УЛУТТУК КИЙИМДИ ЧАНДЫКПЫ же сакалчан, узун көйнөкчөн эркектер жөнүндө

Акыркы убакта кыргыз жигиттеринин узун сакал коюп, тизеден ылдый көйнөктөрдү кийип жүргөндөрүнө күбө болуп жүрөбүз. Албетте, бир караганда эле ал адамдын дин жолунда экендигин түшүнөсүң, бирок кыргыздар мындай кийиниши шартпы? Бул маселени талкууга алуу үчүн конокторду чакырганбыз.

Узун көйнөк,
шалбар кийген
кыргыздын жигиттери

– Алгач кирип келген Рамазан айыңыздар менен куттуктап кетели да, талкуубузду баштасак. Кыргыз мырзаларынын узун этек көйнөк кийип, сакал коюп алгандарына көз карашыңыздар кандай?
Саясат ажы: – Азыркы күндө жаштар арасында массалык түрдө өзгөрүү жүрүп жаткан кез. Кээ бирлери батышты туурап, денесин толук жаппаган кийимдерди кийип жатышса, динге баш-оту менен кирип кеткендер да четтен чыгат. Менимче, эркектердин узун көйнөк менен шалбар кийип, сакал коюп жүрүшүндө эч кандай деле одоно жагымсыз нерсе жок. Динге кайрылсак: Пайгамбарыбыздан (САВ) сураптыр: “Кайсы кийим жакшы?”- деп, анда ал: “Ибадатта (Алла Таалага жаккан иштерди жасоодо) кийилген кийим менен римдиктердин кийими жакшы”,- деген экен.
– Жапжаш туруп узун сакал коюп, узун көйнөгү кир болуп жүрсө, ого бетер ирээнжийт экенсиң...
Саясат ажы: – Бир күнү пайгамбарыбыз (САВ) сакабаларынын биринин сакалына карап жылмайып күлүп койсо, эртеси ал сакалын кырып келиптир. Ошондо пайгамбардын жини келгенин көрүп, “кечээ сакалыма күлүп жатпадыңыз беле, эми эмне жиниңиз келип жатат?” десе, “сакалыңа периштелер батпай ойноп жатканынан күлгөн элем” деген экен. Сакалды кармаганда 4 элиден ашпаганы – адал жана сүннөт (пайгамбарыбыздын кылган иштери). Андан ашса – арам.
Назира: – Кыргыз жигиттеринин эрте эле сакал коюп алгандарына мен каршымын. Бул Куранда деле талап катары жазылбаса керек?..
Саясат ажы: – Сакалды кырып жүрсө бул – күнөө эмес. Бирок өстүрсө, сооп табат. Алланын ыраазычылыгы үчүн өстүрүп жүрөбүз. Негизи, сакал дегенди аялзаты жаман көрөт экен. Мен дагы жаңы сакал койгонумда аялым каршы чыккан болчу (күлүп).
Дөөлөт: – Ар бир улуттун өзүнө тийиштүү тили, дили, кийими, маданияты бар. Тилекке каршы, азыр артынан карасаң, аял же эркек экени билинбеген көйнөкчөн жигиттер көбөйдү. Мактанып жүрөбүз “Европага шым кийгизгенди биз үйрөткөн элек” деп. Өзүбүз эми эмне болуп баратабыз? Кыргызда айтат “аталуу бала сакал койбойт” деп. Бул атасынан төр талашуу дегенди билдирген. Сакалчан жигиттер мага абдан одоно көрүнөт. Керек болсо, буга мыйзам чегинде чектөө киргизүү керек деп ойлойм. Башканы коюп, кыргыздын эле улуттук кийимдеринин баркына жетсек. Сүннөт деген менен, аны адам суктанарлык кылып кие албаган соң пайгамбардын атын булгабай жөн эле коюшса. Баарыбыз пайгамбар боло албайбыз да.
