Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БИР ҮЗҮМ ҮМҮТ

№458 12-18-август, 2011-жыл


ТАЛКАЛАНГАН КЫЯЛ
– Апа, Касен байке келет экен!- деп кубанычы койнуна батпай сырттан чуркап келген Бермет апасына жадырай тигилди.
– Акырын, чоңойгонуңду билсең боло! Касен байкең келсе эмне кылайын?- деген апасы очоктун башында нан бышыруу менен алек. Кыздын жүзү томсоро түшсө да, карегинде жанган кубанычы өчкөн жок. Алып келген суусун ары коюп, кичине колдору эпилдей апасына жардамдаша кетти.
Касен – коңшусунун баласы. Өзүнөн 6 жаш улуу. Апаларынын айтымында, Касен байкеси аны кичине кезинен эле ыйласа көтөрүп, жонуна мингизип, өзгөчө жакшы көрчү экен. Кийин секелек кезинде чакаларын көтөрүшүп келип, кош өрүм чачынан аста тарта эркелете тиктеп койчу. Кыздын кичине жүрөгү ошол мээримге куса болуп жүргөн эле. Эми Касен байкеси мектепти бүтүп, чоң окууга тапшырып кеткенден бери биринчи жолу келиши.
Ошол кечте үйдө коноктордун камы менен алпурушкан кыз идиштерин жууп бүтүп, жата турган бөлмөсүнө бет ала бергенде өрүктүн түбүндө өзүн тиктеп жылмайып турган жигитти көрдү.
– Ой, сиз кайдан?
– Каникулга келдим бүгүн. Сууга барабы десем көрүнбөйсүң. Жанатан бери тиктеп турганымды да байкабадың.
Жакын келген жигиттен жагымдуу жыт урду. Кыздын назик денеси титиреп кетти.
– Оо, боюң да өсүп кетиптир. Карасаң, мага жетейин деп калыпсың,- деп бойлошо калган жигит кызды каруудан алды да, кучагына тарта берди. Карылуу жигиттин кучагына кантип киргенин, таттуу, жылуу эриндер жүзүн, эрдин аймалап жатканын элес-булас билет. Так ушул күндөн баштап Берметтин жүрөгүндө Касен деген ысым түбөлүккө орун алды. Сунала бой жеткен кызга көз арткандар да көп эле. Бирок анын жүрөгү жалгыз Касенге арналып, өмүрү күтүүгө айланган болчу. Кыялында мектепти бүтөрү менен борборго барып, Касендин жанында болмок. Бирок анын кыялы кыял боюнча гана кала берди.
Бермет ал күнү мектепти бүтүрүү кечесине даярданып, маанайы шат эле. Сырттан шашып кирген апасы алаканын шак чаап калды.
– Касен аял алып келе жатыптыр шаардан. Сайра жеңе “көшөгө-пөшөгө илиш” деп чакырып жатат. Тур, жардамдаша кал.
– Кандайча? Кантип? Касенби?- деп эриндери араң кыбыраган кыздын көздөрү бакырайып кетти. Апасы сыртка чыгып кеткенде буттары бүгүлө алы куруп баратканын сезди. Ыйлай албады. Эки ийини дирилдеп, көкүрөгүндөгү оордукту гана сезди. Бул жолу Касен аны баягы өрүктүн түбүнөн күтүп албады, ага арнап белек бербеди. Коңшу үйдө той шааниси өкүм сүрүп, тамдын аркы бетинде эле өрүк түбүндө бүк түшүп, дагы да болсо сүйүктүүсүн күтүп отурган кызды эч ким ойлогон жок.

СЕЗИМ САТКЫНЫ
Шаардын кыйма-чийме машиналарынан жүдөгөн Касен кыжырдана машинасынын рулун алаканы менен чаап калды. Кечке иштеп чарчаган жаны үйүнө барып, тынч эс алгысы келип турган. Үйүнүн босогосун аттай берип көнүмүш көрүнүшкө күбө болду. Чоң күзгүнүн алдында өзүнө суктана тигилип коюп, аялы боёнуп жаткан экен. Ашканага кирип, идиш жуулбай, тамак жасалбай турганын көргөн Касен жипкире түштү.
– Кечке үйдө отурдуң, тамак жасап койсоң болбойт беле?- деди ал үнүн болушунча токтоо чыгарып.
– Эмне, мен сага служанкамынбы? Кафеден тамак ичип келип жүр деп айттым эле го.
– Эй, көк мээ, аялдын милдети тамак жасоо экенин билбейсиңби?!- деген Касендин жини кайнап кетти.
– Кыйкырба мага! Папам болбосо кайда жүрөт элең, билесиңби? Папамдын аркасы менен кыйын болуп алып мага үн көтөргөндү ким коюптур сага?!
Мындан аркыга чыдай албады. Аялынын алдындагы столду тээп жибергенин, кантип колу шилтенгенин билбей калды. Аздан соң эшигин тарс жаап, машинасын айдап белгисиз тарапка багыт алды. “Эй, меники да жашообу? Же бала төрөп берип бакытка балкытпаса, же аял катары милдетин аткарбаса... Урдум ушул жашоону!” деп күбүрөнүп баратып алдында келе жаткан машинаны байкабай калган экен.
Жол кырсыгына кабылган Касен ооруканадан өзүнө келди. Көзүн ача албай жатып жүзүн назик сылап жаткан колдун жылуу илебин сезди. Мындай мээримдүү, кичине алакан бир гана адамда бар эле го? Касен көп жылдар бою өзүнө эмне жетпей жүргөнүн бүгүн түшүнүп, бүгүн мойнуна алды. Ал аялдык мээримге, сүйүүгө, үй-бүлөлүк бакытка куса болуп жүргөн турбайбы. Бул чындыктан жүрөгү кансырап, сезими ыйлап жатты.
– Касен байке, ойгонсоңуз, көзүңүздү ачсаңыз!- деген үн ага тааныш сезилди. Эптеп көзүн ачып, өзүнө тигилип ыйлап турган кызды көрдү. Жүрөгү булкуп кетти.
– Сен... сен Берметсиңби? Сен кайдан?
– Ушул жерде медсестра болуп иштейм, Касен байке. Оор абалда экениңизди көрүп көз жашым токтобой кетпедиби...
Эми Касендин да көзүнүн жашы каканактап кетти.
– Бермет, карындашым менин! Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө? Оо, 6 жылга чукулдап баратканбы дейм... Кандайсың анан?
– Жакшы, азыр сизге эс алуу керек!- деп палатадан чуркап чыкты кыз. Антпесе болбойт эле. Жүрөгүнүн кагышын угузбаганга аракет кылды.
Ушинтип жолугушту алар. Ошол күндөн баштап Касендин машинасы Бермет иштеген оорукананын алдында көпкө туруп калчу болду. Азыр да Берметти көрүп, алдынан утурлай чыкты.
– Болбодубу эми, мынча эмне кыйнайсыз? Келбеңиз деп айттым го.
– Үйүңө жеткирип коёюн дегем.
– Эми биздин жолдор бирикпей калды го, Касен байке...
– Антип айтпачы, сенин деле мени күтүп жатканыңды сезем.
– Туура айтасыз, ал чындык. Секелек кезден каныма, дилиме сиңип кетипсиз. Сизди унутуш үчүн эмне гана кылбадым. Аны эч нерсе, атүгүл мезгил дагы дарылай албады. Баарын билип туруп, сезип туруп мени мансапка, мансаптуу адамдын кызына айырбаштап кеттиңиз. Сиз сезим саткыны болдуңуз. Сиз... сиз!- туттугуп кеткен кыздын дирилдеген эриндерине тиктеп туруп Касен чыдабай кетти. Эки аттап жетип, бооруна кыса эриндеринен ысык өптү. Бермет колдору шалдая эркине көнүп берди.
– Мына, тозок кайрадан башталды. Эми мен кайрадан сиздин туткуну­ңузмун!- деди ал жаш аралаш күбүрөй.
– Жок, туткунум эмес­сиң. Сен менин бир үзүм үмүтүмсүң! Биз баарын башынан баштайбыз. Ишенчи мага, жашоодо жалгыз гана сен керек экенсиң.
Аздан соң Касен жоготкон бактысына көзү тойбой тоо тарапка айдап бара жатты. Экөөнүн тең жүзүнөн бакыт нуру төгүлөт. Кызык, адамга аз гана бакыт керек экенин учурунда байкабай колдон чыгарып жиберет турбайбызбы.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
15.08.2011. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
29-06-2011
Соӊку аракети:
24-08-2018 16:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуржамал Жийдебаеванын чыгармалары чындыгында эле аябай жакшы. Мага жагат. Ракмат сизге эжеке!
15.08.2011. 13:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
28-06-2011
Соӊку аракети:
25-12-2011 03:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
SweetLady,китептин аты эмне? бул чыгарманы кайдан окусак болот.
15.08.2011. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
06-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Уландысы жокпу?
15.08.2011. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-11-2010
Соӊку аракети:
31-01-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
эркектер ушундай, башына тушуп кыйналгандан кийин анан жакшы адамдын баркын билишет
18.08.2011. 00:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
24-04-2011
Соӊку аракети:
25-07-2012 20:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
санкт петербург
0
Munika, ооба тураа айтын канча жыл откондон кийин аран унутуп келе жаткан сезимдерди козгошот
21.08.2011. 01:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
11-06-2018 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
aikoledi, Башыңардан өткөн го ээ
16.08.2011. 06:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
13-11-2009
Соӊку аракети:
03-03-2015 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алтын тор
0
Соз жок. Бардык чыгармаларда эле аягы жакшы менен бутуп калат го, эмнеге?
16.08.2011. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
кызыктуу экен, мага жакты
16.08.2011. 22:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-08-2011
Соӊку аракети:
16-11-2011 09:55
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен, жакты!!!
17.08.2011. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
462
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
jakshyken, dagy kutobuz....
17.08.2011. 12:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-08-2011
Соӊку аракети:
05-05-2012 03:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG
0
Гууд, мага жакты!!!
18.08.2011. 10:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
15-12-2014 17:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма экен. Эн башкысы кыйынчылыктарды женип бактылуу болушуптур!!!
18.08.2011. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
28-03-2011
Соӊку аракети:
15-09-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун чыгарма экен. Жазганыңызга рахмат Нуржамал эже.
18.08.2011. 14:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-08-2011
Соӊку аракети:
28-10-2011 00:55
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысын окугум келип жт,аябай жакты
19.08.2011. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
03-07-2011
Соӊку аракети:
27-07-2018 11:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эркектердин аялдарга караганда акылы аз болот.Бакытты акча менен курууга болбойт,бактын болсо бардыгы табылат да.Бирок кеч болсо да ойлонгону жакшы болду
21.08.2011. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
11-06-2018 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
gunsNroses,Беш кол бирдей эмес чоң кыз.Айымдардын акылы чачынан кыскалары толтура
21.08.2011. 01:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
13-08-2011
Соӊку аракети:
23-09-2011 01:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
ajabai kyzyktuu eken.ulandysy jokpu?
21.08.2011. 02:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
06-08-2011
Соӊку аракети:
28-01-2012 03:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
кызыгына келгенде бутуп калыптырго
22.08.2011. 01:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
27-05-2011
Соӊку аракети:
15-03-2018 07:50
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен. уландысы жокпу
08.09.2011. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-09-2007
Соӊку аракети:
02-02-2018 16:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Аябай жакшы жазылган экен, жашоодогу чындыкты жазган.
12.09.2011. 03:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
07-06-2013 18:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург шаары
0
Кандай гана сонун окуя.Сен жакшы коргон адам сени да жакшы корсо кандай гана бакыт!Мен да чын дилимден суйгум келет!
17.09.2011. 20:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
11-09-2011
Соӊку аракети:
19-05-2012 02:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Hannover
0
Aitpa JazgulA, saga koshulam, sen syigon adam seni da syiso kandai keremet, jashoonun manyzy dep oshonu ait.
31.10.2012. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
19-10-2012
Соӊку аракети:
27-02-2017 03:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал абад.АКСЫ
0
аябай кызыктуу экен. чыгармачылыгынызга ийгилик ЭЖЭКЕ.
01.06.2013. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
14-09-2018 14:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал-Абад
0
оо жараткан менде кеч болсода суйгон адамым менен жашасам жакшы болмок, мен учун арыз жашоо эптеп гана отуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: