ТУРУСБЕК АСЫЛГАЗИЕВ: «МЕНИ ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШ ӨЗҮ ТАНДАП АЛГАН»

Асылгазиев Турсунбек
Токтомушович 1984-жылдын 10-сентябрында Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлгөн.
Бою – 168 сантиметр, салмагы – 74 килограмм.
Уруш түрүндөгү самбо боюнча спорт чебери, Азиянын чемпионатында (2006) сыйлык ээси, жиу-житсу жана кулатуу боюнча КРнын чемпиону (2006, 2008), панкратион боюнча КРнын чемпиону (2007), Эл аралык “Боровое-2007” турниринин сыйлык ээси, панкратион боюнча Астанада өткөн (2006) Дүйнө чемпионатынын катышуучусу, КМШнын чемпиону (Темиртау-2008).
КМДТСАнын эркин күрөш бөлүмүнүн студенти.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
– Турсунбек, айтсаң, эрежесиз эр урушка кантип келип калдың эле?
– Мен эркин күрөш менен олуттуу түрдө алектенип жүрчүмүн жана максатым – өлкөбүздүн чемпиону болуу, кийин эл аралык мелдештерде мамлекетибиздин намысын коргоо эле. 2006-жылы өлкөбүздүн биринчилигинде финалда утулуп калгам. Ошондо аябай ызаланып, Спорт ордосунда паралелдүү түрдө өтүп жаткан уруш түрүндөгү самбого катышып, ал жактан финалга чейин жеткем. Финалда утулуп калсам да, таптакыр даярдыксыз өзүмдөн оор салмактагылар менен таймашып 2-орунду ээлегендигиме аябай кубангам. Ошондо эркин күрөш боюнча КРнын чемпиону боло албай, ызамды ушинтип чыгарып алгам. Менин алгачкы машыктыруучум Бакыт Байдөөлөтов. Кийинчерээк Эмил байке менен таанышып, ал мени эрежесиз эр урушка кызыктырып кетти. Бир сөз менен айтканда, эрежесиз эр урушту мен эмес, ал мени тандап алган десем болот.
– Эрежесиз эр уруш сени эмнеси менен тартып кетти? Эмне үчүн спорттун эң катаал түрүн тандап алдың?
– Чынын айтсам, мунун себебин өзүм да билбейм. Эрежесиз эр уруш мага алгач кызыгуу, кумар болсо, бара-бара жумуш болуп калды. Эркин күрөш боюнча машыктыруучулар да көпкө чейин чакырышып “эркин күрөштү таштаба, эрежесиз эр урушту эмне кыласың?!” деп жүрүштү. Бирок, мен ушул жолду тандаганыма өкүнбөйм.
– Ата-энең, жакындарың да каршы чыгышса керек...
– Албетте, башында ата-энемдер каршы болушкан. “Эркин күрөш менен эле машыга бербейсиңби? Мушташты эмне кыласың?!” - дешкен. Кийинчерээк: “Өзүң чеч, сага жакса болду. Башкысы, ден соолугуңду жакшы кара”, - деп калышты. Азыр ата-энем спорттон алыс кишилер болсо да, ар бир беттешиме кызыгып, колдоп турушат. Аларды беттешиме келтирбейм. Байкелерим дайыма келип көрүшөт.
– Ата-энең спорттон алыс кишилер экен, спорт жолуна түшүп калышыңа ким себепчи болгон?
– Үй-бүлөдө 8 биртууганбыз, 4 уул жана 4 кыз. Мен эң кенжесимин. Менин спортчу болушума байкелерим себепчи болушкан. Алар эркин күрөш менен алектенгендиктен, алардын аркасынан мен да кызыгып кеткем. Эркин күрөш менен 9-класстан баштап олуттуу түрдө машыга баштагам. Райондун, облустун деңгээлиндеги мелдештерге катышып, бир нече жолу жеңүүчү аталгам. Окуу жагынан да алдыңкы окуучулардын катарында элем.
– Кепти кайра эрежесиз эр урушка бурсак. Эрежесиз эр урушка чыгуунун зарылчылыгы эмнеде? Оор жаракатка кабылып, майып болуу коркунучу бар эмеспи...
– Негизи, спорттун кайсы түрүндө болбосун туура машыкпасаң, жаракатка кабылып калышың мүмкүн. Беттештерге чыгып жатып, ар бир мушкер “өз каалоом менен мушташып жатам, бирдеме болсо уюштуруучуларга доом жок” деп атайын кагазга кол коёт. Албетте, камсыздоо да бар . Жаракатка кабылсак, уюштуруучулар дарылоого каражат төлөп беришет.
– Эрежесиз эр уруштан эмнелерди иштеп таптың?
– Эң алгач чоң суммадагы сыйлыкка быйыл Казакстанда өткөн мелдеште ээ болгом. Жакында Жалал-Абадда өткөн Түштүктүн ачык чемпионатында жеңип чыгып, автоунаа утуп алдым.
– Канча жолу жеңилүү ызасын тарткан­сың?
– Эрежесиз эр уруш менен жаңыдан алектенип баштаган жылы Астанада өткөн панкратион боюнча Дүйнө биринчилигинде Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, башкыр улутундагы атактуу орусиялык Венер Галиевге уттургам. Азырынча менин эсебимде ошол жеңилүү гана бар. Буюрса, аны менен кайра беттешип, реванш алуу тилегим бар.
– Ар бир мушташчу эрдин өзүнө тиешелүү мушташуу стили болот. Сен мушташканда кандай ыкмаларга басым жасайсың?
– Башында күрөш менен машыккандыктан, көбүнчө күрөштүн ыкмаларын колдоном. Анан, албетте, машыктыруучум Эмил Токтогонов үйрөткөн тай бокстун ыкмаларын да активдүү пайдаланам. Ошентсе да, соккулардын аркасында эмес, көбүнчө муунтуу же кол кайруу ыкмаларын пайдаланып, жеңүүнү адатка айланткам. Азырынча 20дан ашуун беттеш өткөргөм, бардыгы мөөнөтүнөн мурда аяктаган.
– Мушташып жүргөн псевдонимиң жөнүндө айта кетсең...
– Алгач мен атамдын атынан Токтомуш деп чыгып жүрдүм. Кийинчерээк жөн гана Бек деп мушташтым. Аягында «Стронг» борборунда такай машыгып, Эмил байке менен биргеликте Стронг дегенге (англисчеден “күчтүү” дегенди билдирет) токтолдук.
– Негизи эле эрежесиз эр урушта машыктыруучунун ролу кандай?
– Ролу зор. Машыктыруучум ар бир ийгилигимдин себепчиси. Ал беттеш алдында шыктандырат, беттештин жүрүшүндө атаандашыңдын кемчилик жактарын айтып, “мындай кылып аракеттенсең утасың” деп турат. Кээде машыктыруучум жанымда жок болуп калса, телефон аркылуу настрой берет. Атаандашым жөнүндө сурап, аны сүрөттөп бергенден кийин “анда минтсең утасың” деп кеңеш берген учурлары болот. Айта кетчү нерсе, Эмил байке менин машыктыруучум гана эмес, промоутерим да болуп саналат.
– Кумириң барбы?
– Акыркы мезгилде орусиялык Федор Емельяненконун мушташуу стили аябай жагып жүрөт. Ал канчалык мыкты болбосун, дайыма токтоо, эмоцияга алдырбайт. Атаандашынын бетине да тиктебей, акырын утуп, рингден чыгып кетет. Жашоодо да абдан жөнөкөй.
– Карьераңды качанга чейин улантсам дейсиң?
– Кудай ден соолук берсе, алдыда чоң жеңиштерге жетишүү максатым бар. Эрежесиз эр урушта 30 жаш – карьеранын туу чокусу деп эсептелет. Учурда Орусия, АКШ, Нидерландыга беттештеримдин тасмаларын, резюмелеримди жөнөткөм. Сунуштарды күтүп жатам.
– Жеке жашооңо келсек, сүйлөшкөн кызың барбы? Качан үйлөнөйүн деп жатасың? Үй-бүлөдө эң кенжеси болгондон кийин ата-энени кароо милдети бар да...
– Ооба, ал жагы бар, бирок, менин ордума байкем ата-энем менен чогуу. Алар мага “эми кылган ишиңдин аягына чыгар, спортто бир нерсеге жетиш” деген ниеттерин айтышкан. Учурда сүйлөшкөн кызым жок.
– Алдыда кандай мелдештерге даярдык көрүп жатасың?
– Жакында панкратион боюнча Иранда өтүүчү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатам. Ошондой эле вале тудо боюнча «Ормон хандын» кубогу күтүп турат. Жылдын аягында Санкт-Петербургда өтүүчү урушуу түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө биринчилигин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анткени, ал жакта Венер Галиевден реванш алуу жана кумирим Федор Емельяненко менен жолугушуу болмокчу.

Даярдаган Базарбек Абдураимов e-mail: sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 310, 10-17-октябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан