ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Чындап эле, аркабыздан шайтан кууп келе жаткандай болгон. Диско-бардан чыкканда дароо аркабыздан чыккан машинаны байкабадыңбы? Ахунбаевден араң куйрук үзүп кеттим.
– А-а, ал ким эле?
– Табышмак, биздин столго роза букетин жибериптир. Анын ичинде бул бар экен,- деди колундагы баракчаны сунуп.
Алина оозунан сөзү түшүп, отуруп калды.
– Эй, бул ким деп ойлойсуң?
– Билбейм.
Бегимайдын жүзү ойлуу эле. Өзүн түйшөлтүп турган нерсени айткысы келген жок. Бирок Алина анын жайына койбой сурап баштады. Акыры өз божомолун айтышка туура келди.
– Билесиңби, биз акыркы жолу көлгө эс алууга баргандачы...
– Ии?
– Аскат каза болор күнүбү, же балким, андан мурунбу, айтор, Аскат заказ кылдыбы деп ойлогом. Анда “Туулган күнүң менен!” деген жазуудан башка эч нерсе жок болчу. Аскаттан “сен жибердиңби?” деп сурайм деп жатып эсимден чыгып кетиптир. Анан азыр дал ошондой роза... Негедир, мен Аскат деп эле ойлогом. Бирок азыр ал эмес экен деп ойлоп отурам. Анткени Аскат мага роза берчү эмес. Ал мага дайым лилия гүлүн берчү.
– Коркутпачы...
Алинанын көздөрү алайып коркуп кетти. Аны жоошутуп, үйүнө алып барып таштады да, кайра өзүнүн үйүнө сапар тартты. Акырын бөлмөсүнө кирген Бегимай жуунуп, жатууга кам урду. Бирок такыр уйкусу келген жок. Айланып келип эле баягы роза элестей берди. “Ким болушу мүмкүн? Өзүнчө эле мистика го. А балким, чын эле Аскаттын өлүмүнө бул гүл жиберген адамдын тиешеси бардыр... Каап, качып кетпей эле андан ары эмне болот деп күтсөм болмок экен. Катуу коркуп кетпедимби, аркамдан кубалаганда да жаным оозума тыгылып, эх, коркок десе” деп алды өзүнө-өзү кыжырланып.
Дайыма кучактап жатчу оюнчук коёнекти кучагына кысты. Бул дагы Аскаттын белеги эле. Коёнун кучактаган Бегимайдын кирпиктери чапталышып, уйкуга баш коюп бара жатты.

ххх

Ушул эле түнү Бишкек шаарынын экинчи бурчунда жаш аял махабатка мас болуп жаткан. Жаш жигиттин булчуңдуу денесине суктана тигилип, жалындуу сөздөрдү айткан ал ушул тапта бар дүйнөнү унутуп турган эле. Бул Аскардын көрөр көзү Аида болчу. Жаш, ар дайым эл көзүндө болууга көнүп калган бул айымдын кийинки учурдагы болгон эрмеги эркектер болуп калган. Кезектеги курмандыгы Эмил эле. Көп учурда алар мейманканага келишчү. Эч кимге бул сырды чыгарбаш үчүн мейманкананын кызматкерлерине Аида акча берип койгон. Кумар оюнунан чарчаган экөө энтиге дем алып жатып калышты.
– Эми качан жолугабыз?- деди бир кезде Аида жигиттин көзүнө тигиле. Эмил үн каткан жок. Тартып жаткан чылымынын күлүн тиктеп ойлуу.
– Эмил...
– Айта албайм. Ансыз да көп жолукчу болдук. Башында бир айда бир эле жолукчу элек, эми жума сайын чала баштадың.
Эмил, чындыгында, нааразы болчу. Чын эле, бул айымдан тажап, кыска юбка кийген катчысынан көзү өтүп жүргөн.
– Кааласам, күндө чалам,- деп кекээр күлгөн Аида менменсине карады.
Азыр эле мээрим менен тигилип турган аялдын көздөрүнөн жалын жарк этти. Эмил жактырбай башын буруп кетти.
– Биздин маселе тереңдеп бара жатат. Күйөөң бул тууралуу билип калса, экөөбүздүн башыбыздан сылап койбосун билесиңби? Деги эле Аскар деген балээнин куйругун баскым келбейт.
– Эмне, артка кайткың келип турабы? Эсиңде болсун, сени кыйнабайм. Бирок менин акчаларымсыз кантип жашаар экенсиң?! Бул сигаретиң эле канча сом турат?
Күлүп турганы менен, кареги муздак тигилген Аидадан тиги байкуш коркуп да кетти.
– Мен антип деле айтайын деген эмесмин. Болгону...
– Корком дечи.
– Чынын айтыш керек. Күйөөңдөн өтө корком. Мен анын жанында киммин? Бир чымынмын да. Ушалап салыш – бир мүнөттүк иш.
Аида ойлонуп калды. Чын эле, Аскардын каарынан элдин баары коркот. Аскаттын өлүмүнөн кийин эки эсе каардуу болуп, кээде жан кечтилик кылып жиберчү болду. Бардыгынан жаманы, өзүнө таптакыр көңүл бурбай калды. Башка аялдарга барып жүрөбү деп ойлосо, түнү менен кабинетинде эле отурат. Бирок мурункудай баалуу белектерди алып бериш бул жакта турсун, жылуу сөз айтып койгонго жарабай калды.
– Баса, бүгүн кантип үйдөн чыгып кеттиң?- деди эркеги чыканактай үнсүз жаткан келинге тигилип.
– Анын мени менен көп деле иши болбой калган.
– Бекер эле ошентип ойлоп жатасың. Ал оңой эмес. Артыңдан бирөөнү шилтеп койгон болушу мүмкүн.
– Болдучу эми, наалый бербей. Эгерде билип калса, ал – менин маселем. Сен ага башыңды оорутпай эле кой.
– Ачууң мурдуңдун учунда, ээ?..
– Сага таң калам. Сенде өң десе өң, келбет десе келбет, кызмат десе кызмат бар. Ошол карыган чалдан эмне коркосуң? Деги эле эзилген адамдар жакпайт. Өзгөчө эркектин эзилгенин, коркуп алды-артына кылчактаганын жактырбайм. Башында сен элден башкача көрүнгөнсүң. Азыр карап турсам, кадимки эркектерден айырмаң деле жок окшойт.
– Оппа, биздин айым таза ачууланып алды го,- деп калды жайгармакка калп күлгөн Эмил. Аида кызууланып кетти.
– Мени Аскардан коркпойт дейсиңби? Корком. Бирок маа десе алтын торлуу капас койсо да, каалаганда айласын таап чыгып кетем.
Эмил келинди кучактап, өзүнө тарта берди. Сунала бой таштаган Аида башка дүйнөнү унута карылуу жигиттин кучагында магдырай берди. Бир аз убакытка болсо да жашоонун балын таткысы келип жатты.
Аида... Бул аял көптөр үчүн ачылгыс табышмак болчу. Чындыгында, ал бир гана сулуулугунун аркасынан көп нерсеге жеткен эле. Алгач сахнага чыгып жүргөндө бир адам ага “муздак жүрөгүң эч кимге эрибесе керек” деген. Негедир ошол сөз Аиданын жадында көпкө сакталып калыптыр. А балким, мындай болуп калганына өзү деле күнөөкөр эместир.
Аида кичине кезинде кароосуз чоңойду. Анын курсагы токпу, эртең эмне жейт, кийими бүтүнбү же жыртыкпы, эч кимдин башы ооручу эмес. Анын апасы каза болуп калган экен. Ал эми атасынын арак менен достошуп кеткенине көп болгон. Эс тартканы атасынын аракечтигинен жапа чекти. Үйүндө жалаң аракечтер байырлап, атасы көчөдөгү селсаякка айланган. Аиданын эсинде атасы менен келген эркектер көп калды. Алардан өтө коркчу. “Ата, турчу! Ата, мен коркуп жатам” деп атасынын башын кучактап отурган наристе кызды ошол учурда мас эркектердин эч кимиси деле элес албаса керек. Ал эми байкагандар аны шилиден алып “кыңылдаган күчүктөй болуп жаагы басылбайт экен” деп сыртка кубалап жиберишчү. Аиданын балалыгы ошентип өттү. Балким, бул жагдай аны эч кимге жан дүйнөсүн ачпаган, муздак, кырс адамга айланткандыр. Атасынан эч кандай коргоо болбосун түшүнгөн соң анда өзүн-өзү коргоо инстинк гана күч алды. Мээримдүүлүк, камкордук, руханий байлык деген нерседен куру жалак калган ал бул дүйнөдө баарын акча менен гана баалачу.
Өзүнөн эки эсе улуу Аскарга тийгенинин себеби да ошондон эле. Алгач Аскар анын сулуулугуна, жаштыгына кызыгып, башы тумандап калган. Шашылыш үйлөнүү тою болуп, жапжаш кыз анын аялы болуп калды. Бардык эле эркектердей Аскар үйдөгү тынчтыкты, камкордукту каалаган. Бирок аялы ал талап кылган бир да нерсени бере албасын түшүндү. Ошондо гана бармагын катуу тиштеген. Аиданын катып калган сезимдерин ойготуу үчүн да көп аракет кылды. Китептерди сатып берип, психологдорго чейин алып барды. Натыйжа чыкпаган соң аргасыз жайына койгон. Аида башында бул нерселерди камкордук катары көрсө, кийин булардан тажай баштады. Күйөөсүнүн өтө акылдуу, дүйнө таанымы кең адам экени башында таң калтырса, кийин кыжырланта баштады. Анткени бул нерсе экөөнүн ортосунда өтө алгыс дубал эле.
Ошентип, жаткан төшөгү бир, ичкен тамагы бир болгону менен, жан дүйнөсү, түшүнүгү, ааламы эки башка адам аргасыз чогуу жашап жүрүштү. Күйөөсүнүн көңүл борборунан акырын сүрүлө баштаганын сезген Аида башкалар менен көңүл ача баштады. Башында жөн гана өч алуу үчүн бул кадамга барган. Кийин кадимкидей ооруга айланып, жаш жигиттерди кайырмагына илмейинче жашай албай калган.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
NurUmar
2011-08-08 12:00:55
Kiziksiz, Aidanin omur ba9ni menen ele butup kaldi? Askattin olumuno Aida da aralawkan okwoyt...Kiziksiz, Aidanin omur ba9ni menen ele butup kaldi? Askattin olumuno Aida da aralawkan okwoyt...
0
Kubatbek
2011-08-08 17:41:12
Даа Аида иштин баарын кашага айладырат олшойт
0
Nevajno
2011-08-09 09:51:46
Бейтааныш караан!Роза гулу!Кат!Аида!-али ачыла элек сыр.Бема азамат,аябай зээндуу,акылдуу кыз! Бейтааныш караан!Роза гулу!Кат!Аида!-али ачыла элек сыр.Бема азамат,аябай зээндуу,акылдуу кыз!
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан