы түзгөн. Ал эми А.Мадумаров спикер болчу.
Ал убакка чейин анчалык белгилүү боло элек Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы чыгып, анысы үчүн куугунтукталгандыктан, Аксы эли аны жапырт колдоп беришкен. А.Бекназаровдун саясий карьерасы ушинтип башталган десек болчудай.
Нурбек Абдыкадыров, Асхат Субанбеков
koom@super.kg