Канат Култаев: «ТЕМИР МЕНДЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЧ КИМ МЕНЕН ИШТЕШКИМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»

– Канат, Темир экөөңөрдүн чогуу иштешпей калганыңарга эмне себеп болду?
– Мен Темир менен келишимдин аягына чейин эле иштешейин деген оюм бар болчу. Тилекке каршы, Темирдин ата-энеси буга каршы болушту. “Бишкекке кетип калып биздин жаныбызда болбой калат экенсиң” дешиптир. Темир ушундай сунуш менен атайын Оштон келиптир. Менин байкашымча, ата-энесинен башка да себеп болду окшойт. Анткени, мага Темирди кимдир бирөө­лөр бузгандай сезилди.
– Бул кабар көңүлүңө оор тийсе керек?
– Албетте, бир жылдан бери чогуу жүрүп өтө эле жакын болуп калган экенбиз. Алгач ишенген жокмун. Анан “мага эки күн убакыт бер” дедим. Ойлонуп көрдүм, ата-энеси ушундай жыйынтыкка келген соң эки күн эмес, канча ойлонсоң деле аргасызсың да. Айла жок, Темирдин сунушуна макул болдум. Бирок, мен ушул окуядан соң эч ким менен иштешким келбей калды.
– Анда Мирбек Атабеков менен да иштешпей калышың мүмкүнбү?
– Адегенде ошентип ойлогом. Бирок, жакындарым, досторум мага жакшы-кеп-кеңештерин айтышып, Мирбек менен иштеше берүүгө көндүрүштү. Мирбек менен түзүлгөн эки жылдык келишимим аягына чейин чыгат деп ойлойм.
– Темирдин популярдуу болушуна өзүңдүн канчалык деңгээлде салымың бар деп ойлойсуң?
– Темирге мен колумдан келишинче эле жардам бердим. Менин биринчи планым акча табуу эмес, Темирдин атын чыгаруу эле. Мен өз максатыма жеттим деп эсептейм. Азыр Темирдин атын билбеген кыргыз жок болсо керек.
– Алдыда кандай пландарыңар бар эле?
– Пландар көп болчу. Жаңы ырларды жаздырып жатканбыз. Күзүндө жеке концертин беребиз деген оюбуз бар эле...

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан