Жер титирөө жана сактануу эрежелери Эгерде зилзала коркунучу туулса...
– Жер титирөө болору тууралуу маалымат берилип баштаса, эмне кылуу керек экендигин жакшылап угуңуз.
– Балдарыңызга да жер титирөөдө өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөтүңүз.
– Жергиликтүү органдарга чалып, эвакуация үчүн кайсы жерге топтолуу керектигин билиңиз.
– Электр приборлорун жана газды өчүрүңүз.
– Документтериңиздин баарын чогултуп, жылуу кийимдерди, дары-дармектерди, эки-үч күнгө жеткидей тамак-аш, суу даярдаңыз.
– Өрт өчүрүүчү приборлорду оңой жерге коюңуз.
Жер титирөө учурунда ...- -
– Жер титирөөнү байкаар замат имараттан сыртка, ачык жерге чыгууга аракет кылыңыз. Лифтти колдонбоңуз. – Сыртка чыгууда кулап жаткан нерселерден, электр өткөргүчтөрдөн абайлаңыз.
– Сыртка чыга албай калсаңыз, терезеге, эмеректерге жакын турбаңыз. Эшиктин босогосуна же бөлмөнүн бурчуна турууга аракет кылыңыз. Же столдун астына отуруп калууга жетишиңиз.
– Эгер машинада кетип баратсаңыз, машинаны токтотуп эшигин ачып, машинадан түшпөй отуруңуз. Бирок, жакын жерде көп кабаттуу имараттар болсо, алысыраак токтотуңуз.
Жер титирегенден кийин...
– Үйүңүздүн бузулбаганына көзүңүз жеткен соң гана үйүңүзгө баш багыңыз. Абайлаңыз, урап түшүшү мүмкүн.
– Электр өткөргүчтөрүнүн, газдын абалын байкаңыз.
– Өрт чыгуу коркунучу жоктугун текшериңиз.
– Сууну сөзсүз түрдө кайнатып колдонуңуз.– Урап калган мекемелерди, имараттарды кыдыруудан качыңыз.
– Өз алдынча иш-аракеттерди жасоодон баш тартыңыз.
– Кайталануучу жер титирөөгө даяр болуңуз. Көбүнчө алар кошумча кыйроого алып келет.
Бир түндө жер менен жексен болгон айыл
Зилзаланын очогу. Жекшемби 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Жыйынтыгында, Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылды. Миңге жакын адам жашаган айыл барууга кыйынчылык туудурган тоолуу аймакта, райондун борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кырсыктын курмандыктары. Маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн 75 адам каза болгон. Мунун 73ү кырсык болгон жерде көз жумса, экөө ооруканадан кайтыш болгон. Каза болгондордун 39у аял, 36сы эркек. Алардын ичинен 41и мектеп жашындагы балдар.
Жаракат алгандар. 8-октябрдагы маалыматка караганда, 148 адам ооруканага ар кандай оордуктагы жаракаттар менен түшкөн.
Тактап айтканда, 96 адам Ош облустук балдар клиникасына, 16 адам Алай районунун аймактык ооруканасына, 36 адам облустук клиникалык ооруканага жеткизилген.
Турак-жайлар тууралуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Нура айылындагы 135 турак үйү толугу менен талкаланып калган. Болгону, фин стилинде жыгачтан салынган 5 жыгач турак жай жер титирөөгө туруштук бере алган.
Көп квартиралуу барак тибиндеги үй, фельдшер-аку шердик пункт, клуб жана китепкана толугу менен кулабаса да, керектен чыгып калган. Ал эми айылдык мектеп канааттандырарлык абалда.Өкмөттөн жардам
Президент К.Бакиев кырсыкка кабылган үй-бүлөлөрдүн ар бирине 200 миң сомдон үстөксүз ссуда берүүнү убада кылды. Мындан тышкары, президенттик фонддон 2 миллион сом, премьер-министрдин фондунан 2 миллион сом бөлүнөрү белгилүү болду. Эмки аптадан баштап тез курула турган, башкача айтканда, мобилдүү үйлөр салына баштайт. Баш-аягы 120дан ашык үй куруу талап кылынууда. Учурда Нура айылына электр энергиясы берилүүдө. 5 миң литр дизелдик күйүүчү май жана 5 миң литр бензин жеткизилген.
Айта кетчү нерсе, зилзала болгон жердеги элге гуманитардык жардамдар тынбай келүүдө.
Жер титирөө дагы кайталанабы?
Улуттук илимдер академиясынын сейсмологиялык институтунун жетекчиси Канат Абдрахмановдун билдирүүсүнө караганда, Алай аймагында болгон зилзаланын очогу же Кытай, же Ош тарапка жылышы мүмкүн. Мындан тышкары, түштүк аймагында жер титирөөнүн активдешүүсү 2012-жылга чейин уланат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө зилзала 2010-жылдан баштап активдеше баштайт.
Сөз соңунда мындан ары жаратылыш кырсыктарынын болбошун тилейбиз. Зилзаладан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жардам көрсөтүүнү каалагандардын эсине!
Зилзаладан жапа чеккендер үчүн Бишкек шаарынын мэриясы кайрымдуулук эсебин ачты. Жардам көрсөтүүнү каалагандар каражаттарын төмөнкү дарекке жөнөтүшсө болот:Э/с: 102 001 208 012 1054
БИК 102 001
Банк ГОПУ ОАО
«Кыргыз өнөржай курулуш банкы»,
Бишкек шаары
Ө/с: 200 802 615
Даярдагандар: Канымжан Усупбекова, Бахияна Сатылганова