ФОТОШОПСУЗ МЫКТЫ КИНО ТАРТУУГА МҮМКҮН ЭМЕС

Мурун бир сүрөткө түшүп, эгер ал жарабай калса кайра түшүүгө туура келчү. Азыр болсо адамзатты ошондой убаракерчиликтен куткарып, бир эле сүрөттөн каалагандай сүрөт жасап алууга мүмкүндүк бере алган Фотошоп программасы кеңири колдонулат.

ФОТОШОП ЖӨНҮНДӨ
Тиби Растрдык-графикалык редактор
Иштеп чыккан – “Adobe Systems” фирмасы (ОС,Universal Mac OS X, Microsoft Windows үчүн жазылган)
Интерфейси – 27 тилде
Акыркы версиясы – CS5 Standard жана CS5 Extended

АМЕРИКАДА ОЙЛОНУП ТАБЫЛГАН
21 жыл мурун Американын “Adobe Systems” компаниясы (штаб квартирасы Калифорниянын Сан-Хосе шаарында) графикалык редакторлук Photoshop-1.0 программасын иштеп чыгып, колдонууга берген.
Фотошоптун кийинки версиялары да ушул компания тарабынан иштелип чыккан. Ошондон баштап аталган программа фотографтар, сүрөтчүлөр, дизайнерлер арасында эң ыңгайлуулугу менен популярдуу болуп келет. Ошондой эле Фотошоп алдыңкы редактордук позицияны ээлейт.

41 АДАМ ТҮЗГӨНБҮ?
Фотошоп 41 адамдын эмгегинин аркасында жаралган десек болот. Бирок программанын жаратуучуларынын пионерлери болуп Томас жана Жон Нолл деген эки бир тууган эсептелет. Алар кичинесинен атасынын фотолабораториясында жардам берип, сүрөт чыгаруунун сырларын жакшы өздөштүрүшкөн. Атасы “Macintosh” аттуу компьютер сатып бергенден баштап алардын сүрөт боюнча программа түзүүгө кызыгуусу ойгонот.
1987-жылы Жон Нолл “Lucasfilm” фирмасынын бөлүмү болгон “Industrial Light and Magic” компаниясында иштеп калат. Ал жерде “Жылдыздар согушу” (“Stars Wars”) долбоорунда атайын эффекттерди берүүнүн үстүндө иштеген. Бирок өздөрү күткөндөй ал эффекттерди берүүдө компьютердик программалардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин түшүнөт. Ал маселени чечүү үчүн бир тууганы Томас экөө “Displey” деген долбоордун үстүнөн тынымсыз иштей башташат. Ошентип, бир туугандар 1988-жылы “Macintosh” үчүн программалык жабдуу болгон Photoshop- 0.63тү ойлоп табышкан. 1990-жылдары ал программаны “Adobe Systems” сатып алып, Photoshop-1.0 деген ат менен чыгара баштайт.
Учурунда Фотошоптун эң башкы атаандашы катары Letraset’s ColorStudio программасы эсептелинген. Анын баасы 1995 долларды түзгөн. Ал атаандашын жеңүү үчүн “Adobe Systems” компаниясы өз программасынын баасын 1000 доллардан ылдый кылууга аракеттенген.

КАЙДА КОЛДОНУЛАТ?
Алгач полиграфияда сүрөт­төрдү редакторлоо максатында колдонулса, азыр анын колдонулуш чөйрөсү өтө кеңири. Өзгөчө веб-дизайн жасоодо колдонулат. Анимациялык чыгармачылык менен алектенгендер сөзсүз Фотошопту пайдаланат. Бирок Фотошоп веб-дизайн жана сүрөттөрдү жасоодо гана пайдаланылат деп ойлогон адам терең жаңылышат. Анткени бул программа кино жана интернеттин ажырагыс бир бөлүгү десек туура болчудай. Тактап айтсак, тасмада жана интернетте анимацияларды түзүүдө фондорду, эффекттерди берүүдө Фотошоп кеңири колдонулат. Компьютердик оюндарды жаратуучулар да анын жардамы аркылуу оюндарды иштеп чыгышат. Ушулардан программанын ролун түшүнө берсе болот.

КЕҢЕЙТИЛГЕН ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КОЛДОНУУ ТАРМАГЫ
Томас Нолл иштеп чыккан Adobe Camera RAW версиясы түрдүү санариптик камерадагы RAW-форматты окуп, аны Фотошопко жөнөтө алган функцияга ээ. “Adobe” компаниясы Фотошоптун Photoshop Elements жана Photoshop Album деген эки версиясын чыгарган.
Paint Shop Pro түрү кызыккандар үчүн өз алдынча колдонууга арналган.
Adobe Photoshop Extended версиясынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип чыгарылган. Ал медицинада, архитектурада, ошондой эле илимий изилдөө иштеринде тасмаларды, видеолорду мультимедиалык долбоорлорду, үч өлчөмдүү (3D) графикалык дизайндарды жана веб-дизайндарды түзүүдө колдонулат. Акыркы убактарда 3D тасмаларды, мультфильмдерди баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Бирок андагы эки жана үч өлчөмдөгү сүрөттөр так ушул Adobe Photoshop Extended версиясынын 3ds Max, Maya сыяктуу жаңы түрлөрү аркылуу алынарын көбүбүз билбесек керек.

КАЙДАН ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ?
Көпчүлүк балдар Фотошопту өз алдынча үйрөнүшөт. Ал эми калганы атайын компьютердик курстарда окуу аркылуу өздөштүрүшөт. Же болбосо ЖОЖдордун компьютердик бөлүмдөрүнө тапшырышат.
Айта кетчү нерсе, учурда Фотошоптун жаңы версиялары пайда болууда. Аларды өз алдынча үйрөнүү бир топ кыйынга турат. Ошон үчүн аны өздөштүрөм дегендер сөзсүз окушу керек.
Келечекте окумуштуулар анын иштөө ылдамдыгын жогорулатуу, мобилдик телефондорго да кеңири мүмкүнчүлүккө ээ Фотошоп редакторун жайгаштырууга жетишүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Эрлан Нурманбетов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
nurbek_posol
2011-08-08 12:24:00
Ото жакшы программа...
0
lider-kg
2011-08-08 21:57:42
Бул прорамманын жардамы менен мен канчаган акчаларды таптым
0
dioro
2011-08-08 22:46:54
бул программа менин бир хоббим,жакшы билем ото эле ))))))))))))))))
0
Titi
2011-08-09 16:43:53
мен фотошоп таппай журом да жардам берип койгулачы сураныч
0
TolonturCN
2011-08-12 18:05:00
Ушундай темалар аябай керек, болуп да кыргыз тилинде түшүндүрүү же сабак иретинде ушундай макалалар көп жарык көрсө жакшы болот эле.
lider-kg бирдей эле экенбиз анда, биз байланышта болуп билгендерибизди талгуулашып, технология алмаштыралы.
Titi интернеттен издесеңиз өтө кенен табылат.
0
bakyt_kg
2011-12-15 19:47:59
ото жакшы программа Gif форматы ургоно албай жатам урготуп койгулачы
0
rainbkru
2012-05-30 14:17:06
Easy GIF программасын колдонгула
0
T-1000
2014-05-15 15:30:07
Эн сонун программа
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан