Элвистин көчүрмөсү же жөн эле БРУНО МАРС

Бул жигиттин ырчылык карьерасы ырчыларга ыр жазуу менен башталган. Анын чыгармачыл чөйрөгө аралашуусу акыры популярдуу ырчы болууга ачкыч болду. Бүгүн Бруно Марс аттуу лакап ат менен популярдуу болгон ырчы тууралуу сөз кылабыз.

МАРСТАН ТҮШКӨН БРУНО
1985-жыл, 8-октябрь. Гавайидеги Оаху аралынын Гонолулу шаарынын Вайкики району. Бул күнү Питер Жин Эрнандес жарык дүйнөгө келген. Бултуюп тегерегинен келген беттери ошол кездеги рестлер (күрөштүн заманбап түрү) боюнча белгилүү болгон Бруно Саммартиного окшошуп кеткендиктен, туугандары «кичинекей Бруно» деп чакырып калышкан. Ал эми Марс деген ысымды сахнага чыга баштаганда кошуп алган. Бул тууралуу өзү: «Менин өзгөчө стилим жок, алгачкы ырларымды уккандардан «бир башкача, Марстан түшкөндөй го...» деген сындарды көп уккам. Ошондон тарта өзүмдү Марс планетасынан түшкөндөй сезчүмүн. Ошентип, бала чактагы Бруно деген лакап атыма Марсты кошуп, Бруно Марс болуп алгам»,- дейт. Брунонун таланты – ата-энесинен берилген белек десек жаңылышпайбыз. Атасы Пит рок-н-ролл дегенде жантыгынан жата калса, апасы Бернадет таланттуу ырчы болгон. «Болор бала башынан» дегендей, Бруно 3 жашында эле Элвис Преслинин 10дон ашык ырын жатка билчү. Ал эми 4 жашында атасы апасынан турган үй-бүлөлүк топто Преслинин гана эмес, Майкл Жексондун да ырларын ырдап чыгып, аны көрүүчүлөр «кичинекей Элвис» деп атап алышкан. Бруно 5 жашка чыкканда «Элвистин кичинекей көчүрмөсү» деген диплом менен да сыйланган. Брунонун ата-энеси уулунун хип-хоп, R&B, рок, регги музыкалык багыттарына бирдей таланты бар экенин байкап, өздөрү да буга абдан таң калышчу. Бруно 10 жашка чыкканда гитарада, фортепианодо мыкты ойночу. Кичине кезинен эле Элвисти туурап сахнадан түшпөгөн жаш талант болочокто музыка жаатындагы инсан болорунан күмөн саначу эмес.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ЧЫЙЫР ЖОЛУНДА
2003-жылы Бруно мектепти аяктап, Лос-Анжелес шаарына ырчы болуу максатында сапар алат. Бирок шаарга келер замат эле Бруно музыка дүйнөсүнө аралашып кете алган эмес. Чоң шаарда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, айласы кеткен күндөрү тууралуу Бруно: «Лос-Анжелеске сапар алганда дароо эле сахнадан ордумду табам деп ойлогом. Бирок чыгармачылык менен алек болуу үчүн каражат керек. Бир күнү батирдин акчасын төлөй албай эшикте кала жаздагам. Мен үчүн чоң байлык болгон музыкалык аспаптарымдын баарын саттым. Мына ошол күнү катуу ойлондум. Бул аспаптарды саткан колум сөзсүз чоң суммадагы акча кармайт деп өзүмө ант бердим да, колума калем алып ыр жазууга кириштим»,- деп эскерет.

ТААНЫШУУДАН ТАЛАНТЫ АЧЫЛГАН
Жазган ырларын ар кимге көрсө­түп жүрүп 2004-жылы биринчи жолу «Motown Records» компаниясы менен келишим түзөт. Бул келишимдин аркасынан Филипп Лоурен аттуу продюсер менен таанышып калат. Ал жаңы чыгып келе жаткан ырчы Ари Левин менен Брунону жолуктуруп, топ түзүү идеясы жаралат. Ошентип, «Smeezingtons» тобу куралат. Бирок топ ырчылык менен эмес, ырчыларга ыр жазып берүү менен гана чектелет. «Таттуу кыздар» («Sugababes») сыяктуу белгилүү топтор жана Александр Бёрк өңдүү популярдуу ырчылар менен иштешип, шоу-бизнес чөйрөсүндө сөзгө алына баштайт. Чыгармачылык чыйыр жолдогу Брунонун дагы бир пайдалуу таанышуусу «Atlantic Records» компаниясынын менеджери болуп иштеген Аорон Бэй-Шук болот. Мына ушул таанышуу Бруного жеке ырчылыктын көшөгөсүн ачкан. Брунонун алгачкы «Сен эгерде түшүнбөсөң жакшыраак болмок» («It's Better If You Don't Understand») аттуу альбому хит-параддарда алдыңкы ондукту ээлеп, күйөрмандарынын саны арбыган. Бруно чыгармачылыктын бал каймагын 2010-жылы «Жөн гана ошондойсуң» («Just the Way You Are») аталыштагы альбомун чыгаруу менен татат. Анын «Жардыргыч» («Grenade») аттуу ыры учурда биздин жаштардын арасында өтө популярдуу.

КҮЙӨРМАНДАРЫНЫН КУЛАГЫН СҮЙҮНТКӨН ЧЫГАРМАЛАРЫ
2010-жылы «Сага эч ким тең келбейт» («Nothin' on You») деген ыры «Жылдын мыкты ыры» наамын жеңип алган. Андан соң 2011-жылы «Грэмми» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы «Just the Way You Are» чыгармасы «Мыкты вокалдык аткаруу» сыйлыгына татыйт. Рэпер Би-о-Би менен биргеликте аткарган «Nothin’ on You» чыгармасы 2010-жылы бүтүндөй Американын хит-параддарында алдыңкы орундан түшкөн эмес.

«БАҢГИЗАТ ТУУРАЛУУ ООЗ АЧКЫМ КЕЛБЕЙТ»
Көпчүлүк чыгармачыл адамдар популярдуулукту көтөрө албай ар кандай жоруктарды жасай башташат эмеспи. Бруно да мындай нерседен четте калган эмес. Тактап айтканда, ырчы 2010-жылы кокаин менен кармалган. Полицияга «мен колума бул нерсени кармап жиндилик кылдым, бирок буга чейин баңгизатын колдонуп көргөн эмесмин» деп актанган. Анын бул сөзүн көпчүлүк мыйыгынан күлүп, «кантип эле?» дегендей кабыл алган. Айып катары 2000 доллар төлөп, 200 саат коомдук жумуштарда иштеген. Ушундан кийин ырчы баңгизат тууралуу тема козголсо эле бул тууралуу ооз ачкысы келбесин билдирип, кыжалат болору айтылып келет.

КЫСТЫРМА

  • Брунонун ырларында гавайиликтердин укулелесинин (төрт кылдуу музыкалык аспап) коштоосу көп кездешет.
  • «Периштедей болгон сүйгөнүм бар»,- дейт. Бирок ал ким экенин ачык айтпайт.
  • Көбүнчө кара терилүү ырчылардын чыгармаларын угат.
  • «Жаңы ыр жаратууда көпчүлүк учурда тууган-туушкандар, тааныштар илхам жаратат. Мисалы, эжелерим жигиттери тууралуу мага көп айтышат. Анан алардын арыз-муңунан ырлар жаралат»,- дейт.
  • 5 бир тууган.
  • Англияны абдан жактырат. «Англия чыгаан таланттардын өлкөсү. Ал жактан чыгармачылык чөйчөгүм толуп турат»,- дейт Бруно.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Бруно Марс баңги заты үчүн абакка камалганбы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
elya2404
2011-08-01 10:52:33
Мага ырлары особенно «Grenade» оло жагат. Кундо бир жолу укпасам, башым ооруйт.
0
Шаиста Шатманова
2011-08-01 14:20:08
elya2404, Менин да башым ооруйт, ушул ырды укпасам:)
0
kyrgyz007
2011-08-01 18:05:38
meninda bashim ooruyt ushul irdi uksam..))
0
temirbek87
2011-08-02 06:27:58
менимче баардык ырлары жакшы мага жана жубайыма дагы жагат
0
Nazaya
2011-08-04 05:22:32
Super!
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан