Атайын торго түшүүнү чечтик
“Алло, саламатсыздар. Редакциябы? Мен сиздерге бир маселеден улам кайрылып жатам. Ооруган жеримди текшертейин деп республикалык диагностикалык борборду көздөй баргам. Диагностикага жакын жерде үймөлөктөшкөн адамдардын бири текшерилгени келгенимди угуп: “Бул жакта кечке зарыгып кезек күтөсүз. Андан көрө биздин диагностикалык борборго барсаңыз бир сааттын ичинде бүткүл организмиңизди текшерип, диагноз коюп, дары чөптөрдү беребиз. Химикаттарга караганда чөптөр менен дарылануу организмге кыйла пайдалуу”, - деп мага уйгактай жабышып алды. Ал кишини ээрчип, айткан жерине барып текшерилген соң диагнозду көрүп эстен тана сактадым. Көрсө, менин оорубаган жерим жок экен. Врач мени сооротуп: “Мына бул чөптөрдүн аралашмасын ичсеңиз баланча, түкүнчө оорулардан айыгасыз”, - деп шыпылдай дарыларын бере салды. Ошентип, доктурга көрүнөйүн деп эптеп чогулткан акчамдын баарын коротуп келе бергем. Ал дарылары таасир деле бербеди. Баягы ооруган жерлерим күчөгөнү болбосо, айыккандай түрү жок. Алардын калп эле элди алдап акча таап жүргөндөрүн эми угуп отурам. Ошолорду өзүңөр карап чыгып жазсаңар, мага окшогон карапайым адамдарды андай алдамчылардын торунан сактап калган болор элеңер”.
Бул эже өңдүүлөр редакцияга далай ирет телефон чалышып, кат жазышып, өзүлөрү келип кайрылышып, айтор, карапайым элди алдап акча жасагандар тууралуу жазуубузду өтүнүп келишет. Эженин кейиштүү окуясынан улам биз журналисттик иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечтик. Иликтөөгө республикалык диагностикалык борбордун тажрыйбалуу врачтарынын жардамы тийди. Даярданып барып, диагностикалык борбордун жанында “бир саатта диагноз коюп беребиз” дегендердин торуна атайын илинип көрдүк. Жыйынтыгы төмөндөгүчө...
«Бир сааттын ичинде 18 органыңызга диагноз коюп беребиз»
Таң эрте диагностикалык борбордун жанынан бир байке жолумдан тосту.
– Чоң кыз, диагностикалык борборго бара жатасыңбы?
– Ооба.
– Мен сизге тамырдын кагышы аркылуу компьютердик диагностикага текшерилүүнү сунуш кылат элем. Сиз бир сааттын ичинде тамырыңыздын кагышы аркылуу башыңыздан баштап бутуңуздун тырмагына чейин бүтүндөй органыңызды текшерүүдөн өткөрөсүз. Жалпы организмиңизде кандай оорулар бар экенин жана алардын себебин таап, толук диагноз коюп беребиз.
– Сиз ал жерде ким болуп иштейсиз?
– Консультант. Атым Жумгалбек М.
– Сиз айтып жаткан борбор республикалык диагностикалык борбордон эмнеси менен айрымаланат?
– Бизде ыңгайлуу шарттар көп:
биринчиден, биздин компьютердик диагностика Орусиянын сапаттуу аппараты менен иштейт. Ошондой эле Орусиядан алынып келген чөптөн жасалган дарылар (БАД) берилет. Мындай дарылар бизде гана бар, башка дарыканаларда сатылбайт.
Экинчиден, бизден бүтүндөй организмиңизди 1000 сомго гана текшерте аласыз. Ал эми республикалык диагностикалык борбордо бир органды текшертүү үчүн эле 500 сомго чейин акча коротосуз. Ал оорунун себептери кайдан келип чыкканын билбей эле сизге антибиотиктерди жазып берип коюшат. Алар химикаттар да. Ар бир орган бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Оорунун себебин билиш үчүн толук текшерүүдөн өтүү керек.
Үчүнчүдөн, УЗИге түшүп ашыкча зыяндуу нурларга кабыласыз. А бизде ансыз эле текшерүүдөн өтсөңүз болот.
Төртүнчү дагы бир артыкчылыгыбыз, ал жерден кечке зарыга кезек күтөсүз. А мен сизди алып барып, доктур менен сүйлөшүп киргизип коём. Жүрүңүз, мен сизди такси менен бекер эле жеткирип коём.
– Чын элеби?
– Ооба.
– Анда жүрүңүз, кеттик. «Дени соо адамга 5505 сомдук дарыларды жазып беришти»
Мен журналист экендигимди айткан жокмун. Бекер таксиге түшүп, айтылуу медициналык борборго жөнөдүк. Жеткенче Жумгал байке иштеген жерин болушунча мактап барды. Орусиялык медициналык борбор десе мен укмуштуудай элестеткен элем. Машинадан түшүп, кадимки дарыкананы көздөй бастык. Мени текшертип отурбай эле дары алдырып салайын деп жатса керек деп ойлогом. Көрсө, бул имаратка бадырайта “дарыкана” деп жазылганы менен ичине кирсек, айтып жаткан компьютердик диагностика борбору экен. Терезесине араң окулган “Пульсовая диагностика” деген жазуу жабыштырылыптыр. Кирип-кире электе эле Жумгалбек байке шашыла: “Акчаңызды бул жакка төлөңүз”, - деп бир эжени көргөздү. 1000 сом акчаны төлөгөн соң квитанция сурасам “квитанция бере турган адам келе элек, текшерилип чыккандан кийин берели” деп койду.
Кирип барсам бөлмө ичинде доктур менен чогуу санаганда үч адам бар экен. Уйкусурап отурган врач менен учураштым. “Кайсы жериңиз ооруйт?” деп сураганынан такыр эле оорубаган жерлеримди айттым. Тактап айтканда, жүрөгүм, бөйрөгүм, анан боорум ооруйт дедим. Тамырдын кагышы аркылуу компьютерден текшерген соң: “Ооба, оорулуу экенсиң. Тезинен дарыланышың керек”, - деп диагнозду, иче турган дарыларды бир кагазга толтура жазды да: “Эми сыртта кыздар отурат. Аларга бул баракты көргөзсөң дарылардын баасын жана ичүү тартибин жазып беришет”, - деп узатты. Сыртта отурган Айнура аттуу эже мага жалпы суммасы 5505 сомдук дарыларды жазып берди. Кетерде жанагы ала албай калган квитанцияны, диагноз жазылган баракка мөөр коюп берүүнү сурансам, ар кайсы шылтоону айтышып, өтүнүчүмдү аткарбай коюшту.
Ак халатты кийип отуруп алып, дени соо адамды заматта соо жери жок оорулуу кылгандарына таң калбай коё албадым. Мындай кырдаалга менден бөлөк канча адамдар кабылышты экен? Албетте, мен коюлган диагнозго ишенген жокмун. Ошентсе да, ишенимдүү жерге барып текшерүүдөн өтүүнү чечтим. Колума берилген диагнозду көтөрүп алып, аны тастыктоо үчүн республикалык диагностикалык борборго барып текшерилсем, бири да туура чыккан жок. Жүрөк, боор, бөйрөгүм кудай жалгап, соо экен. Менин окуямды угуп, колумдагы диагнозду көргөн врачтар: “Өлөрүңө үч күн калды” деген диагноз коюп беришкен экен да”, - деп күлүштү.
«Шылуундардын капканына карапайым адамдар түшүп жатат»
Дени-кардым соо экенине көзүм жетип, көңүлүм тынчыган соң республикалык диагностикалык борбордун башкы врачы САУЛЕ Үчкемпированы кепке тарттым.
– Республикалык диагностикалык борбордун алдында үйүлүп, ары-бери өтүп жаткан адамдарды токтотуп алып баракча тараткан адамдар кимдер?
– Алардын көпчүлүгү жумушсуздар. Өздөрүн “консультантмын” деп тааныштырып, ооруган адамдарды чогултуп алып айтылуу диагностикалык борборуна алып барышат. Алар жасап жаткан иштерин аягына чейин түшүнүшпөсө керек. “Ортодон бир аз акча таап алам” деп оорулуу адамдарды жолдон адаштырышат. Оорулуу адамдардын алтынга тете убактысын, акчаларын алып, канчалаган өмүрлөргө зыян келтиришет. Алар рекламалап жатышкан диагностикалык борборлордо тамырдын кагышы аркылуу диагноз коюп, витаминдерди жазып беришет. Аларга кайрылган адамдар убактысын, каражатын кетирип дарыланып жүрө беришет. Оорусун күчөтүп, онкологиялык илдеттери үчүнчү, төртүнчү стадияга жеткенде бизге кайрылышат. Анан алдангандарын билген соң көз жашын төгүшүп: “Мындай шылуундарды жоготпойсуздарбы! Эмне үчүн эч нерсе кылбайсыңар?” - деп капаланышат.
– Чын эле мыдай ишмердүүлүк менен алектенгендерге каршы эмне кылдыңыздар эле?
– Биз милиция кызматкерлерине кайрылганбыз. Бир нече жолу кууп кетирген элек. Болбой эле: “Бизди кубалаганга укугуңар жок, биз жолдо эле турабыз”, - деп келип алышат. Жумушка кирип келе жатып мен да: “Уят деген болуш керек. Канча адамдардын каргышына каласыңар. Өзүңөрдүн туугандарыңарды жөнөтөт белеңер ошол жактарга?” - деп урушуп калам. Унчугушпайт. Мындайларга каршы мыйзам жок болсо да, ар бир инсанда жок дегенде уят деген мыйзам болуш керек.
– Сиз айтып жаткан шылуундардын капканына кандай адамдар түшүп жатышат?
– Карапайым адамдар түшүп жатышат. Мындай шылуундуктан кабары жок адамдар бат ишенишет. “Убактымды, акчамды үнөмдөйм” деп ден соолугун чоң капканга түшүрүп алышат. Ошентип, булар айылдан уюн, жылкысын, жыйнаган түшүмүн сатып, акыркы акчаларын алып дарыланайын деп келе жаткан адамдарды жолдон чыгарышат.
Кесиптешинин кебин Базаркулова Дилназа аттуу врач кардиолог-дерматолог да ырастады.
– Тамырдын кагышы аркылуу компьютердик диагностика борборуна кайрылып, анан бизге келген адамдардын саны көп. Алыс кетпей эле менин жакын туугандарымдын кызы кабылган окуяны айтып берейин. Кызыбыз бир нече жыл мурун айтылган борборго кайрылганда “үч жериңде залалдуу шишик бар” деп диагноз коюшкан экен. Өзү жапжаш эле кыз болсо, рак деген оңой эмес илдет да. Кызыбыздын маанайы чөгүп, эрте күндө өзүн тиги дүйнөгө даярдап койгон. Улам бирибиз айтып жатып араң көндүрүп, кайра текшерүүдөн өткөзсөк, эч кандай шишик жок болуп чыккан. Кийин ал кызды депрессиядан чыгаруу кыйынга турган.
Даярдаган Бактыгүл Сокушова