Мирлан: – Менин атам бар, жетимиштен ашты. Атам экөөбүз тең сакал коюп жүрөбүз. Менден башка 5 эркек бир тууганымдын биринде да сакал жок. Муну менен мен атамдан же агаларымдан төр талашып жаткан жокмун. “Сакал чыкса, ошол күндөн тартып аны өстүрүү керек”,- деп пайгамбарыбыз (САВ) талап койгон. Картайганда сакал коюп, аксакал болом деген туура эмес. Кээ бир 70-80деги сакалы жок абышкаларды “балакатка жете электер” деп тамашалап калабыз. Анын үстүнө сакал деген, менимче, абийир да болуп берет. Мисалы, мен ушундай сакалым менен кыздарга тийише албайм да. Тескерисинче, сакалы жокторду аялга окшоштурушкан.
Назира: – Анда, Дөөлөт мырза, сиздин сакалыңыз жок экен, өткөн-кеткендин баарына тийише бересизби?
Дөөлөт: – “Сакалдуу бала” дегенди уккан эмесмин, “аксакал киши” дегенди уккам. Сакалы жок болсо эле кыздарга тийишиш керек эмес да. 5 маал намаз окуп алып, тияктан эмнелерди гана кылып жүргөн адамдар бар.
Мирлан: – Сакал коюп алса эле бардык эркек кыздарга тийишпей калат дегенден алысмын, бул менин жеке пикирим. Анан сиздин жанагы “мыйзам чегинде чектөө коюш керек” дегениңиз накта абсурд. Ал мүмкүн эмес. Эркектер чолок шымдан көрө узун көйнөк кие беришсин да, кыздарыбыз элечек кийип жүрүшпөгөндөн кийин жарым жылаңач жүргүчө хиджаб кие беришсин.
Назира: – Ошондой кийингендер куржундарын көтөрүп коомдук унаага түшүп калышса, "качан жардырып кетет?" деп коркосуң. Сакалдары да бир укмуш. Мындай адам суктанарлык болуп, “ай-ий, мен дагы ушундай болуп жүрсөм” дегендей болсо, анда мен унчукмак эмесмин...
Саясат ажы: – Алланы сүйгөн адамдар пайгамбарга (САВ) суктануу менен ошону кылып жатышат.
Дөөлөт: – Эми сакал десе, эчкиге деле сакал чыгат да, койбосо эле аялга окшош деген болбойт. Андай сакал мага деле чыгат. Бирок мага намысым жол бербейт. Агаларым бар дегендей... Ак, узун этек кийимдер арабдардын чөлдөрүнө, башкача айтканда, ысык климатына ылайыкташкан. Ошол кийим менен биздин тоолордо ат мингизип кой кайтартып көрчү, калтырап үшүп, жүдөп, айласы алты кетет.
Мирлан: – Эчкиде сакал болгону менен, акылы жок. Сакалдуулардын сакалына эч ким чалынып жаткан жок.
– Айтыңызчы, Мирлан мырза, сүннөт деп сакал койгон экенсиз, а эмне үчүн сүннөт кийим кийбейсиз?
Мирлан: – Аны кийип алып исламга көө жапкандар көбөйдү, ошондуктан мен азырынча коомго жакпаганын коё турам. Сүннөттүн үч түрү бар: күчтүү, катардагы жана кошумча. Сакал күчтүү сүннөткө кирсе, узун кийип жүрүү кошумчага кирет. Ар кимдин өз чындыгы бар.
Саясат ажы: – Азыр абышка аксакалдар азайгандыктан, жаштар аксакал болуп баратат. Эми эмне кылалы, пайгамбарыбыз (САВ), балким, Кыргызстанда төрөлүп-өссө, дүйнө кыргызча кийинип калмактыр.
Назира: – Алар өздөрүнүн улуттук кийимдерин өздөрү эле ошол жакта кие беришпейби. Биз эмне үчүн аларды туурашыбыз керек?
Саясат ажы: – А эмне үчүн батышты туурап жатасыңар? Улуттук кийимдерди кийип эле жүрө бербейсиңерби анда?.. Кээде кыздар бултуңдап бройлер тооктой болуп алышат, ошол жакшыбы?
Дөөлөт: – “Кудай деген кур калбайт” дейт кыргызда, баарыбыз эле Кудай дейбиз. Бирок азыр кыргыздан нарк кетти, барк кетти, салт кетти, төртөөбүз төрт бурчту карап калдык. Өткөндө бирөө айтат, “сакалдын таасирин карачы, унаага кирип барсам, менден улуу эле адам ордунан тура калып орун берди” деп. Сакалды ошондой максатта пайдаланабы? Биздин ыйман кайда, адамгерчилик кайда?
Назира: – Мына мен ушуга басым коёт элем. Дагы деле коомдук транспортто болгон окуя. Сырттан бир апа небереси менен кирди эле, алдыда отурган хиджаб кийген кыз эмес, арт жактан курсак-башы көрүнгөн кыз “келиңиз, апа, отуруңуз” деп орун берди. Кимде ыйман бар дагы, кимдин жүрөгү таза? Дагы бир байке теспе тартып отуруп “чоң кыз, диского барып келбейлиби?” деп бирөөгө тийишип жатканын көрдүм. Дагы бири даабатка чыгып жүрүп, экинчи аял алып алды. Балдарынын убалы кимге? Ушул ыймандын жолубу? Андан көрө жүрөгүбүздү таза кармап, ыңгайлуу кийимдер менен эле жүрө бербейлиби. Мисалы, менин азыркы кийимдерим сыяктуу эле.
Мирлан: – Сиздин кийимдериңиздин эмнеси жакшы? Динде аялзатка бир жери ачык, анан чапташкан кийим кийүүгө болбойт.
Назира: – А менин бир жерим көрүнүп жатабы эмне?..
Дөөлөт: – Япондор, тажиктер кандай өз улуттук кийимдерин баркташат? Биздин алардан эмнебиз кем? Азыр дөңсөө жерге барып карасаң, Бишкек Арабиянын шаарындай эле болуп калды.
Мирлан: – Сөздүн кыскасы, дин жолундагы эркектер Алланын ыраазычылыгы үчүн сакал коюп, узун кийинет. Кыргыз кийимди кийгизүүнүн түпкү максаты эмнеде, Дөөлөт?
Дөөлөт: – Улутту сактоо, кыргыз болуп жаралган соң кыргыз болуп өтүш керек.
– Бүгүн эле, Муфтияттын кызматкерлеринин бири айтты, “узун кийген эркектерди жактабайбыз, ал кийимдер ысык климатка ылайыкташкан, кыргызча эле кийинишсе” дейт...
Саясат ажы: – Ооба, даабатчыларга да айтабыз, “жок дегенде сыртынан кыргыз чапан кийип алгылачы анда” деп. Жалпысынан алганда, эркектердин узун этек болушу элибизге жакпай тургандыгын байкадым.
– Биздин шартта узун кийимдин эркектерге эмне пайдасы бар?
Мирлан: – Намазга ыңгайлуу, азыркы жаштардын шымы намазга жыгылып жатканда чечилип калбайт деген кепилдик жок. Айрыкча жамаат менен намаз окуп жатканда уят кылат.
Назира: – Аныңыз туура го, бирок улуттук нарк-насилди да ала кетсек деп жатам да...
Мирлан: – Сизден улуттук эч нерсе көрө алган жокмун. Кантип улутка күйөм деп жатасыз?
Назира: – Телеалпаруучу катары кыргыз тилине салым кошом, эфирде макал айтамбы, салтты, кыргыздын кийимдерин, оймо-чиймелерин айтамбы, аз да болсо элге жеткирип жатам.
– Дебатыбыз абдан кызыктуу болду. Эми тыянак сөз катары эмнени айта аласыздар?
Назира: – Талашып-тартыш­каныбыз менен, баарыбыз Кудай дейбиз. Кудайды кийимибиз менен эмес, жүрөгүбүз менен сүйөлү. Менин пикирим ушундай.
Мирлан: – Биз бүгүн эмнени гана айтпайлы, ортодо пикирибиз гана калат. Муну менен кийимчендерди чечиндире албайбыз дагы, кийими жокторду кийгизе албайбыз. Динде улут жок.
Дөөлөт: – Байдылда атабыз айткан:
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн?
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн,- деп. Улуттарды Кудай жараткан. Бирок илгери биздин динибиз теңирчилик болгон. Ар бир эркектин башында ак калпагы болуп, жүрөгү таза болсо дейм. Анан жана башта айткандай, улуттук кийимди мыйзам менен бекитип, кажети болсо, кийбегендерди жазалаганга чейин барсак. Эң башкысы, жолубузду башка улуттардан, арабдардан издебей, ата-бабаларыбыз баскан из менен эле кетсек, кайрадан нарктуу элге айланат элек.
Саясат ажы: – Биздин улуттук кийимдер – калпак менен чапандын өзү эле адал кийимдер да. Эч жери ачык эмес, ыңгайлуу дегендей. Андыктан мында талаш жок. Бирок улуттук кийимди мыйзам аркылуу кыстап кийгизүү мүмкүн эмес деп ойлойм.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз жигиттеринин узун көйнөкчөн жүргөнү туурабы? 1-бөлүк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (101)
Abdurauf
2011-08-13 10:48:02
Urmattu Agay ejeyler, Islamda talash tartysh bolbosh kerek! eger din jonundo maek kura turgan bolsok Akylduu ilimduu adamdar menen maekteshishibiz kerek! Akylduu menen Akylsyz ten emes! Oshonduktan bul temany toktotup yiyk Ramazan ayinda koburook jakshy sozdordu bir biribizge aytyp otkorolu! Paygambarybyz Muhammad s.a.v. aytkan eken: Eger sen birodaryndyn kemchiligin bilsen i jakpasa, sen anyn jakshy sapatttaryna kursant bolo ber! dep aytylgan oshonduktan baarynarba Yiman Insap tileymin!
0
joysin7
2011-08-13 13:32:37
жаман коп жазылыптыр баарын окуштан зеериктим Замира дегендикин окудум жакты магада таза журсом кыргыз атым уят кылбай болот ошо арабча суйлогонго айтар элем перевотун билсен кыргызчале айтсан биз да тушунгудой бололужаман коп жазылыптыр баарын окуштан зеериктим Замира дегендикин окудум жакты магада таза журсом кыргыз атым уят кылбай болот ошо арабча суйлогонго айтар элем перевотун билсен кыргызчале айтсан биз да тушунгудой бололу
0
joysin7
2011-08-13 14:20:29
лучше калпак кийишпейби баарыбыз сыймыктанган баш кийим
0
joysin7
2011-08-13 14:36:00
мечиттегилер 2 оспурумду зордуктап коюптур десе молдо-жакшы адам кичине кылмыш кылса сразу угулат дейт Э молдо башын менен кантип айттын ошентип уялбай извращенец болушат дешти эле молдолорду ошо точно экенда
0
Zamira
2011-08-13 15:29:07
Кыргызстанда Пакистандан,Кувейттен,Араб өлкөлөрүнөн ж.б.келгендер биздин көчөлөрдө костюм-шым,галстук кийип эле жүрүшөт.Алар динге,мусулманчылыкка бизден да катуу ишенишет.Сураштырсам:"Мечитке дамбал шым,узун көйнөк кийип алсак,намазга жыгылганга ыңгайлуу,сиз деле спорт залга барганда ремень тагынып алып машыкпайсызда"деп өчүрдү.Кыскасы кеп кимдин кандай кийингенинде эмес!КУДАЙГА жүр
0
Zamira
2011-08-13 15:43:35
өгүбүз менен ишенели!Сакал боюнча айтсам;Эркек адам 60га чыккыча сакалын жарашыктуу кылып тегиздетип эле жүргөнү жакшыго.Жап-жаш туруп салбыратып өстүрүп албай,быяктагы киши тургай койнуңдагы аялың жийиркенет!Ал эми көөдөндөрү жарды "шариятка баш ийдик"деп бутунан башына чейин чүмкөнүп алган кыздарга айтаарым;мага демектен мешокко түшүп,чокусунан бууп байлап алгыла демек
0
Shekerbek
2011-08-29 16:13:11
Zamira, Сен эмне адамдын канча жашашына кепилдик бере аласынбы? "Эркек адам 60га чыккыча сакалын жарашыктуу кылып тегиздетип эле жүргөнү жакшыго" деп тим эле!Тилине этият бол кыяматта эн жаман азапты сага алып бере турган ошол кызыл эт тилин!Хиджаб кийген кыздарга келе турган болсок сен ошолордон айланып кет! Тил тийгизгенге сенин акын да жок!!!
0
Arman
2011-09-08 14:20:28
Zamira, sen adam -padam emes turbaisynby,tantyragan dese
0
Zamira
2011-08-13 15:48:27
чимин. Эмнеси болсо да баарыңыздарга КУДАЙЫМДАН сиздердин аманчылыгыңыздарды тилейм! Жүрөгүңүздөрдө ар дайым ыйман ыроолоп жүрсүн!!!
0
tugolbai
2011-08-14 03:21:27
адам баласы кандай кийинет ал оз иши,эн нэгизгиси кудайга жаккан иштерди гана кылсак жакшы болот эле,"пайгамбарыбыз(САВ)айткан экен журогун таза болсо баардыгы таза болот деп"куранда жазылган 5 парзды аткарсак ошондо гана мусулман болобус.
0
tugolbai
2011-08-14 03:22:32
Кошумча айта кэтсем!
Баардыгыныздарды улуу рамазан айы менен куттуктайм!
0
joysin7
2011-08-14 09:03:09
tugolbai, рахмат биринчи жолу туура и жакшы соз уктум
0
Abdurauf
2011-08-14 17:14:48
Assalamu aleykum! Negizi Islamda ayal kishini mynday temalarga aralashtyrysh kerek emes! Ayal kishinin akyly kyska i kem bolot, erkekterge salyshtyrmaluu! bul nersege Ayaldar chychalabay ele koygula Allah subhanaUatagla sizderdi ushunday kylyp jaratyptyr tabiyatta! Birok biz erkekter Ayal zatyn ayabay syilashybyz kerek sebebi bul biz uchun buyruk bolgon! Adam oz dini menen jashabayt da biroog kaalabayt!
0
Zamira
2011-08-14 17:35:12
Abdurauf, Аябай катуу дөөрүпсүңго чиркин!!!
0
Arman
2011-09-08 14:13:13
Zamira, tiline tebirtke chykkyr
0
Arman
2011-09-08 14:11:05
Abdurauf, azamat,men aial bolup turup kowulam,birok bizde aalym,ilimdyy aialdar az..
0
Zamira
2011-09-30 21:37:06
Arman, Өздүк маалыматында эркекмин деп турасыңго!? Жүзү кара десе!!!
0
Kyrgyz_jigit
2011-11-26 23:18:10
Abdurauf, сен жаны тоодон тушуп келген моджахетсин го деп ойлоп койдум....
0
bavariy
2011-08-24 15:03:05
молдоноун айтканын ук, кылганын кылба!!!!!!!!!!!
0
Shekerbek
2011-08-29 16:07:16
Исламды тушунбой туруп ар нерсени дооруштун кереги жок!Пайгамбарыбыз(С.А.В) айткан: "Эгер кимде ким менин атымдан же Аллахтын атынан ошол айтты деп жалганды тараткан болсо! Тозоктон озуно жай камдай берсин!" Сакал коюш же койбош ар кимдин оз ыктыяры мисалы мен дайым коюп журом,а суннот кийимге биздин шарт туура келбейт бирок кийсе болот! Аял кишинин (аврат)уяттуу деп эсептелген жерлерин жаап жургон коп нерседен тосот! А азыр болсо кандай астагфирулла,эртен кандай эне болушат булар:?
0
Bacitgul
2011-10-15 18:40:39
Арман кечиресиз, бирок ыйман жолунда журуп, ушундай орой создорду кантип айтып жатасыз...?
0
ALBIKA
2011-11-18 15:39:42
молдонун айтканын кыл,кылганын кылба дейт.Андыктан суйлоп коюу ар адамдын эле колунан келет.Билбейм мен дале кичинемде дин жонундо окуп чонойгом.Бирок азыр башка типтеги учунчу жактагы диний адамдар пайда болду.динди озгорткон жаны закондорду оз алдынча кабыл ала башташты окшойт.динде биринчи кезекте адам журогу таза болуш керек дейт ко.булардын журогу таза экенине ишенбейм.
0
Kyrgyz_jigit
2011-11-27 04:44:55
Менин жеке оюм мындай!! Мен абсолюттук турдо УЗУН койнок кийин самсаалап жургондорго жана САКАЛ койгон жаштарга каршымын!!! Себеби бизде кылымдар бою келе жаткан озубуздин салтыбыз бар "Атасы туруу кезде баласы сакал койбойт деген" МЕН учун биринчи кезекте АТА-ТЕГИМДЕН келген салт жогору турат....Ооба мусулманмын бирок андан да биринчи кезекте мен КЫРГЫЗМЫН!!!
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан