СУПЕР СУЛУУ-2011
«СУПЕР СУЛУУ-2011»
сынагы боюнча өткөн аптадагы
SMS-добуш берүүнүн жыйынтыгында
НУРЗАДА 165 добуш алып финалга чыкты.
Ал эми АЙПЕРИ 14 добушка ээ болду.
СУПЕР СУЛУУ БОЛ!
“Супер сулуу-2011” сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Жыл аягына чейин ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номери аркылуу добуш берип тандап алышат. Эскертебиз, сулуу бийкечтердин тагдыры сиздин гана колуңузда, кадырлуу окурман! 1-турдан өткөн кыздар финалга катышышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң алардын ичинен шоу-сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

СУЛУУЛАРГА СЮРПРИЗ!
Гезит бетине чыгып, бирок SMS добуш берүүдөн өтпөй калган катышуучуларга дагы бир мүмкүнчүлүк берилмекчи. Ал жолку сынак кандай тартипте өтө тургандыгы азырынча сыр. Андыктан, 2-турга өтпөй калган сулуулар, маанайыңар чөкпөсүн. Баарыңарга ийгилик!
СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Гезит бетине чыккан сулууларга добуш берүү үчүн сулуунун атын эмес, катар номерин (44 же 55) терип, 1050 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине SMS жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.
Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 43 сом,
Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн
1 SMS баасы 0, 90$. Бардык төлөмдөрүн кошкондо.
Эскертүү: Фонекс уюлдук операторунан келген SMS билдирүүлөр кабыл алынбайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Айзада койногундун этеги ото узун экен!Азамат
Beti joktor uialbai ushundai syrotynordy kantip 4ygartasynar,jok degende ata-enenerden uialbaisynarby,ki4ine...
Dagy Musulmandardy uzun koinok kyise Arabiyany tuurabagyla4y dep koiushat,a siler beti joktor,Buzulgan Evropany tuurabagyla bashta,100 ESE sonun,4em Evropaga karaganda Arabyianyn koinoktory
да ерундой занимаются, лично я этот конкурс терпеть не могу!
айпериге караганда айзада сексуальная экен.
ушинтип суротко тушсо,эмне муйуз чыгабы буларга?
Айзада жакшынакай экен,добушум Айзадага
da pust' tusho berishsin, biz demokratiya uchurunda jashap jatabyz. Sovetskiy Soyus uchuru emes, tiyuu salgyday, ar kimdin oz erki.
Juliana,
Демократия болсо, ошону далилдегин келсе, турсийинди башына кийип суротко тушуп жиберчи. Биз ошол суротунду коруп озубуздун демократиялык оюбузду берели!
KG-Tolkun, xe-xe-xe molodsy,kowulam saga
KG-Tolkun, Birinchi akyl -esindi toptop turup joop berchi, makulbu? Prichem tut moi trusy i prichem tut dokazatelstvo? Ty dumaesh voobshe o chem ty tut dolbish? Oozuna karap turup joop bersen? Bul 21-kylym, 2011-jyl, bul saga 1980-jyl emes, esine kelsen, suyloyt dese ele ottoy berbey!
Juliana,
:-)))))) Ой макул, жон эле суротко тушуп жиберчи королу. Аны кыла албайсын, себеби башка бироону жасатып коюп озун сырттан карап тургун бар. Эмне учун озун кылбаган нерсени башка бироолор кыла берсин дейсин....? Сен озундун акыл-эсинди ондоп, ниетинди туздоп суйло !!!
KG-Tolkun, men eger komkurska katyshsam surotko zaprosto tushup jonotmokmun, saga okshogondordun oyun oyloboy!!! Sen ozun oshonu kyla albaysyn, a bashkalardyn ishine kiyligishesin, oshogo kiyligishpey unchukpay ele otura berbeysinbi? Menin nietin tuz, a vot sen ozundun nietindi ondop al
ушинтип тушсо эмне болот экен, что тут такого? молодые красивые, коро албаган сулуу эместер унчукпай эле койгулачы!!! кыргыза сулуу сулуу кыздар болсо жаманбы??? ата-энесинен уялбай деп тим эле. молодцы девочки, так держать!!!
bavariy, sen kyzsynby,erkeksinbi bilbeim,anda senda tyshyp jonot,syrotyndy,bularga okshop,sulluluktu elge korsotysh shartpy,koralbagan suluu emester dep koiot,6 sanym aman Allaga shygyr!!!!!!!!!!!!
Arman, ar kimdin oz erki, konkursbu, znachit surotko kaalaganday tushot, jiberet, sen ozundun suluulugundu korsotup tushchu, korolu, oshonu kylyp turup suyloson, ottoy berbey
Экоо тен татынакай кыздар экен.