«СУПЕР-ИНФО» – ЧЕМПИОН!

Бул оюн чоң жеңиштердин даамын таткан жаш жана тажрыйбалуу спортчулар менен бөлмөдө өскөн гүлдөрдөй болгон журналисттердин (спортчуларга салыштырмалуу) тиреши болду. Андыктан, күйөрмандар алдын-ала спортчулар журналисттерди жумшартып айтканда, утат деп күтүшкөндүгү анык. Бирок, иш жүзүндө андай болбой, чогулган жүздөгөн күйөрмандар күндүн башкы сенсациясына күбө болушту. Негизинен, голдорго бай жана “Спорт жылдыздарынын” үстөмдүгү астында өткөн оюн 4:3 эсебинде “Супер-Инфонун” пайдасына чечилди. Бул беттеште ийгилик мыкты уюшуп аракеттенген команда тарапта болду десек жаңылышпайбыз.

«Супер-Инфо» 4:3 «Спорт жылдыздары»

Күндүн соңку 3-беттешинде бири-бирин жакшы билген командалар кезигишти. Аталган командалар буга чейин беттешип, анда тең чыгуу (4:4) катталгандыктан, бул жолку оюн кандайдыр бир деңгээлде жеңүүчүнү аныктап берди. Беттештин 1-таймы тең таймаш астында өтүп, атаандаштар тыныгууга 0:0 эсебинде чыгып кетишти. Ошентсе да, беттештин тагдыры 2-бөлүмдүн аягында чечилди. Күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан тиреш журналисттердин пайдасына 3:1 эсебинде аяктады. Ошентип, “Супер-Инфонун” командасы татыктуу түрдө жеңишке жетишти. Эмне демекчибиз, “Супер-Инфо” “Манчестер Юнайтед” менен боло турган оюнга даяр!

«Супер-Инфо» 3:1 «Шоу-бизнес»

Супер-футболго комментарийлер

Чыныгы футболдук майрам алдын-ала пландалган тартипте өткөрүлдү. 28-сентябрда футбол майданына кызыгып келген көрүүчүлөрдүн саны арбын эле. Жылдыздар беттешине спортко кайдыгер карабаган, 2007-жылдын башкы спорттук колдоочусу, ЖКнын депутаты Аскар Салымбеков башкы демөөрчү болуп берди. Ошондой эле бизге командаларды уюштуруп, даярдоодо продюсер Баяке Чааров жана элибизге эмгеги сиңген спортчулар Улан Молдодосов менен Канат Сыдыгалиевдер көмөк көрсөтүштү.

Спорттук формасын калыбына келтирип, эс алууда жүргөн баатырларыбыз Канат менен Руслан оюнга чыга алышпаса да, майдан четинде спортчуларга дем-күч берип турушту. Кикбоксчулар К.Жалиев чемпиондук беттешине, А.Офойо менен М.Сүйүнбаев сыркоолоп калгандыктарына байланыштуу ойной алышкан жок.

Чүчүкулак боюнча командалар төмөнкү тартипте ойноду: 1) “Спорт жылдыздары” – “Шоу-бизнес”, 2) “Супер-Инфо” – “Спорт жылдыздары” жана 3) “Супер-Инфо” – “Шоу-бизнес”.

«Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү, ЭлТРдин гендиректорунун орунбасары Кылычбек Султанов:

«Жылдыздар беттешин өт­кө­рүү демилгесин көтө­рүп, аны иш жүзүнө ашырып жаткан ”Супер-Инфонун” жаш кызматкерлери менен абдан сыймыктанам. Бул иш-чара келечеги бар ири долбоордун башаты экенине көзүм жетет. Акыркы оюндар кызуу өтүп, күтүлбөгөн жыйынтык келип чыкты. Башында “Супердин” командасын “биздин конокторго атайын жеңилип койгула” деп эскерткен элем. Бирок, футбол талаасында чыныгы таймаш күч алып, бардык эскертүүлөр күчүн жоготуп койду окшойт».

ФИФАнын калысы
Владимир Бочкарёв:

«Беттештер достук оюну катары өтсө да, майданда айыгышкан чыныгы күрөш жүрүп жатты. Баарыбыз 3 команданын тең жеңиш үчүн беттештин соңку мү­нөттөрүнө чейин таймашкандыктарына күбө болдук. Жыйынтыгында, “Супер-Инфо” командасы татыктуу түрдө 2 оюнун тең жеңип алды. Оюнчулар боюнча айтсам, “Супер-Инфонун” капитаны менен 2 канатта ойногон жарым коргоочуларын, “Шоу-бизнестин” дарбазачысын жана “Спорт жылдыздарынын” 2 футболчу кызынын аракеттерин баса белгилеп кетким келет».

«Спорт жылдыздарынын» оюнчусу Канат Сыдыгалиев:

«Биз үчүн бул иш-чара чоң спорт­тук майрам болду. Спортчулардын баары мындай иш-чарага катышкандыктары үчүн чоң кубанычта. Оюндардын жыйынтыктары боюнча айтсам, “Шоу-бизнес” командасына сахнада эле жүрө бербей спорт менен да алектенип тургула демекчимин. Ал эми “Супер-Инфого” утулуп калганыбыздын себеби, биздин ошол эле күнү чогула калып, бири-бирибизди оюн талаасында анча түшүнбөгөндүгүбүз болду».

«Шоу-бизнестин» капитаны Эрмек Нурбаев:

«Бул иш-чара ар тараптан жогорку деңгээлде өттү. Командалардын баарына оюндары үчүн рахмат. Командалаштарымдын мыкты аракеттерин баса белгилеп кетким келет. Эки оюнда тең утулуп калгандыгыбыз тууралуу айтсам, (күлүп) биз алдын-ала биринчи оюнду кандай эсеп менен аяктасак, экинчисин да ошондой эсеп менен жыйынтыктайбыз деп сүйлөшкөн элек». (“Спорт жылдыздары” менен болгон оюн да 3:1 болуп аяктаган).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:29:03
Жакшы
0
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан