33 жашында көз жумган легендарлуу актёр Брюс Линин пальтосу Гонконгдогу аукциондон 77 миң долларга сатылды. Бул пальтосун актёр акыркы жолу тартылган «Өлүмдүн оюну» тасмасында кийип жүргөн. Эске салсак, Брюс Ли күрөш искусствосун жана кунг-фуну Америкада жана Европада кеңири жайылткан актёрлордун бири.